23-берене. Билим берүү ишин лицензиялоо жана билим берүү ишин жүзөгө ашыруунун кабарлоо тартиби
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6
1. Билим берүү иши, төмөндө баяндалган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын лицензиялоо-уруксат берүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте лицензияланууга тийиш.
2. Төмөнкүлөрдүн билим берүү иштери лицензияланууга жатпайт:
1) жалпы (башталгыч, негизги жана орто) билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын;
2) саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын кошпогондо, өзгөчө статуска ээ болгон жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын;
3) автомектептердин ишин, ошондой эле тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билим берүүнү кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын.
3. Мектепке чейинки билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча билим берүү иши билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилүүчү кабарламанын негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Билим берүү уюмдары жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке жактар (жеке ишкерлер) Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылык жана өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жүрүү жана окуу үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
5. Диний билим берүү уюмдарына (бирикмелерине) билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиялар дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
6. Медициналык жана фармацевттик билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиялар саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
(КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"Редакцияларды салыштыруу
23.01.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын; 2) кошулду: саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын кошпогондо, өзгөчө статуска ээ болгон жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки … чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет. кошулду: 6. Медициналык жана фармацевттик билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиялар саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет. (КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабры № 840 "Лицензияланууга тийиш болгон, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен…Постановление · 26.12.2025 · № 840
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 45 "Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 05.02.2024 · № 45
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 601 "Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо маселелерин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.12.2020 · № 601 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 665 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз…Постановление · 30.11.2022 · № 665 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-23" title="23-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>