Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
69-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык талаптагыдай түрдɵ аткарылышы керек.
2. Салык милдеттенмесин аткаруу салык төлөөчү тарабынан өз алдынча же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда башка үчүнчү жак тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Салыктын бардык эсептелген суммасын төлөө эсебине накталай эмес формада, анын ичинде санариптик сом менен төлөө салык милдеттенмесин аткаруу болуп саналат.
4. Салык төлөөчү салыктын бүткүл суммасын дароо же бөлүп төлөө менен салык милдеттенмесин аткарууга укуктуу.
5. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.
6. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, салык милдеттенмесин аткаруудан баш тартууга же аны аткаруу тартибин өзгөртүүгө жол берилбейт.
7. Салык милдеттенмесин аткаруу салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартууга карабастан жүзөгө ашырылат.
8. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин Бирдиктүү салык эсеби аркылуу аткарууну тандап алууга укуктуу.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Салыктын бардык эсептелген суммасын төлөө эсебине накталай эмес алынып салынды: формада кошулду: формада, анын ичинде санариптик сом менен төлөө салык милдеттенмесин аткаруу алынып салынды: деп кошулду: болуп саналат.
4. Салык төлөөчү салыктын бүткүл суммасын дароо же бөлүп … укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартууга карабастан жүзөгө ашырылат.
кошулду: 8. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин Бирдиктүү салык эсеби аркылуу аткарууну тандап алууга укуктуу.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Порядок признания и списания безнадежной задолженности налогоплательщика (утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от 30 декабря 2008 года № 736)Порядок · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-69" title="69-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>