3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) автономия - билим берүү уюмунун билим берүү, административдик жана финансылык-экономикалык ишти өз алдынча жүзөгө ашыруу, анын ичинде адам ресурстарын жана активдерди башкаруу маселелери боюнча башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу, ушул Мыйзамга жана билим берүү уюмунун уставына ылайык билим берүү жана башка иштерди колдоо жана өнүктүрүү үчүн бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды тескөө укугу;
2) академиялык эркиндик - окутуу программаларын иштеп чыгуу, окуу сабагын өз алдынча баяндоо, илимий изилдөөлөр үчүн теманы жана аларды жүргүзүү методдорун тандоо укугу, ошондой эле билим алып жаткандардын өздөрүнүн жөндөмдөрүнө ылайык билим алуу укугу;
3) академиялык чынчылдык - билим алып жаткандын жана педагогикалык кызматкердин аларга заманбап билим берүү негизделген этикалык ченемдерге жана принциптерге ылайык келүүчү жүрүм-турум формасы (чынчылдык, ишеним, адилеттүүлүк, урматтоо, жоопкерчилик, плагиатка жол бербөө жана сый акы үчүн окуучулардын билимин баалоону жокко чыгаруу);
4) аккредитация - көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген талаптардан жана критерийлерден төмөн эмес аккредитациялык агенттик тарабынан белгиленген стандарттарга, жол-жоболорго жана эрежелерге ылайык келишин аккредитациялык агенттик тарабынан расмий таануунун жол-жобосу;
5) академиялык кредит - билим алып жаткандын окуу жана (же) илимий жүктөмүнүн көлөмүн өлчөөнүн шарттуу бирдиги;
6) аккредитациялык агенттик - иши көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын аккредитациялык агенттик тарабынан белгиленген стандарттарга, жол-жоболорго жана эрежелерге ылайык келишин тышкы баалоого багытталган көз карандысыз коммерциялык эмес уюм;
7) бакалавр - магистратурага тапшыруу жана кесиптик ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн укук берүүчү кесиптик жогорку билимдин квалификациясынын деңгээли;
8) коопсуз билим берүү чөйрөсү - тобокелдиктерди минималдаштырууга жана билим берүү процессинин катышуучуларынын психологиялык, маалыматтык, физикалык, экологиялык жана башка коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чөйрө;
9) валидация - квалификацияны тастыктоочу документ берүү менен формалдуу эмес жана информалдуу билим берүү аркылуу тигил же бул жаатта алынган жалпы кесиби боюнча же анын ишинин айрым түрлөрү боюнча компетенцияларды тастыктоого жана таанууга багытталган көз карандысыз сертификациялоонун бир түрү;
10) ваучер - бюджеттик каражаттардан ченемдик каржылоонун негизинде билим берүү уюмдарынын билим берүү кызматтарын накталай эмес формада төлөөнү жүзөгө ашырууга мамлекетке мүмкүндүк берүүчү финансылык инструмент;
11) каржылоонун ваучердик механизми - республикалык бюджетте каралган бюджеттик каражаттар менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын артынан жүрүүчү мамлекеттик каржылоо методу;
12) кесиптик жогорку билим берүү - бакалаврларды, адистерди жана магистрлерди тийиштүү билим берүү программалары жана стандарттары боюнча даярдоого жана кайра даярдоого багытталган билим берүү деңгээли;
13) гибриддик окутуу методу - окутуу процесси педагогдун жана билим алуучунун түздөн-түз байланышы аркылуу салттуу окутуу методунун онлайн окутуу методу менен айкалышкан окутуу методу;
14) мамлекеттик билим берүү стандарты - окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу билим берүү программасынын минимум мазмунун, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарды аныктоочу формалдык билим берүүнүн талаптарынын коомдук макулдашылган жыйындысы;
15) мамлекеттик билим берүү гранты - билим алуучуга (грант алуучуга) менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин кесиптик орто жана жогорку билим берүүчү билим берүү уюмунда, тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү адистиктер боюнча окуу үчүн берилүүчү республикалык бюджеттин каражаттары;
151) медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоо - орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн медициналык жана фармацевттик адистиктеринин билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациялык талаптарга жана критерийлерге шайкештигин саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таануу;
