Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
46-берене. Салык режимдери
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262
1. Салык режими деп салыктардын жана алардын элементтеринин курамы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте колдонулуучу аларды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби таанылат.
2. Кыргыз Республикасында жалпы салык режими жана атайын салык режимдери белгиленет.
3. Жалпы салык режими деп ушул Кодексте белгиленген жалпы мамлекеттик жана жеригилктүү салыктар боюнча салыктык милдеттенмелер салык төлөөчүдө пайда болгон салык салуу тутуму саналат.
Атайын салык режими болуп жалпы мамлекеттик салыктардын ордуна салыктардын курамын жана алардын элементтерин аныктоонун өзгөчө тартиби колдонулган жана/же ушул Кодекске ылайык айрым мамлекеттик жана жергиликтүү салыктарды төлөө милдеттенмесинен бошотулган салык тутуму саналат.
4. Атайын салык режими болуп төмөнкүлөр саналат:
1) патенттин негизиндеги салык;
2) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгɵн тутуму;
3) эркин экономикалык зоналардагы салык режими;
4) Жогорку технологиялар паркындагы салык режими;
5) майнингге салык;
6) электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык;
7) оюн-зоок ишине салык;
8) өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык;
9) өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагындагы салык режими.
10) транзакцияга салык.
5. Ушул беренеде белгиленгендерден тышкары, экономикалык иштин айрым түрлөрү үчүн башка атайын салык режимдерин белгилөөгө тыюу салынат.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июня 2022 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам игорной деятельности"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- "Салык органдарына патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта берүүнү ТАРТИБИ" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 токтому менен бекитилген)Порядок · 31.07.2018 · № 357 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-августундагы N 331 "Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды…Постановление · 13.08.2007 · № 331 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылындагы 1-августундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун "Дружба" айыл чарба өндүрүштүк кооперативине товардык…Постановление · 01.08.2005 · № 333 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 6-мартындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын мекемелерине салыктар, камсыздандыруу…Постановление · 06.03.2008 · № 73 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-46" title="46-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>