Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2025-2026-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмүн бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-июлу № 403
2025-2026-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмүн бекитүү жөнүндө
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-2026-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмү 1-тиркемеге ылайык;
2) 2025-2026-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмү 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары жана орто кесиптик билим берүүнүн ведомстволук билим берүү уюмдары боюнча мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча 2025-2026-окуу жылына кабыл алуу планын бекитсин;
2) 2025-2026-окуу жылына кабыл алуу планынын алкагында педагогикалык багыттар боюнча жогорку кесиптик (бакалавр, адистик) жана орто кесиптик билим берүү программаларына бөлүнүүчү мамлекеттик билим берүү гранттарын (Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына бөлүнгөн гранттарды кошпогондо) каржылоонун ваучердик механизминин моделин пилоттук апробациялоону жүргүзсүн:
- 550000 Педагогикалык билим берүү (бакалавр) - 1876 грант;
- 550000 Педагогикалык билим берүү (адис) - 20 грант;
- 050000 Билим берүү жана педагогикалык илимдер - 645 грант;
- 050000 Билим берүү жана педагогикалык илимдер (Дене тарбия жана спорт) - 45 грант;
3) 2025-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республиканын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында мамлекеттик билим берүү гранттарын жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө жыйынды отчетту берсин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору:
1) 2025-2026-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларга чыгымдарды тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн;
2) орто кесиптик билим берүүнүн ведомстволук билим берүү уюмдары боюнча мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча 2025-2026-окуу жылына билим алуучуларды кабыл алуу планын буйрук менен бекитсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары
Д.Амангельдиев
1-тиркеме
2025-2026-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмү
Код
Адистик
Гранттардын саны
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
150
1
530000
Гуманитардык илимдер (бакалавр)
150
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
20
2
530000
Гуманитардык илимдер (магистр)
18
3
580000
Экономика жана башкаруу (магистр)
2
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги
125
4
770000
Аскердик билим берүү (бакалавр)
125
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
555
5
560000
Саламаттык сактоо (адис)
455
6
560000
Саламаттык сактоо (бакалавр)
75
7
Экспер.
Медициналык инженерия (бакалавр)
25
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
208
8
570000
Маданият жана искусство (адис )
198
9
550000
Педагогикалык билим берүү (бакалавр)
10
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
7947
10
510000
Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика (бакалавр)
239
11
510000
Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика (магистр)
35
12
520000
Табигый илимдер (бакалавр)
176
13
520000
Табигый илимдер (магистр)
10
14
530000
Гуманитардык илимдер (бакалавр)
438
15
530000
Гуманитардык илимдер (магистр)
41
16
540000
Социалдык илимдер (бакалавр)
112
17
550000
Педагогикалык билим берүү (бакалавр)
2071
18
550000
Педагогикалык билим берүү (магистр)
90
19
550000
Педагогикалык билим берүү (адис)
20
20
560000
Саламаттык сактоо (адис)
189
21
570000
Маданият жана искусство (бакалавр)
105
22
570000
Маданият жана искусство (магистр)
5
23
570000
Маданият жана искусство (адис )
60
24
580000
Экономика жана башкаруу (бакалавр)
155
25
580000
Экономика жана башкаруу (магистр)
80
26
590000
Маалыматтык коопсуздук (бакалавр)
124
27
590000
Маалыматтык коопсуздук (магистр)
20
28
590000
Маалыматтык коопсуздук (адис)
20
29
600000
Тейлөө чөйрөсү (бакалавр)
50
30
610000
Айыл чарба жана айыл чарба илимдери (бакалавр)
230
31
610000
Айыл чарба жана айыл чарба илимдери (магистр)
26
32
610000
Айыл чарба жана айыл чарба илимдери (адис)
128
33
620000
Геодезия жана жерге жайгаштыруу (бакалавр)
65
34
620000
Геодезия жана жерге жайгаштыруу (магистр)
40
35
620000
Геодезия жана жерге жайгаштыруу (адис)
30
36
630000
Геология, пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо жана иштетүү (бакалавр)
20
37
630000
Геология, пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо жана иштетүү (магистр)
30
38
630000
Геология, пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо жана иштетүү (адис)
197
39
640000
Энергетика жана электр энергетикасы (бакалавр)
304
40
640000
Энергетика жана электр энергетикасы (магистр)
10
41
650000
Материал таануу, металлургия жана машина куруу (бакалавр)
87
42
650000
Материал таануу, металлургия жана машина куруу (магистр)
20
43
650000
Материал таануу, металлургия жана машина куруу (адис)
20
44
670000
Транспорттук техника жана технологиялар (бакалавр)
154
45
670000
Транспорттук техника жана технологиялар (магистр)
15
46
680000
Прибор куруу (бакалавр)
30
47
690000
Электроника, радиотехника жана байланыш (бакалавр)
115
48
690000
Электроника, радиотехника жана байланыш (магистр)
20
49
700000
Автоматташтыруу жана башкаруу (бакалавр)
230
50
700000
Автоматташтыруу жана башкаруу (магистр)
75
51
710000
Эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар (бакалавр)
984
52
710000
Эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар (магистр)
40
53
720000
Химиялык технология жана биотехнология (бакалавр)
77
54
720000
Химиялык технология жана биотехнология (магистр)
15
55
730000
Токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү (бакалавр)
35
56
730000
Токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү (магистр)
5
57
740000
Азык-түлүк продуктуларынын жана керектөө товарларынын технологиясы жана өндүрүшү (бакалавр)
149
58
740000
Азык-түлүк продуктуларынын жана керектөө товарларынын технологиясы жана өндүрүшү (магистр)
20
59
750000
Архитектура жана курулуш (бакалавр)
461
60
750000
Архитектура жана курулуш (магистр)
55
61
750000
Архитектура жана курулуш (адис)
15
62
760000
Техносфералык коопсуздук, жаратылышты абаттоо жана гидрометеорология (бакалавр)
100
63
760000
Техносфералык коопсуздук, жаратылышты абаттоо жана гидрометеорология (магистр)
30
64
Экспер.