16) аралыктан билим берүү технологиялары - билим алуучунун жана педагогикалык кызматкердин ортомчулук же жарым-жартылай ортомчулук менен өз ара аракеттенүүсүндө маалыматтык жана телекоммуникациялык технологиялардын каражаттарын колдонуу менен билим берүү процессинде пайдаланылуучу технологиялар;
17) философия доктору (PhD)/профиль боюнча доктор - диссертацияны коргоо менен тиешелүү окуу программасын жана илимий-изилдөө ишин аткарган адамга илимий жана башка кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билимдин (базалык докторантура) квалификациялык деңгээли;
18) эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү - өз алдынча кесиптик иш менен алектенген адамдын жекече муктаждыктарын канааттандырууну камсыз кылуучу формалдуу эмес билим берүүнүн түрү;
19) балдарга кошумча билим берүү - эркин тандоого жана жалпы билим берүү уюмдарында окуудан бош убакыттарда балдарды кесиптик аныктоодо кызыкчылыктарын, руханий суроо-талаптарын жана керектөөлөрүн толук канааттандырууга негизделген формалдуу эмес билим берүүнүн түрү;
20) мектепке чейинки билим берүү - негизги максаты баланы жашоого жана мектепке баштапкы даярдоо, анын чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрүү болуп саналган тарбиялоого жана окутууга багытталган билим берүү деңгээли;
21) дуалдык окутуу - билим алуучулардын эмгегине төлөө мүмкүнчүлүгү менен, билим берүү уюмунун, билим алуучунун жана иш берүүчүнүн бирдей жоопкерчилигинде билим берүү уюмунда теориялык материалды үйрөнүүнүн жана базалык көндүмдөрдү өздөштүрүүнүн, практикалык көндүмдөрдү бекемдөөнүн, жумушчу орунда кесиптик тажрыйбага ээ болуунун үзгүлтүксүз циклин камсыз кылуучу окутуунун түрү;
22) жекече окуу планы - конкреттүү билим алуучунун өзгөчөлүктөрүн жана билим алуу муктаждыктарын эске алуу менен билим берүү программасынын мазмунун жекелештирүүнүн негизинде аны өздөштүрүүнү камсыз кылуучу окуу планы;
23) инклюзивдик билим берүү - билим берүү муктаждыктарынын ар түрдүүлүгүн жана жеке мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен бардык билим алуучулар үчүн билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
24) информалдык билим берүү - адамдын иши, үй-бүлөлүк жашоосу же бош убактысын өткөрүүсү менен байланышкан күнүмдүк жашоо-турмушунун жүрүшүндө билим берүү системасынын алкагынан тышкары өтүүчү окутуу;
25) билим берүүдөгү маалымат системасы - алардын жардамы менен Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы жөнүндө маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу, талдоо жана жайылтуу жүргүзүлүүчү электрондук маалымат базаларынын, маалымат технологияларынын жана техникалык каражаттардын жыйындысы;
26) билим берүүнүн сапаты - социалдык жана инсандык күтүүлөргө, мамлекеттик билим берүү стандарттарына, кесиптик стандарттарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык билим берүү программаларына шайкештик даражасын чагылдыруучу билим берүү тутумунун, билим берүү уюмунун жана билим алуучунун билим алуудагы жекече жетишкендиктеринин комплекстүү мүнөздөмөсү;
27) квалификация - белгиленген үлгүдөгү документ менен тастыкталуучу, окутууга жана кесиптик иштин белгилүү бир түрүн аткарууга даярдыгын мүнөздөөчү билимдердин, көндүмдөрдүн жана социалдык-инсандык компетенциялардын деңгээли;
28) кабыл алуу квотасы - мамлекеттик билим берүү буйрутмасынын, анын ичинде I жана II топтогу майыптардын арасынан жарандарды, жеңилдиктери жана кепилдиктери боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңештирилген жактарды, бала кезинен майыптарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды, айыл жаштарын жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган кыргыз улутундагы адамдарды, ошондой эле жетим балдарды жана ата-эненин көзөмөлүсүз калган балдарды кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн бөлүнүүчү мамлекеттик билим берүү гранттарынын чектеги көлөмү;
29) компетенттүүлүк - адамдын белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык жана кесиптик) билимдин жана көндүмдөрдүн ар кандай элементтерин өз алдынча колдонууга интеграцияланган жөндөмдүүлүгү;
