Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмүн жана 2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмүн бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-июлу № 460
2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмүн жана 2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмүн бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 512 токтомунун редакциясына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмү 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмү 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги:
1) 2026-2027-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары жана орто кесиптик билим берүүнүн ведомстволук билим берүү уюмдары боюнча мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча билим алуучуларды кабыл алуу планын бекитсин;
2) жогоруда көрсөтүлгөн пландын алкагында педагогикалык багыттар боюнча жогорку кесиптик (бакалавр, адистик) жана орто кесиптик билим берүү программаларына бөлүнүүчү мамлекеттик билим берүү гранттарын (Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына бөлүнгөн гранттарды кошпогондо) каржылоонун ваучердик механизминин моделин пилоттук апробациялоону жүргүзсүн:
- педагогикалык билим берүү (бакалавр) - 1804 грант;
- педагогикалык билим берүү (адис) - 20 грант;
- билим берүү жана педагогикалык илимдер - 625 грант;
3) 2026-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында мамлекеттик билим берүү гранттарын жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө жыйынды отчетту берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги:
1) 2026-2027-окуу жылында мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алып жаткан адамдардын окуусун каржылоону республикалык бюджетте тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде камсыз кылсын;
2) Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн ведомстволук билим берүү уюмдары боюнча 2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча билим алуучуларды кабыл алуу планын бекитсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.Касымалиев | |
| 1-тиркеме |
2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун КӨЛӨМҮ
| Код | Адистик | Гранттардын саны |
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | 150 | |
| 530000 | Гуманитардык илимдер (бакалавр) | 150 |
| Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | 125 | |
| 770000 | Аскердик билим берүү (бакалавр) | 125 |
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 20 | |
| 530000 | Гуманитардык илимдер (магистр) | 19 |
| 580000 | Экономика жана башкаруу (магистр) | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 510 | |
| 560000 | Саламаттык сактоо (адис) | 430 |
| 560000 | Саламаттык сактоо (бакалавр) | 55 |
| Эксперименталдык окуу планы | Медициналык инженерия (бакалавр) | 25 |
| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги | 212 | |
| 570000 | Маданият жана искусство (адис) | 202 |
| 550000 | Педагогикалык билим берүү (бакалавр) | 10 |
| Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги | 8138 | |
| 510000 | Физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика (бакалавр) | 324 |
| 510000 | Физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика (магистр) | 35 |
| 520000 | Табигый илимдер (бакалавр) | 192 |
| 520000 | Табигый илимдер (магистр) | 20 |
| 530000 | Гуманитардык илимдер (бакалавр) | 519 |
| 530000 | Гуманитардык илимдер (магистр) | 76 |
| 540000 | Социалдык илимдер (бакалавр) | 115 |
| 550000 | Педагогикалык билим берүү (бакалавр) | 1999 |
| 550000 | Педагогикалык билим берүү (магистр) | 101 |
| 550000 | Педагогикалык билим берүү (адис) | 20 |
| 560000 | Саламаттык сактоо (адис) | 150 |
| 570000 | Маданият жана искусство (бакалавр) | 100 |
| 570000 | Маданият жана искусство (магистр) | 5 |
| 570000 | Маданият жана искусство (адис) | 60 |
| 580000 | Экономика жана башкаруу (бакалавр) | 147 |
| 580000 | Экономика жана башкаруу (магистр) | 105 |
| 590000 | Маалыматтык коопсуздук (бакалавр) | 114 |
| 590000 | Маалыматтык коопсуздук (магистр) | 10 |
| 600000 | Тейлөө тармагы (бакалавр) | 50 |
| 610000 | Айыл чарбасы жана айыл чарба илимдери (бакалавр) | 270 |
| 610000 | Айыл чарбасы жана айыл чарба илимдери (магистр) | 40 |
| 610000 | Айыл чарбасы жана айыл чарба илимдери (адис) | 130 |
| 620000 | Геодезия жана жерге жайгаштыруу (бакалавр) | 65 |
| 620000 | Геодезия жана жерге жайгаштыруу (магистр) | 38 |
| 620000 | Геодезия жана жерге жайгаштыруу (адис) | 30 |
| 630000 | Геология, пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо жана иштетүү (бакалавр) | 20 |
| 630000 | Геология, пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо жана иштетүү (магистр) | 15 |