Архив таануу (бакалавр)
15
65
Экспер.
Саламаттык сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия (бакалавр)
25
66
Экспер.
Бизнес аналитика жана статистика (бакалавр)
25
67
Экспер.
Бизнес аналитика жана статистика (магистр)
10
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына киргизүүдө жеңилдиктерден пайдаланган адамдарга берилүүчү гранттар:
68
2025-жылы жалпы республикалык тестирлөө боюнча эң жогорку балл алган абитуриенттерди конкурстан сырткары кабыл алуу үчүн гранттардын саны
50
69
Төмөнкүлөрдү кабыл алуу үчүн гранттардын саны: I, II топтогу майыптардын ичинен жарандарды, жеңилдиктер жана кепилдиктер боюнча согуштун катышуучуларына, майыптарына, бала кезинен майыптарга теңештирилген адамдарды; майып балдарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды(*)
500
70
2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы окуяларда, 2010-жылдын апрель-июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары үчүн жана кайрылман статусуна ээ болгон адамдар үчүн гранттардын саны
20
71
Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн гранттардын саны
75
72
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн гранттардын саны; Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын аткаруу үчүн гранттардын саны
350
Жалпы:
10000
Эскертүү. (*) Айылдык жаштардын ичинен адамдар (айылдагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү) гранттык окууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибине ылайык аныкталган квотанын алкагында кабыл алынат.
2-тиркеме
2025-2026-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмү
Код
Адистик
Гранттардын саны
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
2366
1
050000
Билим берүү жана педагогика илимдери
740
2
050000
Билим берүү жана педагогика илимдери (Дене тарбия жана спорт)
60
3
070000
Искусство жана маданият (Көркөм жана прикладдык искусство түрлөрү)
101
4
080000
Экономика жана башкаруу
65
5
100000
Сервис, туризм жана маалыматтык коопсуздук
45
6
110000
Айыл чарбасы жана айыл чарба илимдери
200
7
120000
Геодезия жана жерге жайгаштыруу
45
8
130000
Геология, пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо жана иштетүү
65
9
140000
Электр жана жылуулук энергетикасы
105
10
150000
Машина куруу жана материалдардын технологиясы
25
11
190000
Жер үстүндөгү транспорттун техникасы жана технологиясы
140
12
210000
Электроника, радиотехника жана байланыш системалары
40
13
220000
Автоматика жана башкаруу
40
14
230000
Информатика жана эсептөө техникасы
305
15
250000
Токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү
20
16
260000
Өнөр жай экологиясы жана биотехнология
70
17
260000
Өнөр жай экологиясы жана биотехнология (Жеңил өнөр жай технологиялары)
80
18
270000
Архитектура жана курулуш
175
19
280000
Техносфералык коопсуздук жана жаратылышты абаттоо
30
20
Экспер.
Гидротехникалык курулуш
15
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
1270
21
060000
Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер
1270
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
410
22
070000
Искусство жана маданият (Көркөм жана прикладдык искусство түрлөрү)
96
23
070000
Искусство жана маданият (Өнөр таануу)
24
24
070000
Искусство жана маданият (Маданият таануу жана социалдык маданият)
56
25
070000
Искусство жана маданият (Музыкалык искусство)
186
26
070000
Искусство жана маданият (Сахна искусствосу)
40
27
110000
Сервис, туризм жана маалыматтык коопсуздук
8
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги
60
28
160000
Аэронавигация жана авиациялык, ракета-космостук техниканы эксплуатациялоо
60
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
25
29
050000
Билим берүү жана педагогика илимдери (Дене тарбия жана спорт)
25
Жалпы:
4131
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179