Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жобосуна кайтаруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 6-мартындагы № 2878-VII
“Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жобосуна кайтаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 57-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 25-апрелиндеги чыг. № 18-3525) “Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуунун жол-жобосуна кайтарылып берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. “Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын
25-декабрындагы № 2685-VII күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрагасынын орун басары
Н.О. Сыдыгалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-декабры № 2685-VII "Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 25.12.2024 · № 2685-VII · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Суу КодексиКодекс · 12.01.2005 · № 8 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-декабры № 2685-VII "Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 25.12.2024 · № 2685-VII · Күчүн жоготкон