30) компетенция - билим алып жаткандарды белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);
31) комплекстүү билим берүү уюму - билим берүүнүн эки же андан көп деңгээлинин билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары;
32) магистр - аспирантурага (адъюнктурага) жана (же) базалык докторантурага (PhD/профиль боюнча) өтүү жана кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн укук берүүчү кесиптик жогорку билим берүү квалификациясынын деңгээли;
33) көп тилдүү билим берүү - окутуу каражаты катары эки же андан көп тил пайдаланылган окутууну уюштуруу процесси;
34) квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык тутумчаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациянын ылайыктуулугун тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөлгөн сыпаттамасы;
35) квалификациялардын улуттук системасы - өзүнө квалификациялык улуттук алкакты, тармактык/сектордук квалификациялык алкактарды, кесиптик жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана аларды таануу жол-жоболорун, билим берүү уюмдарынын квалификацияларын жана программаларын баалоо системаларын камтуучу билим берүү чөйрөлөрүнүн жана эмгек рыногунун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү механизмдердин жыйындысы;
36) кесиптик башталгыч билим берүү - негизги же орто жалпы билим берүү базасында квалификациялуу эмгек кызматкерлерин коомдук-пайдалуу иштин негизги багыттары боюнча даярдоого багытталган билим берүү деңгээли;
37) үзгүлтүксүз билим берүү - адамды өмүр бою коштоп жүрүүчү, ар биринде өнүгүүнүн жаңы деңгээлине өтүү үчүн өбөлгөлөр түзүлүүчү жашоо этаптарында ырааттуу түрдө ишке ашырылуучу билим берүү;
38) формалдуу эмес билим берүү - окутуу формасынын көп түрдүүлүгүнө жана ар түрдүүлүгүнө, жарандын билим алуу муктаждыктарына ыкчам жооп берүү жөндөмдүүлүгүнө негизделген формалдуу билим берүү алкагынан сырткары билим берүү иши;
39) билим берүү - адамдын, үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында жүзөгө ашырылуучу окутуунун, тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн бирдиктүү максаттуу процесси, ошондой эле алынган билимдердин, көндүмдөрдүн, баалуулуктардын жана компетенциялардын жыйындысы;
40) туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү - жашоо сапатын жогорулатуу үчүн бардык болгон ресурстарды натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү пайдалануунун негизинде социалдык, экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жана алдын алуу үчүн билим алып жаткандардын билимдерди, көндүмдөрдү жана компетенттүүлүктөрдү алуусуна багытталган билим берүү;
41) билим берүү программасы - конкреттүү деңгээлдин же адистиктин максатын, милдетин, пландалган жыйынтыктарын, билим берүү процессин уюштурууну аныктоочу конкреттүү деңгээлдеги билим берүүнүн, багыттын же адистиктин мазмуну;
42) билим берүү иши - билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүк;
43) билим алуучулардын окуудагы жетишкендиктери - билим берүүнүн аныкталган жаатында билимдин, билгичтиктердин, көндүмдөрдүн жана компетенциялардын деңгээлин аныктоо үчүн тесттердин жана баалоонун башка жол-жоболорунун жардамы менен өлчөнүүчү билим берүү программаларын билим алуучулардын өздөштүрүүсүнүн натыйжалары;
44) билим берүү боюнча кызмат көрсөтүү - билим берүү муктаждыктарын канааттандыруу максатында билим берүүгө жана көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган иш-аракеттер;
45) билим берүү процесси - билим берүү программаларынын мазмунун билим алуучулар өздөштүрүү максатында окутууну, тарбиялоону жана өнүктүрүүнү уюштуруу системасы;
451) билим берүү франшизасы - келишимдик мамилелердин тутуму, анын алкагында мамлекеттик билим берүү уюму өзүнүн окуу-усулдук материалдарын, стандарттарын жана брендин пайдалануу менен мамлекеттик билим берүү уюму бекиткен билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга мамлекеттик эмес билим берүү уюмуна укук берет;
46) билим алуучу - билим берүүнүн бардык деңгээлинде билим берүү программасын өздөштүрүүчү адам;
