51-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга байланышкан талаш-тартыштарды кароо
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 12-глава
1. Ушул Мыйзамды колдонууга байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик жана Административдик-процесстик кодекстеринде белгиленген тартипте сот тарабынан, төмөнкү талаш-тартыштарды камтуу менен каралат:
1) товардык белгиге өзгөчө укуктун бузулушу жөнүндө;
2) лицензиялык келишимди жана комплекстүү ишкердик лицензия келишимин түзүү жана аткаруу жөнүндө;
3) географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу жөнүндө;
4) ушул Мыйзамдын 26-беренесине ылайык товардык белгини пайдаланбоо жөнүндө;
5) Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбоо жөнүндө.
2. Апелляциялык кеңеш ушул Мыйзамга жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык анын компетенциясына кирген талаш-тартыштарды карайт.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
51-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Административдик-процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 13
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-51" title="51-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>