24-берене. Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялоо
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6
1. Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарын аккредитациялоону кошпогондо, таанылган аккредитациялоо агенттиктеринде ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат. Кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарын аккредитациялоо милдеттүү болуп саналат.
11. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары Министрлер Кабинети аныктоочу тартипте милдеттүү мамлекеттик аккредитациядан өтүшөт.
Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу, мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөн билим берүү уюмдары бүтүрүүчүлөргө билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүүгө жана билим алуучуларды кабыл алууга укугу жок.
2. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын кошпогондо, билим берүү уюму аккредитациялык агенттикти өз алдынча тандайт. Аккредитация аккредитациялануучу билим берүү уюмунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн атайын жалпы билим берүү уюмдарын жана жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринин алдындагы кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын аккредитациялоо жүргүзүлбөйт.
4. Аккредитациялык агенттиктердин иши ачык жана айкын болот.
5. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аккредитациялык агенттиктердин реестрин жүргүзөт.
6. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында аккредитациялык агенттиктердин ишин таануу жана ага мониторинг жүргүзүү жөнүндө маселелерди коллегиалдуу жана ачык кароо үчүн Улуттук аккредитациялык кеңеш түзүлөт.
Улуттук аккредитациялык кеңеш 11 адамдан турат, алардын катарына билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын 3 өкүлү, билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын 3 өкүлү, иш берүүчүлөр ассоциациясынын 3 өкүлү, коомдук институттардын 2 өкүлү кирет. Улуттук аккредитациялык кеңештин курамын түзүүнүн, аккредитациялык агенттиктерди таануунун же таануудан баш тартуунун, таанууну токтото туруунун жана мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруунун, алардын ишине мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"Редакцияларды салыштыруу
23.01.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…билим берүү уюмдарын аккредитациялоо милдеттүү болуп саналат.
кошулду: 11. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары Министрлер Кабинети аныктоочу тартипте милдеттүү мамлекеттик аккредитациядан өтүшөт.
Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу, мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөн билим берүү уюмдары бүтүрүүчүлөргө билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүүгө жана билим алуучуларды кабыл алууга укугу жок.
2. алынып салынды: Билим кошулду: Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын кошпогондо, билим берүү уюму аккредитациялык алынып салынды: агенттиктерди кошулду: агенттикти өз алдынча тандайт. алынып салынды: Аккредитациялоо аккредиттелүүчү кошулду: Аккредитация аккредитациялануучу билим берүү уюмунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Ден … жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
кошулду: (КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 246 "Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялоо боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2024 · № 246
- Мамлекеттик органдары,, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-мартындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк…Постановление · 18.03.2019 · № 130 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-24" title="24-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>