47) жумуш ордунда окутуу - милдеттүү түрдө практикалык окутуу жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөө, ошондой эле билим берүү уюмунун өндүрүштүк бөлүмдөрүндө/комплекстеринде жана (же) ишканалардын/уюмдардын базасында иш тажрыйбасына ээ болуу менен билим берүү уюмунда билим алып жаткандар тарабынан жалпы жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү алуусуна багытталган кадрларды даярдоо системасы;
48) билим берүү стратегиясы (билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы) - билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана принциптерин бүтүн социалдык институт катары аныктоо;
49) өзгөчө билим берүү муктаждыктары - билим алуучунун керектөөлөрүн канааттандырууда атайын шарттарды жана чөйрөнү түзүү, анын максималдуу мүмкүн болгон өнүгүүсү жана билим алуусу үчүн атайын билим берүү кызматтарын көрсөтүү менен атайын билим берүү технологияларын пайдалануу талап кылынган билим алуучунун керектөөлөрү;
50) квалификациялардын тармактык/сектордук алкактары - аныкталган тармактагы (сектордогу) квалификациялардын мазмундарынын деңгээлдери боюнча системалык жана түзүмдөштүрүлгөн сүрөттөмөсү;
51) жалпы республикалык тестирлөө - Кыргыз Республикасынын кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарында окууга эң жөндөмдүү жана даярдалган абитуриенттерди аныктоо максатында жүргүзүлүүчү окуудагы ийгиликтерди баалоо процесси;
52) онлайн билим берүү уюму - онлайн окутуунун билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү билим берүү уюму;
53) педагогикалык кызматкер - тиешелүү кесиптик билими жана квалификациясы бар, билим берүү уюмунда иштеп жаткан, окутуу, тарбиялоо, методикалык, уюштуруучулук, илимий, жетекчилик жана башка билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу жеке адам;
54) кайра даярдоо - өзүндө болгон кесиптик билиминин базасында билими жөнүндө документти алуу менен жаңы кесипти же адистикти алууга байланышкан окутуу;
55) акы төлөнүүчү билим берүү иши - мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунда акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлүүчү билим берүү кызматы;
56) жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү - кесиптик жогорку билим берүүнүн базасында билим деңгээлин, илимий, педагогикалык квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө багытталган билим берүү деңгээли;
57) билим берүү уюмун өнүктүрүү программасы - билим берүү уюмунун жетекчиси кызмат ордуна талапкердин билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, билим алуучулардын билим алууда жана башка жетишкендиктерин өстүрүү, инклюзивдик билим берүү принцибин сактоо, билим берүү уюмунун жергиликтүү коомдоштук менен өз ара аракеттенүү, институционалдык жана финансылык туруктуулукка, айкындуулукка жана отчеттуулукка жетишүү боюнча талапкердин иш-аракеттер планын (аткаруунун жана мөөнөттөрдүн индикаторлорун көрсөтүү менен), ошондой эле бул билим берүү уюмун өнүктүрүүгө багытталган кандай болбосун башка иш-аракеттерин көрсөтүүчү программасы;
58) кесиптик жактан өнүгүү - кесиптик билим берүү, квалификацияны жогорулатуу жана жеке билим берүү муктаждыктарын ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашырылуучу калыптануу жана кесиптик жактан өсүү процесси;
59) кесиптик стандарт - кесиптик ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү бир эмгек функциясын аткаруу үчүн керектүү квалификациянын мүнөздөмөсү;
60) тармактык окутуу - билим берүү процессинин түзүмүндөгү, мазмунундагы жана уюшуусундагы өзгөрүүлөрдүн эсебинен билим алууну улантууга же эмгек рыногуна чыгууга карата билим алуучунун кесиптик кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына ылайык анын кызыкчылыктарын, шыктарын жана жөндөмдүүлүктөрүн эске алууга мүмкүндүк берүүчү окутууну дифференциациялоого жана жекелештирүүгө багытталган окутуу;
61) реабилитация/абилитация:
билим берүүдөгү реабилитация - билим алуучунун майыптыкка кабылуусунун же ден соолугуна байланыштуу өзгөрүүлөрдүн натыйжасында жоголгон же бузулган көндүмдөрүн, жөндөмдөрүн же билимин калыбына келтирүү процесси; билим берүүдөгү абилитация - билим алуучу белгилүү бир жаңы көндүмдөрдү, жөндөмдөрдү же билимдерди алууда колдоо көрсөтүүгө багытталган процесс;
