26-берене. Товардык белгини пайдалануу жана аны пайдаланбоонун кесепеттери
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 5-глава
1. Товардык белгини пайдалануу деп товардык белгиси катталган товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү жекелештирүү үчүн, анын ичинде товардык белгини төмөнкүлөргө жайгаштыруу жолу менен аны колдонуу эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, сатууга сунушталган, сатылган, көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде көрсөтүлгөн же башка түрдө жарандык жүгүртүүгө киргизилген, же болбосо ушул максатта сакталган же ташып өткөрүлгөн, же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагына ташылган товарларга, этикеткаларга, товарлардын таңгактарына;
2) иштерди аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө;
3) товарларды жарандык жүгүртүүгө киргизүү менен байланышкан документтерде;
4) товарларды сатуу, иштерди аткаруу жөнүндө, кызматтарды көрсөтүү тууралуу сунуштарда, ошондой эле кулактандырууларда, көрнөктөрдө жана жарнамаларда;
5) Интернет тармагында, анын ичинде домендик атта жана даректөөнүн башка жолдорунда;
6) товардык белгиге өзгөчө укуктарды тескөө боюнча башка иш-аракеттерди жасоодо.
2. Товардык белгини укук ченемдүү пайдалануу болуп ушул Мыйзамга ылайык келишимдердин негизинде ушундай укук берилген жак же укук ээси тарабынан аны пайдалануу саналат.
3. Ортомчулук ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар укук ээси менен түзүлгөн келишимдердин негизинде товарларды даярдоочунун товардык белгиси менен катар, ошондой эле анын товардык белгисинин ордуна өзүнүн товардык белгисин пайдалана алышат.
4. Товардык белгини укуктук коргоо ал катталган датадан тартып кайсы болбосун үч жыл ичинде катары менен үзгүлтүксүз пайдаланбоонун натыйжасында, ал эми өткөрүп берген (ажыраткан) же болбосо үчүнчү жактарга өзгөчө укукту берген учурда - келишим катталган датадан тартып кандай болбосун кызыкдар жактын арызы боюнча сот тарабынан мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
Өзгөчө укуктар укук мураскорлугу (мураскорлук, юридикалык жакты кайра түзүү) тартибинде өткөндө, ушул берене менен белгиленген пайдаланбоонун үч жылдык мезгили өткөндүгү катталган датадан тартып эсептелет. Товардык белгини укуктук коргоо жекелештирүү үчүн товардык белгиси катталган бардык товарларга же товарлардын бөлүгүнө карата токтотулушу мүмкүн.
5. Сот ушул берененин 6-бөлүгүндө белгиленген жөнгө салуунун сотко чейинки тартибин кызыкдар жак сактаган шартта товардык белгини пайдаланбоонун натыйжасында аны укуктук коргоону токтотуу жөнүндө арызды карайт.
6. Укук ээси жекелештирүү үчүн товардык белгиси катталган бардык товарларга же товарлардын бөлүгүнө карата товардык белгини колдонбойт деп эсептеген кызыкдар жак мындай укук ээсине товардык белгиге укуктан баш тартуу жөнүндө арыз менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуу, же болбосо жекелештирүү үчүн товардык белгиси катталган бардык товарларга же товарлардын бөлүгүнө карата товардык белгиге өзгөчө укукту ажыратуу жөнүндө кызыкдар жак менен келишим түзүү сунушун (мындан ары - кызыкдар жактын сунушу) жөнөтөт. Кызыкдар жактын сунушу укук ээсине, ошондой эле Товардык белгилердин реестринде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимде каралган тиешелүү реестрде көрсөтүлгөн дарек боюнча жөнөтүлөт.
Эгерде кызыкдар жактын сунушу жөнөтүлгөн күндөн тартып эки айдын ичинде укук ээси товардык белгиге укуктан баш тартуу жөнүндө арыз бербесе жана/же кызыкдар жак менен товардык белгиге өзгөчө укуктан ажыратуу жөнүндө келишим түзбөсө, кызыкдар жак көрсөтүлгөн эки ай аяктагандан кийин отуз күндүк мөөнөттө товардык белгини пайдаланбоонун натыйжасында аны укуктук коргоону мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө доо арызы менен сотко кайрылууга укуктуу. Товардык белгини пайдаланбоонун натыйжасында аны укуктук коргоону мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим, кызыкдар жактын сунушу укук ээсине жөнөтүлгөн күндөн мурдагы үзгүлтүксүз үч жыл ичинде жекелештирүү үчүн товардык белгиси катталган тиешелүү товарларга карата товардык белгини укук ээси пайдаланбаган учурда, сот тарабынан кабыл алынат. Товардык белгини пайдалангандыгын далилдөө түйшүгү укук ээсине жүктөлөт. Товардык белгини укуктук коргоо соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген датадан тартып токтотулат. Товардык белгини пайдаланбоого байланыштуу аны каттоонун колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени чечүүдө укук ээси тарабынан берилген, ага көз карандысыз жагдайлар боюнча товардык белги пайдаланылбай калгандыгы жөнүндө далилдер, анын ичинде алар үчүн товардык белгиси катталган товарларга карата мамлекет тарабынан белгиленген чектөөлөр эске алынышы мүмкүн. Товардык белгини жарнамада, басылмаларда, расмий бланктарда, көрнөктөрдө колдонуу, товарлардын өзүнө жана (же) алардын таңгактарына товардык белгини колдонбоонун жүйөлүү себептери бар болсо, пайдаланылды деп таанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Окмөтунун 2007-жылдын 31-январы № 26 "Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдү, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана…Постановление · 31.01.2007 · № 26
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябры № 555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 19.10.2023 · № 555
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-26" title="26-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>