Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо маселелерин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 27 августа 2024 года № 517 "Об утверждении Положения о порядке организации послевузовского профессионального образования докторантуры PhD/по профилю и присуждения ученой степени доктора философии (PhD)/доктора по профилю"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-08-27.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 517 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 11-декабры № 601 Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо маселелерин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча даярдоо (PhD)/тармак боюнча) жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор квалификациясын ыйгаруу маселелерин жөнгө салуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23 жана 40-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтү жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнү (базалык докторантура (PhD)/тармак боюнча) уюштуруу тартиби жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор квалификациясын ыйгаруу жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоонун аккредитациялануучу билим берүү программаларына коюлуучу минималдуу талаптар, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 246 "Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялоо боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2024 · № 246
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августу № 517 "Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн PhD/тармак боюнча докторантурасын уюштуруу жана…Постановление · 27.08.2024 · № 517
- Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнү (базалык докторантура PhD)/тармак боюнча) уюштуруу тартиби жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор квалификациясын…Положение · 11.12.2020 · № 601 · Күчүн жоготкон
- Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоонун аккредитациялануучу билим берүү программаларына коюлуучу минималдуу талаптар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Требования · 11.12.2020 · № 601 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августу № 517 "Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн PhD/тармак боюнча докторантурасын уюштуруу жана…Постановление · 27.08.2024 · № 517
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон