22-берене. Билим берүү уюмдарын башкаруу
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6
1. Билим берүү уюмдарын башкаруу демократиялаштыруу, борбордон ажыратуу, автономия жана өз алдынча башкаруу принциптеринде куралат.
2. Билим берүү уюмдарын кошо башкаруунун формалары болуп жалпы чогулуш, камкорчулардын, окумуштуулардын, педагогикалык жана башка кеңештер же комитеттер саналат. Кошо башкаруу органдарын шайлоонун тартиби жана алардын компетенциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат. Билим берүү уюмдарына түздөн-түз жетекчиликти ректор, директор, башчы же башка жетекчи (администратор) жүзөгө ашырат.
3. Окуучулардын, билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жана педагог кызматкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын козгогон маселелер боюнча билим берүү уюмун башкаруу маселелери боюнча алардын пикирлерин эске алуу максатында, окуучулардын, билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жана педагог кызматкерлердин демилгеси менен билим берүү уюмунда ата-энелер комитеттери, окуучулардын же студенттик кеңештер, кесиптик бирликтер түзүлүшү мүмкүн.
4. Мектепке чейинки, жалпы (мектептик) жана кошумча билим берүү программаларын, ошондой эле кесиптик башталгыч жана орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери Министрлер Кабинети аныктаган тартипте конкурстун негизинде дайындалат. Педагогикалык жана (же) башка адистик боюнча кесиптик жогорку билими бар адамдар аталган билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат орундарына талапкер боло алышат. Конкурска катышып жаткан талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар жана конкурстук комиссиянын курамы Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Саламаттык сактоо, ички иштер, тышкы иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана прокуратура органдарынын кесиптик жогорку билим берүүнүн адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жана өзгөчө статуска ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кошпогондо, кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат орундарга билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан дайындалат жана бошотулат.
6. "Улуттук" статусу бар кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат орунга билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана бошотулат. Кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын, анын ичинде "Улуттук" статусуна ээ кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат орунга дайындоо жана бошотуу, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда бошотуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
7. Саламаттык сактоо, ички иштер, тышкы иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана прокуратура органдарынын кесиптик жогорку билим берүүнүн адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жана өзгөчө статуска ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат орундарына Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте дайындалат жана бошотулат.
8. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат орунга 5 жылдык мөөнөт менен дайындалат. Бир эле ошол адам мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун жетекчисинин ишин бир эле ошол мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунда жыйындысында 10 (он) жылдан ашык жүзөгө ашыра албайт.
9. Кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын, анын ичинде "Улуттук" статусу бар жогорку кесиптик билим берүү уюмунун жетекчиси кызмат ордуна квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
10. Мамлекет аралык макулдашууга кол коюу аркылуу түзүлгөн кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын жетекчилери аталган макулдашууларга ылайык дайындалат. Жетекчинин кызмат ордуна дайындоонун кезектүүлүгү тиешелүү мамлекеттер аралык макулдашуу менен аныкталат.
11. Кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмунун, анын ичинде "Улуттук" статусу уюмдун жетекчисин кызмат ордунан бошоткон учурда, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жаңы жетекчи дайындалганга чейин анын милдеттерин аткарууну жетекчинин орун басарларынын бирине убактылуу жүктөйт. Кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмунун жетекчисинин милдетин аткаруучу билим берүү уюмунун кызматкерлеринин кызмат орундарынан бошотууга же дайындоого укуктуу эмес.
(КР 2025-жылдын 30-январындагы № 32, 2025-жылдын 14-октябрындагы № 210, 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 октября 2025 года № 210 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере образования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 января 2025 года № 32 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об образовании"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (11)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябры № 690 "Балдарга кошумча билим берүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 22.10.2025 · № 690
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрели № 258 "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана…Постановление · 17.04.2026 · № 258
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо…Постановление · 29.07.2022 · № 418
- Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Положение · 29.07.2022 · № 418
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 «Кыргыз…Постановление · 25.09.2026 · № 637
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябры № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү…Постановление · 17.10.2024 · № 633
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 "Мамлекеттик жогорку…Постановление · 06.03.2025 · № 119
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралы № 79 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин…Постановление · 22.02.2024 · № 79 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 273 "Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап…Постановление · 28.05.2024 · № 273 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 17.04..2026-ж., № 258 токтомуПостановление · 17.04.2026 · № 258
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 79 "Кыргыз…Постановление · 04.02.2025 · № 56 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-22" title="22-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>