Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
82-берене. Туумдарды эсептөө
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Туум деп салык милдеттенмесин аткарбаган же аткарууну кечиктирген учурда салык төлөөчү төлөөгө тийиш болгон акчалай сумма түшүнүлөт.
2. Туумдун суммасы салык милдеттенмесин мажбурлап аткартуу чараларын, ошондой эле салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликтин башка чараларын колдонууга карабастан эсептелет жана төлөнөт.
3. Туумдар салык милдеттенмесин аткаруу үчүн ушул Кодексте белгиленген күндөн кийинки күндөн тартып салык милдеттенмесин аткаруунун мөөнөтү өткөн ар бир календардык күн үчүн эсептелет.
4. Эсептелген туумдардын жалпы суммасы салык төлөөчүнүн салык калдыгынын суммасынын 100 пайыз өлчөмүнөн ашпашы керек.
5. Мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туумдар салык төлөөчүнүн салык калдыгынын суммасынан пайыздар менен аныкталат.
6. Туумдун суммасы мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн салык калдыгынын өлчөмүнүн 0,09 пайызына барабар өлчөмдө эсептелет.
7. Туумдар төмөнкүлөргө карата эсептелбейт:
1) эсептелген пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын суммаларына;
2) салык төлөөчүнү банкрот деп таануу же жарыялоо жөнүндө чечим күчүнө кирген учурдан тартып банкрот деп таанылган салык төлөөчүнүн салык калдыгынын суммасына;
3) соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып бул чечим жокко чыгарылганга чейин дайынсыз жоголду деп таанылган жеке жактын салык калдыгынын суммасына;
4) эгерде салык калдыгынын келип чыгышынын бирден бир себеби тейлөөчү банктын жоюлушу болуп саналса, банкты мажбурлап жоюу жөнүндө чечим күчүнө кирген учурдан тартып мажбурлап жоюлуучу банктын насыя берүүчүсүнүн-кредиторунун салык калдыгынын суммасына;
5) мамлекеттик бюджетте төмөнкүдөй максаттарга каралган каражаттардын чектеринде салык төлөөчү тарабынан берилген товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз учурунда каржылабай калуунун натыйжасында келип чыккан салык калдыгынын суммасына;
6) ал жеткис күчтүн кесепетинен келип чыккан салык калдыгынын суммасына;
7) кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү салык карызынын суммасына;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же ыйгарым укуктуу салык органынын түшүндүрмөсүн колдонуунун жана/же өзгөртүүнүн натыйжасында келип чыккан салык калдыгынын суммасына.
9) салык төлөөчү жалпы салык режиминен бөлүп төлөө берилген атайын салык режимине өткөндө келип чыгуучу КНС боюнча салык милдеттенмесинин суммасына
Ушул пункттун шарттары боюнча мурда чыгарылган түшүндүрмөлɵр жокко чыгарылган датага чейинки мезгил үчүн туумдар эсептелбейт.
8. Берилген такталган отчеттуулук боюнча туумдар ушул отчеттуулук боюнча түзүлгөн төлөнбөгөн салык милдеттенмесинин суммасына гана эсептелет.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өзгөртүүнүн натыйжасында келип чыккан салык калдыгынын суммасына. кошулду: 9) салык төлөөчү жалпы салык режиминен бөлүп төлөө берилген атайын салык режимине өткөндө келип чыгуучу КНС боюнча салык милдеттенмесинин суммасына Ушул пункттун шарттары боюнча мурда чыгарылган түшүндүрмөлɵр жокко … төлөнбөгөн салык милдеттенмесинин суммасына гана эсептелет. кошулду: (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 токтому менен бекитилген "Салыктык карызды өндүрүүнүн тартиби жөнүндө" жобосуПоложение · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген "Салык төлөөчүлөрдүн салык мыйзамдарын сактоосу боюнча салык органдарынын кызмат адамдары тарабынан…Положение · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-82" title="82-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>