52-берене. Товардык белгини, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилик
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 12-глава
1. Ушул Мыйзамга карама-каршы келген, бир түрдүү товарларга карата товардык белгини же товардык белгиге окшош белгини, ошондой эле кандай болбосун товарларга карата жалпыга белгилүү товардык белгини же ага окшош белгини же географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышына же географиялык көрсөтмөгө жана товар чыгарылган жердин аталышына окшош белгини пайдалануу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
2. Товардык белгиге өзгөчө укуктарды, географиялык көрсөтмөнү жана товарлар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун коргоо, атап айтканда, ушул Мыйзамда каралган тартипте төмөнкүдөй талаптарды коюу жолу менен жүзөгө ашырылат:
1) укукту таануу жөнүндө - укукту төгүндөгөн же башкача түрдө аны тааныбаган жакка, ушуну менен укук ээсинин кызыкчылыктарын бузуу аркылуу;
2) укук бузган же аны бузуу коркунучун түзгөн иш-аракеттерге бөгөт коюу жөнүндө - мындай иш-аракеттерди жасаган же ага зарыл даярдыктарды жүзөгө ашыруучу жакка, ошондой эле мындай иш-аракеттерге бөгөт коёо ала турган башка жактарга;
3) чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө - укук ээси менен макулдашуу түзбөстөн жекелештирүү каражаттарын укук ченемсиз пайдаланган (келишимсиз пайдаланган), же болбосо товардык белгиге анын өзгөчө укугун, географиялык көрсөтмөнү жана товарлар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укуктарын башка түрдө бузган жана ага зыян келтирген жакка;
4) ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык материалдык алып жүрүүчүлөрдү алып коюу жөнүндө - аны жасоочуга, импорттоочуга, сактоочуга, ташуучуга, сатуучуга, башка таратуучуга, ак ниет эмес жол менен ээлеп алуучуларга;
5) чыныгы укук ээсин көрсөтүү менен жол берилген бузуулар жөнүндө соттун чечимин жарыялоо тууралуу - товардык белгиге өзгөчө укуктарды, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун бузуучуга.
3. Укук ээси өзүнүн тандоосу боюнча укук бузуучудан чыгымдардын ордун толтуруунун ордуна төмөнкүдөй компенсацияларды төлөп берүүсүн талап кылууга укуктуу:
1) бузуунун мүнөзүнө жараша соттун кароосу боюнча аныкталуучу жүздөн элүү миңге чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
2) товардык белгини мыйзамсыз жайгаштырылган товарлардын наркынын эки эселенген өлчөмүндө же салыштырмалуу жагдайларда адатта товардык белгини укук ченемдүү пайдалануу үчүн алынуучу баага жараша аныкталган товардык белгини пайдалануу укугунун наркынын эки эселенген өлчөмүндө.
Компенсация укук бузуу фактысы далилденгенде өндүрүп алынууга тийиш. Мындайда укугун коргоо үчүн кайрылган укук ээси ага келтирилген чыгымдардын өлчөмүн далилдөөдөн бошотулат. Компенсациянын өлчөмү акылга сыярлык жана адилеттүү талаптарды эске алуу менен, бузуулардын мүнөзүнө жана башка жагдайларга жараша ушул Мыйзамда белгиленген чектерде сот тарабынан аныкталат. Эгерде бир иш-аракет менен жекелештирүүнүн бир нече каражаттарына болгон укуктар бузулса, жекелештирүүнүн ар бир укук ченемсиз пайдаланылган каражаты үчүн компенсациянын өлчөмү сот тарабынан аныкталат.
4. Кыргыз Республикасында катталбаган товардык белгиге, географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына карата эскертүүчү маркалоону жүргүзүүчү жак ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте жоопкерчилик тартат.
5. Товардан же анын таңгагынан товардык белгини, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын өчүрүү, мыйзамсыз пайдаланылган товардык белгилерди камтыган товарга камак салуу же жок кылуу мындай товардын ээсинин мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн укуктарын коргоого болгон укугун сактоо менен жүргүзүлөт.
6. Товардык белгиге өзгөчө укукту, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун бузуу жөнүндө иш боюнча доону камсыздоо тартибинде, процессуалдык мыйзамдарда белгиленген, укук бузуулардын көлөмүнө жана мүнөзүнө шайкеш келген камсыздоочу чаралар кабыл алынышы мүмкүн, анын ичинде, эгерде материалдык алып жүрүүчүлөргө, жабдууларга жана материалдарга же мындай иш-аракеттерге карата товардык белгиге өзгөчө укукту, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укуктарын бузуу жөнүндө божомол чыгарылса, материалдык алып жүрүүчүлөргө, жабдууларга жана материалдарга камак салынышы, маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарда тиешелүү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга тыюу салынышы мүмкүн.
7. Жекелештирүү каражаты берилген материалдык алып жүрүүчүлөрдү жасоо, жайылтуу же башка пайдалануу, ошондой эле импорттоо, ташып жеткирүү же сактоо товардык белгиге өзгөчө укуктарды, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун бузууга алып келген учурда, мындай материалдык алып жүрүүчүлөр контрафакттык деп эсептелет жана, эгерде ушул Мыйзамда башка натыйжалары каралбаса, соттун чечими боюнча жүгүртүүдөн алынууга жана эч кандай компенсациясыз жок кылынууга тийиш.
8. Товардык белгиге өзгөчө укуктарды, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун бузуу үчүн башкы негизде пайдаланылган же багытталган курал-шаймандар, жабдуулар же башка каражаттар, эгерде мыйзамда аларды Кыргыз Республикасынын кирешесине айландыруу каралбаса, соттун чечими боюнча жүгүртүүдөн алып салынууга жана укук бузуучунун эсебинен жок кылынууга тийиш.
9. Укук бузууну токтотуу же келтирилген чыгымдарды өндүрүү жөнүндө талаптардан тышкары, товардык белгини мыйзамсыз пайдалануудан жарандык укуктарды коргоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, башка мамлекеттик органдар тарабынан алардын компетенцияларына ылайык, ошондой эле сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Жарандык, кылмыш-жаза мыйзамдарында же укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда каралган чаралардан тышкары, товардык белгилерге болгон укуктарды коргоо төмөнкүдөй жолдор менен да жүзөгө ашырылат:
1) товарларды чыгарууну токтотуп туруу;
2) жабырлануучунун иштиктүү аброюн калыбына келтирүү максатында соттун чечимин жарыялоо;
3) товардан же анын таңгагынан мыйзамсыз пайдаланылган товардык белгини же чаташтыруу деңгээлине чейинки ага окшош белгини өчүрүү жана/же чаташтыруу деңгээлине чейин ага окшош даярдалган товардык белгинин сүрөттөрүн же белгилерди жок кылуу;
4) товардык белгиси мыйзамсыз колдонулган товарларга камакка салуу же жок кылуу;
5) товардык белгиге, географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына укуктарды бузган маалымат жайгаштырылган маалымат ресурстарына (Интернет түйүнү, башка маалымат ресурстары) жеткиликтүүлүктү чектөө же токтотуу.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
52-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-52" title="52-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>