62) үй-бүлөлүк билим берүү - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык тийиштүү билим берүү уюмунда аралык жана жыйынтык аттестациядан өткөн шартта билим берүү программасын билим берүү уюмунан сырткары окууну караган, билим алуучулардын бардыгы үчүн жеткиликтүү болгон билим алуу формасы;
63) кесиптик компетенцияларды сертификаттоо (көз карандысыз сертификаттоо) - адистин кесиптик стандарттардын талаптарына шайкештигин аныктоо процесси, аларды алуу ыкмасына жана кесиптик ишине карабай квалификациясын таануу;
64) билим берүү системасы - билим алууга конституциялык укукту ишке ашырууга жана сапаттуу билим берүүгө жетишүүгө багытталган уюмдардын, мамлекеттин саясатынын жана чараларынын өз ара аракеттенүүсүн кепилдеген бүтүн, комплекстүү, интеграцияланган система;
65) билим берүү процессинде коштоо - билим алуучуну колдоо жана билим алуучу тарабынан оптималдуу өнүгүүгө жана социалдык ийгиликтүү интеграцияга жетүү максатында, билим берүү муктаждыктарын жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим алуучунун инсандыгын өнүктүрүү жана аны ийгиликтүү окутуу үчүн социалдык-психологиялык жана педагогикалык шарттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү;
66) социалдык билим берүү кредити - бул Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окууну төлөө үчүн Министрлер Кабинети тарабынан субсидиялануучу жеңилдетилген кредит;
67) адис - магистратурага, аспирантурага (адъюнктурага) жана/же базалык докторантурага (PhD/профиль боюнча) тапшыруу жана кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн укук берүүчү кесиптик жогорку билимдин квалификациясынын деңгээли;
68) атайын билим берүү - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды атайын же билим берүү уюмдарында окутуу;
69) орто жалпы билим берүү - коомдо активдүү социалдык адаптацияланууга жана өз алдынча турмуштук тандоого, эмгек ишмердигине, өз алдынча окууга жана өзүн-өзү өркүндөтүүгө жөндөмдүү, шайкеш өнүккөн инсанды тарбиялоого жана окутууга багытталган билим берүү деңгээли;
70) кесиптик орто билим берүү - негизги, орто жалпы же кесиптик башталгыч билим берүүнүн базасында билим алуучулардын аныкталган адистик (багыт) боюнча кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү жана жеке компетенцияларды өздөштүрүүсүн камсыз кылуучу, даярдоого багытталган билим берүүнүн деңгээли;
71) билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - билим берүү жана илим чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу, Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;
72) квалификациянын деңгээли - кызматкерлердин компетенцияларына карата квалификациялык алкактарда белгиленген жана сыпатталган талаптардын жыйындысы;
73) билим берүү деңгээли - талаптардын белгилүү бир бирдиктүү жыйындысы менен мүнөздөлгөн билим берүүнүн аяктаган цикли;
74) билим берүү процессинин катышуучулары - билим алып жаткандар, педагогикалык кызматкерлер, билим берүү уюмдарынын окутуучу-көмөкчү жана башкаруу персоналы, билим алып жаткандардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү), иш берүүчүлөр, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү;
75) окуу-өндүрүштүк комплекс - бул билим алып жаткандар реалдуулукка жакындатылган өндүрүштүк милдеттерди түздөн-түз аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жана товарларды сатуу менен алган билимдерин жана көндүмдөрүн анда иш жүзүндө колдоно ала турган, ар кандай уюштуруу-укуктук формадагы статусу бар билим берүү уюмдарынын базасында түзүлүүчү түзүм;
76) окуу планы - билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги окуу сабактарынын (предметтеринин) тизмегин жана көлөмүн, аларды окуп үйрөнүү тартибин жана контролдоо формаларын регламенттөөчү документ;
77) окуу чарбасы - билим алып жаткандардын тамак-аш рационун колдоого жана кеңейтүүгө, ошондой эле айыл чарба, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу аркылуу айыл чарба жаатында практикалык көндүмдөрдү алууга багытталган билим берүү уюмунун көмөкчү чарбасы;
78) илимий даража - билимдин аныкталган тармагында жетишилген илимий деңгээлди чагылдыруучу, окумуштуулук даражасын изденип алууга диссертацияны коргогон адамга ыйгарылуучу жогорку окуу жайынан кийинки билимдин квалификациясынын деңгээли;
