Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуу жол-жобосуна кайтаруу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-сентябры № 3382-VII "Кыргыз Республикасынын тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуу жол-жобосуна кайтаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 57-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, Э.К.Кокулов, М.К.Алиев, Н.О.Сыдыгалиев, В.К.Раимбачаева, А.Н.Абдибаева, А.Т.Маткеримов, Б.Э.Тентишев, Б.З.Түлөбаев, А.Исатбек кызы, Л.Х.Лурова, Ш.Мажитова, Т.Т.Мамытов, М.Ж.Сыдыков, Ы.Ы.Атажанов, Р.Ш.Жакышов, А.А.Козуев, А.Алтынбеков, Э.Т.Токтошев, М.О.Темирбаева, Т.И.Икрамов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуу жол-жобосуна кайтарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 3126-VII токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрагасынын орун басары
Ж.Э. Садырбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 4-июну № 3126-VII "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.06.2025 · № 3126-VII
- Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 12.11.2025 · № 254 · Күчүнө кире элек