| 630000 | Геология, пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо жана иштетүү (адис) | 172 |
| 640000 | Энергетика жана электроэнергетика (бакалавр) | 275 |
| 640000 | Энергетика жана электроэнергетика (магистр) | 25 |
| 650000 | Материалтаануу, металлургия жана машина куруу (бакалавр) | 120 |
| 650000 | Материалтаануу, металлургия жана машина куруу (магистр) | 20 |
| 650000 | Материалтаануу, металлургия жана машина куруу (адис) | 20 |
| 670000 | Транспорт техникасы жана технологиялар (бакалавр) | 134 |
| 670000 | Транспорт техникасы жана технологиялар (магистр) | 20 |
| 670000 | Транспорт техникасы жана технологиялар (адис) | 25 |
| 680000 | Прибор куруу (бакалавр) | 30 |
| 680000 | Прибор куруу (магистр) | 15 |
| 690000 | Электроника, радиотехника жана байланыш (бакалавр) | 160 |
| 690000 | Электроника, радиотехника жана байланыш (магистр) | 20 |
| 700000 | Автоматизация жана башкаруу (бакалавр) | 190 |
| 700000 | Автоматизация жана башкаруу (магистр) | 55 |
| 710000 | Эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар (бакалавр) | 875 |
| 710000 | Эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар (бакалавр) | 40 |
| 720000 | Химиялык технология жана биотехнология (бакалавр) | 117 |
| 720000 | Химиялык технология жана биотехнология (магистр) | 25 |
| 730000 | Токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү (бакалавр) | 40 |
| 730000 | Токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү (магистр) | 10 |
| 740000 | Азык-түлүк продукттарынын жана керектелүүчү товарлардын технологиясы жана өндүрүшү (бакалавр) | 145 |
| 740000 | Азык-түлүк продукттарынын жана керектелүүчү товарлардын технологиясы жана өндүрүшү (магистр) | 20 |
| 750000 | Архитектура жана курулуш (бакалавр) | 400 |
| 750000 | Архитектура жана курулуш (магистр) | 55 |
| 750000 | Архитектура жана курулуш (адис) | 20 |
| 760000 | Техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология (бакалавр) | 105 |
| 760000 | Техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология (магистр) | 30 |
| Эксперименталдык билим берүү стандарты (мындан ары - ЭББС) | Жасалма интеллект жана машиналык окутуу (бакалавр) | 15 |
| ЭББС | Суу менеджменти (магистр) | 5 |
| ЭББС | Жер менеджменти (магистр) | 5 |
| ЭББС | Бизнес-аналитика жана статистика (бакалавр) | 25 |
| ЭББС | Бизнес-аналитика жана статистика (магистр) | 5 |
| ЭББС | Санариптик укуктар жана интеллектуалдык менчик (магистр) | 10 |
| ЭББС | Блокчейн технологиялары (магистр) | 10 |
| ЭББС | Саламаттык сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия (бакалавр) | 30 |
| ЭББС | Архивтаануу (бакалавр) | 15 |
| ЭББС | Математика жана компьютер илимдери (бакалавр) | 20 |
| ЭББС | Темир жолдорду эксплуатациялоо (бакалавр) | 25 |
| ЭББС | Темир жолдорду эксплуатациялоо (магистр) | 5 |
| ЭББС | Энергиянын кайра жаралуучу булактары (бакалавр) | 20 |
| ЭББС | Архитектуралык реновация (бакалавр) | 20 |
| ЭББС | Киберкоопсуздук (бакалавр) | 10 |
| ЭББС | Конфликтология (бакалавр) | 5 |
| Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кабыл алууда жеңилдиктер берилген адамдарга берилүүчү гранттар: | ||
| 2026-жылы жалпы республикалык тестте эң жогорку балл алган абитуриенттерди конкурссуз кабыл алуу үчүн гранттардын саны | 50 | |
| кабыл алуу үчүн гранттардын саны: I, II топтордогу майыптардын ичинен жарандарга, жеңилдиктери жана кепилдиктери боюнча согуштун катышуучуларына теңдештирилген адамдарга, бала кезден майыптарга; майып балдарга, жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга(*) | 500 | |
| болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгон адамдардын балдары үчүн гранттардын саны: - 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда; - 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусунда; - 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек жана Нарын шаарларында; - 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусунда; - 2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы окуяларда; - 2021-жылдын апрелинде Баткен облусунда; - 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында, ошондой эле кайрылман статусу бар адамдар үчүн | 20 | |
| чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздар үчүн гранттардын саны | 75 | |
| мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн гранттардын саны; Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын аткаруу үчүн гранттардын саны | 200 | |
| Жалпы | 10000 |
Эскертүү (*) Айыл жаштарынын ичинен (айыл мектептерин бүтүрүүчүлөр) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибине ылайык аныкталган квотанын алкагында гранттык окууга кабыл алынат.