79) алдыңкы тажрыйба борбору - рыноктун суроо-талаптарын жана өлкөнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын канааттандыруу максатында инновациялык, новатордук, санариптик, инклюзивдик технологияларды жана чечимдерди иштеп чыгуу жана илгерилетүү боюнча инновациялык, интеграцияланган программаларды ишке ашыруучу билим берүү уюму;
80) формалдуу билим берүү - менчигинин түрүнө карабастан, билим берүү уюмдары тарабынан берилүүчү жана мамлекеттик билим берүү стандарттары менен регламенттелүүчү билим берүү;
81) экстернат - тиешелүү билим берүү уюмунда кийин аттестациядан (кезектеги жана жыйынтыктоочу) өтүү менен негизги билим берүү программаларына ылайык билим алып жаткандардын сабактарды тездетилген окуусу.
Билим берүү жаатындагы ченемдик базаны түзүүдө пайдаланылуучу бардык башка атайын түшүнүктөр ушул беренеде баяндалган негизги түшүнүктөргө карама-каршы келбеши керек.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 78, 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 апреля 2025 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики, регулирующие подготовку кадров новой генерации для государственной гражданской службы и муниципальной службы (в законы Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе", "Об образовании")Редакцияларды салыштыруу
23.01.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…боюнча окуу үчүн берилүүчү республикалык бюджеттин каражаттары;
кошулду: 151) медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоо - орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн медициналык жана фармацевттик адистиктеринин билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациялык талаптарга жана критерийлерге шайкештигин саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таануу;
16) аралыктан билим берүү технологиялары - билим алуучунун жана … окутууну, тарбиялоону жана өнүктүрүүнү уюштуруу системасы;
кошулду: 451) билим берүү франшизасы - келишимдик мамилелердин тутуму, анын алкагында мамлекеттик билим берүү уюму өзүнүн окуу-усулдук материалдарын, стандарттарын жана брендин пайдалануу менен мамлекеттик билим берүү уюму бекиткен билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга мамлекеттик эмес билим берүү уюмуна укук берет;
46) билим алуучу - билим берүүнүн бардык деңгээлинде билим берүү … карама-каршы келбеши керек.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № алынып салынды: 78 Мыйзамынын кошулду: 78, 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (14)
- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу Тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна)Порядок · 30.06.2022 · № 355
- Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Положение · 30.06.2022 · № 355
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 "Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө…Постановление · 27.09.2024 · № 590
- Академиялык кредиттерди колдонуу менен жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 27.09.2024 · № 590
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 50-т (Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин алкагында Универсалдуу мезгилдүү сереп…Распоряжение · 31.01.2025 · № 50-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 297 "Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 30.05.2025 · № 297
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2025 · № 329
- Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 17.05.2019 · № 64
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 30.05.2014 · № 82
- Кыргыз Республикаснын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.07.2024 · № 382
- Мамлекеттик органдары,, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 30.05.2025-жылдагы №297 токтомуПостановление · 30.05.2025 · № №297
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк…Постановление · 04.07.2017 · № 421 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк…Постановление · 04.07.2017 · № 421 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-3" title="3-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>