Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 460 «2026–2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмүн жана 2026–2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмүн бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-июлу № 512
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 460 «2026–2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмүн жана 2026–2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмүн бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алууну камсыз кылуу, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 460 «2026–2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмүн жана 2026–2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмүн бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 3-июлунан тартып күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев | |
| Тиркеме | ||
| 2-тиркеме |
2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун КӨЛӨМҮ
| Код | Адистик | Гранттардын саны |
| Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги | 2341 | |
| 030000 | Гуманитардык илимдер | 30 |
| 050000 | Билим берүү жана педагогикалык илимдер | 800 |
| 070000 | Искусство жана маданият (сүрөт искусствосу жана колдонмо искусство) | 80 |
| 080000 | Экономика жана башкаруу | 100 |
| 100000 | Сервис, туризм жана маалыматтык коопсуздук | 35 |
| 110000 | Айыл чарба жана айыл чарба илимдери | 225 |
| 120000 | Геодезия жана жерге жайгаштыруу | 30 |
| 130000 | Геология, пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштетүү | 81 |
| 140000 | Электр жана жылуулук энергетикасы | 75 |
| 150000 | Машина куруу жана материалдар технологиясы | 20 |
| 190000 | Жер үстүндөгү транспорттун техникасы жана технологиялары | 145 |
| 210000 | Электроника, радиотехника жана байланыш системалары | 40 |
| 220000 | Автоматика жана башкаруу | 30 |
| 230000 | Информатика жана эсептөө техникасы | 240 |
| 240000 | Химиялык технологиялар | 20 |
| 250000 | Токой ресурстарын калыбына келтирүү жана кайра иштетүү | 10 |
| 260000 | Өнөр жай экологиясы жана биотехнологиялар | 60 |
| 260000 | Өнөр жай экологиясы жана биотехнологиялар (жеңил өнөр жай технологиялары) | 60 |
| 270000 | Архитектура жана курулуш | 195 |
| 280000 | Техносфералык коопсуздук жана жаратылышты жайгаштыруу | 50 |
| Эксперименталдык билим берүү стандарты | Гидротехникалык курулуш | 15 |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 1270 | |
| 060000 | Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер | 1270 |
| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги | 410 | |
| 070000 | Искусство жана маданият (сүрөт жана колдонмо искусство) | 96 |
| 070000 | Искусство жана маданият (искусствотаануу) | 24 |
| 070000 | Искусство жана маданият (маданияттаануу жана социалдык маданият) | 56 |
| 070000 | Искусство жана маданият (музыкалык искусство) | 186 |
| 070000 | Искусство и маданият (сахналык искусство) | 40 |
| 110000 | Сервис, туризм маалыматтык коопсуздук | 8 |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги | 60 | |
| 160000 | Аэронавигация жана авиациялык жана ракеталык-космостук техниканы эксплуатациялоо | 60 |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | 25 | |
| 050000 | Билим берүү жана педагогикалык илимдер (дене тарбия жана спорт) | 25 |
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 25 | |
| 080000 | Экономика жана башкаруу | 25 |
| Бардыгы | 4131 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 460 "2026-2027-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана…Постановление · 03.07.2026 · № 460
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179