50-берене. Товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоону жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктү токтотуу
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 11-глава
1. Товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү шарттардын жоголушуна жана Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн касиеттери менен товар өндүрүүнүн мүмкүн эместигине байланыштуу;
2) чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын товар чыгарылган өлкөдө товар чыгарылган жердин аталышына укуктарын жоготуусуна байланыштуу.
2. Товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо токтотулгандыгына байланыштуу;
2) ушул Мыйзамдын 44-беренесинде каралган анын колдонуу мөөнөтү өтүшүнө байланыштуу;
3) товар чыгарылган жердин ушул аталышына карата Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн өзгөчө касиеттерин товардын жоготуусуна байланыштуу;
4) юридикалык жак токтотулганда же жаран-укук ээси каза болгондо;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген укук ээсинин арызынын негизинде.
3. Товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоону жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктү колдонууну токтотуу кандай болбосун жактын арызы боюнча сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-50" title="50-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>