Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
81-берене. Салык карызын өндүрүү чаралары жана салык карызын аткарууну камсыз кылуу ыкмалары
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар (мындан ары - салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы) төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн учурда салык органы ушул главага ылайык салык карызын талашсыз тартипте өндүрүүгө жана өндүрүлгөн каражаттарды мындай карыздын суммасын төлөө эсебине жөнөтүүгө укуктуу.
Салык карызын өндүрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы болгон учурда салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү (мындан ары - салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү) жөнөтүү жолу менен салык төлөөчүгө 30 календардык күндүн ичинде салык милдеттенмесин ыктыярдуу тартипте аткаруу сунушталат.
(Абзац КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул Кодексте каралган учурларда салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү аткаруу документи болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аткарылат.
4. Салык милдеттенмеси ыктыярдуу тартипте аткарылбаган учурда салык органы салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын мажбурлоо тартибинде өндүрөт.
5. Салык карызын өндүрүү чараларына төмөнкүлөр кирет:
1) банкка жана электрондук акчалардын жана төлөм тутумдарынын операторуна салык төлөмүнүн талаптарын (мындан ары - СТТ) коюу;
2) салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын салык төлөөчүгө карата салык постун орнотуу жолу менен накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүү;
3) Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аткаруу документи катары салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү аткаруу;
4) салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен өндүрүү.
Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында каралган чаралар аларды колдонууга негиздер болгон учурда колдонулат. Мындай негиздер жок болгон учурда салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүгө белги коюлат.
6. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу төмөнкүдөй ыкмалар менен камсыз кылынышы мүмкүн:
1) туумдарды эсептөө;
2) банк кепилдигин берүү;
3) салык төлөөчүнүн ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуусу - салык төлөөчүнүн депозити.
7. ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө пайда болгон салык милдеттенмесин аткарууну жана салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын жоюуну камсыз кылуу ыкмалары Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.
8. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын өндүрүү чаралары жана/же салык карызын камсыз кылуу ыкмалары, мындай кезектүүлүк ушул главада түздөн-түз каралган учурларды кошпогондо, кезектүүлүктү сактабастан колдонулат.
9. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү кагаз жүзүндө же электрондук түрдө таризделиши мүмкүн.
Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнүн формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Салык карызын өндүрүү чараларына төмөнкүлөр кирет:
1) банкка кошулду: жана электрондук акчалардын жана төлөм тутумдарынын операторуна салык төлөмүнүн талаптарын (мындан ары - СТТ) коюу;
2) салык төлөөчү … туумдарды эсептөө;
2) банк кепилдигин берүү;
3) салык төлөөчүнүн кошулду: ыйгарым укуктуу салык алынып салынды: кызматынын органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуусу - салык … салык органы тарабынан бекитилет.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № алынып салынды: 37 , кошулду: 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № алынып салынды: 262 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)алынып салынды: Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен берилген Кодекстин 81-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр, 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Решение Конституционного Суда КР от 29 июня 2022 года (По делу о проверке конституционности частей 1, 2 статьи 87 Налогового кодекса Кыргызской Республики в связи с запросом…Сот практикасы · Решение · 29.06.2022 · № 05-р
Беренеге цитата келтиргендер (10)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 24.02.2022 · № 95
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 80, 85, 138, 139 жана…Постановление · 22.03.2022 · № 150
- Решение Конституционного Суда КР от 29 июня 2022 года (По делу о проверке конституционности частей 1, 2 статьи 87 Налогового кодекса Кыргызской Республики в связи с запросом…Решение · 29.06.2022 · № 05-р
- Салык карызын өндүрүү ТАРТИБИ (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна)Порядок · 22.03.2022 · № 150
- Салык постун орнотуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна)Порядок · 24.02.2022 · № 95
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 "Кыргыз…Постановление · 22.05.2026 · № 364
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августу № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 28.08.2025 · № 533
- Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө НУСКАМА (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Инструкция · 16.08.2017 · № 488 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 токтому менен бекитилген "Салыктык карызды өндүрүүнүн тартиби жөнүндө" жобосуПоложение · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтому менен бекитилген)Порядок · 24.07.2017 · № 444 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.12.2025 · № 262
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 12.02.2025 · № 37
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-81" title="81-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>