Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
70-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу датасы
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Салык милдеттенмесин аткаруу датасы болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эгерде акча каражаты бюджетке түшсɵ, ушул төлөм тапшырмасын толук көлөмдө аткаруу үчүн салык төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү каражаттар болгондо салыктын эсептелген суммасын которууга банкка төлөм тапшырмасы берилген күн;
2) эгерде акча каражаты бюджетке түшсɵ, ушул төлөм тапшырмасын толук көлөмүндө аткаруу үчүн салык төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү каражатынын жоктугунун себеби боюнча мурда аткарылбаган салыктын эсептелген суммасын которууга төлөм тапшырмасын банк аткарган күн;
3) банкка салыктын эсептелген суммасын которуу үчүн накталай акча каражаттарын төлөгөн күн;
4) төлөм терминалы, POS-терминалы, электрондук акча, аралыктан же алыстан банктык тейлөө тутуму жана башка түзүлүштөр аркылуу төлөм жүргүзүүнү жүзөгө ашырган күн;
5) салык органы тарабынан салыктардын ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн суммаларын салык органы салык карызын жабуу жана/же алдыдагы салык милдеттенмесин аткаруу эсебине чегерүү жөнүндө, ошондой эле салыктын туура эмес төлөнгөн суммасын чегерүү же кайтарып берүү тууралуу чечим кабыл алынган күн;
6) салык органы тарабынан КНС ашыкча төлөнгөн суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күн;
7) салык органы тарабынан салык органынын депозиттик эсебинен салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелерин аткаруу эсебине акча каражаттарын которуу жөнүндө чечим кабыл алынган күн;
8) салыктык укук бузуу фактысы боюнча кылмыш иши үчүн салык карызынын суммасы укук коргоо органдарынын депозиттик эсебине төлөнгөн күн;
9) салыктар бирдиктүү салык төлөмү менен Бирдиктүү салык эсеби аркылуу төлөнгөн күн;
2. Салык милдеттенмеси төмөнкүдөй учурда мөөнөтүндө аткарылган деп таанылбайт:
1) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, эгерде акча каражаттары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө бюджетке түшпөсө;
2) салык төлөөчү салыктын суммасын которууга төлөм тапшырмасын кайра чакыртып алса;
3) салыктын суммасын которууга төлөм тапшырмасын банк салык төлөөчүгө кайтарып берсе;
4) эгерде салык төлөөчү банкка салыктын суммасын которууга төлөм каражатын көрсөткөн күнү бул салык төлөөчүгө коюлган жана аткарылбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кезексиз, же болбосо биринчи кезектеги тартипте аткарылуучу башка акчалай талаптар болсо жана салык төлөөчүнүн эсебинде мындай бардык акчалай талаптарды канааттандыруу үчүн жетиштүү акча каражаттары болбосо.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…түзүлүштөр аркылуу төлөм жүргүзүүнү жүзөгө ашырган күн;
5) салык алынып салынды: кызматынын органы тарабынан салыктардын ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн суммаларын салык алынып салынды: кызматынын органы салык карызын жабуу жана/же алдыдагы салык милдеттенмесин … чегерүү же кайтарып берүү тууралуу чечим кабыл алынган күн;
6) салык алынып салынды: кызматынын органы тарабынан КНС ашыкча төлөнгөн суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күн;
7) салык алынып салынды: кызматынын органы тарабынан салык органынын депозиттик эсебинен салык төлөөчүнүн … № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № алынып салынды: 243 )кошулду: 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-70" title="70-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>