| | | 2-тиркеме |
2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун КӨЛӨМҮ (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 512 токтомунун редакциясына ылайык)
| Код | Адистик | Гранттардын саны |
| Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги | 2341 | |
| 030000 | Гуманитардык илимдер | 30 |
| 050000 | Билим берүү жана педагогикалык илимдер | 800 |
| 070000 | Искусство жана маданият (сүрөт искусствосу жана колдонмо искусство) | 80 |
| 080000 | Экономика жана башкаруу | 100 |
| 100000 | Сервис, туризм жана маалыматтык коопсуздук | 35 |
| 110000 | Айыл чарба жана айыл чарба илимдери | 225 |
| 120000 | Геодезия жана жерге жайгаштыруу | 30 |
| 130000 | Геология, пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштетүү | 81 |
| 140000 | Электр жана жылуулук энергетикасы | 75 |
| 150000 | Машина куруу жана материалдар технологиясы | 20 |
| 190000 | Жер үстүндөгү транспорттун техникасы жана технологиялары | 145 |
| 210000 | Электроника, радиотехника жана байланыш системалары | 40 |
| 220000 | Автоматика жана башкаруу | 30 |
| 230000 | Информатика жана эсептөө техникасы | 240 |
| 240000 | Химиялык технологиялар | 20 |
| 250000 | Токой ресурстарын калыбына келтирүү жана кайра иштетүү | 10 |
| 260000 | Өнөр жай экологиясы жана биотехнологиялар | 60 |
| 260000 | Өнөр жай экологиясы жана биотехнологиялар (жеңил өнөр жай технологиялары) | 60 |
| 270000 | Архитектура жана курулуш | 195 |
| 280000 | Техносфералык коопсуздук жана жаратылышты жайгаштыруу | 50 |
| Эксперименталдык билим берүү стандарты | Гидротехникалык курулуш | 15 |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 1270 | |
| 060000 | Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер | 1270 |
| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги | 410 | |
| 070000 | Искусство жана маданият (сүрөт жана колдонмо искусство) | 96 |
| 070000 | Искусство жана маданият (искусствотаануу) | 24 |
| 070000 | Искусство жана маданият (маданияттаануу жана социалдык маданият) | 56 |
| 070000 | Искусство жана маданият (музыкалык искусство) | 186 |
| 070000 | Искусство и маданият (сахналык искусство) | 40 |
| 110000 | Сервис, туризм маалыматтык коопсуздук | 8 |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги | 60 | |
| 160000 | Аэронавигация жана авиациялык жана ракеталык-космостук техниканы эксплуатациялоо | 60 |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | 25 | |
| 050000 | Билим берүү жана педагогикалык илимдер (дене тарбия жана спорт) | 25 |
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 25 | |
| 080000 | Экономика жана башкаруу | 25 |
| Бардыгы | 4131 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.