Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 13-августу N 331
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык
санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды
реструктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 21-февралындагы № 58 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жа-
на кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
три, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик
комитетинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы коми-
тетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде аталган мый-
зам долбоору каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдө-
рү болуп дайындалсын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 58
токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы N
646 токтому менен демилге кылынган "Чегерилген пайыздар, пенялар, кар-
жылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды рес-
труктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинен кайра сурап алынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы N
646 "Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жана
кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп
табылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Чегерилген пайыздар, пенялар, финансылык, айыптык
санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды
реструктуризациялоо жөнүндө
Салык төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу
жана колдоо көрсөтүү, салыктар жана бажы төлөмдөрү боюнча чегерилген
пайыздар, пенялар, финансылык, айыптык санкциялар боюнча карыздарды,
ошондой эле кайтарылгыс карыздарды кечип жиберүү аркылуу бюджеттин ал-
дындагы карыздарды алда-канча толук тындырууга түрткү берүү ушул Мый-
замдын максаты болуп саналат.
1-статья. Жалпы жоболор
1. Юридикалык жана жеке жактардын карыздары кайра структуралашты-
рууга жатат.
2. Ушул Мыйзамда төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:
карызды реструктуризациялоо - төлөө мөөнөттөрүн узартуу же карызды
жарым-жартылай кечип жиберүү;
пайыздар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 63-статьясына
жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 248, 260-статьяларына ылай-
ык бажы төлөмдөрүн, салыктарды жана жыйымдарды белгиленген мөөнөттөрдө,
өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн чегерилген суммалар;
пеня - Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 260-статьясына ылай-
ык аныкталган акчалай сумма, аны салык төлөөчү бажы төлөмдөрүн төлөбө-
гөндүгү үчүн төлөөгө милдеттүү болот;
финансылык жана айыптык санкциялар - Кыргыз Республикасынын салык
жана бажы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн чегерилген суммалар;
карыз - бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктар, бажылык алымдар
жана алар боюнча чегерилген пайыздар, пенялар, финансылык жана айыптык
санкциялар;
реструктуризациялануучу карыз - 2007-жылдын 1-январына карата
алынган абал боюнча орун алган жана ушул Мыйзамдын 2-статьясында карал-
ган тартипте тындырылбаган пайыздар, пенялар, финансылык жана айыптык
санкциялар боюнча карызды толук же жарым-жартылай кечип жиберүү;
кайтарылгыс карыз - юридикалык жана жеке жактардын экономикалык,
социалдык жана юридикалык мүнөздөгү себептерден улам өндүрүүгө мүмкүн
болбой калган жана ал боюнча доонун эскиришинин мөөнөтү аяктаган бажы
жана салык алымдары боюнча карыз же болбосо банкроттук (кудуретсиздик)
жол-жобону өткөрүү учурунда токтотулган тындыруу боюнча милдеттенме;
2-статья. Карызды реструктуризациялоонун тартиби
1. Салыктардын негизги суммалары жана утурумдук төлөмдөр боюнча
карызды тындырган салык төлөөчүгө төмөнкүдөй тартипте пайыздары, финан-
сы жана айып санкциялары эсептен чыгарылат:
а) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөндөн кийинки
айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкциялары
-100 пайызга;
б) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин-
ки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкцияла-
ры - 80 пайызга;
в) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып тогуз ай өткөндөн кий-
инки айдын биринчи күнүнө карата - пайыздар, финансы жана айып санкция-
лары - 50 пайызга.
2. 2007-жылдын 1-январына карата салыктардын негизги суммалары жа-
на утурумдук төлөмдөр боюнча карызы жок салык төлөөчүнүн пайыздары, фи-
нансы жана айып санкциялары ушул статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасында
аныкталган тартипте эсептен чыгарылат.
3. Салык төлөөчү ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган
кайра структуралаштыруудан кийин Кыргыз Республикасынын Салык кодекси-
нин 46-статьясынын талаптарына ылайык төлөө мөөнөтүн узартууга укуктуу.
4. Салык төлөөчү ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган бир
жолку гана кечүү жана ушул статьянын 3-пунктуна ылайык төлөө мөөнөтүн
бир жолку узартуу укугунан пайдаланат.
5. Салыктардын жана жыйымдардын негизги суммалары боюнча реструк-
туризациялануучу карызды тындыруу мөөнөтү болуп казыналыктын региондук
бөлүмүнүн эсебине кириштелген күн эсептелинет.
6. Реструктуризациялануучу карызды тындыруу максатында ашыкча тө-
лөөнүн суммасына КНСтин нөлдүк чени менен жөнөтүүлөрдүн эсебинен пайда
болгон ашыкча төлөө киргизилбейт.
7. Салык төлөөчүнүн карыз боюнча ашыкча төлөгөндөрү төмөндөгүдөй
пайдаланылат: айрым салыктар боюнча карыз тындырылат, анан ошол карыз
боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана салыктардын ченде-
рин жөнгө салуучу жана аларды администрлөөнүн дагы башка мыйзам актыла-
рынын талаптарына ылайык кошуп эсептелген пайыздар жана айып санкцияла-
ры боюнча карыз тындырылат.
3-статья. Атайын жоболор
Төмөндөгүлөрдүн карыздары реструктуризацияланбайт:
- өз ишин салыктык жана бажылык жењилдиктер каралган Кыргыз Рес-
публикасынын эл аралык келишимдеринин жоболоруна ылайык жүргүзүшкөн
субъекттердин;
- акцизделүүчү товарларды өндүрүү жана сатып өткөрүү менен алек-
тенген субъекттердин;
- салык салынышы эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү Кыргыз Рес-
публикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынуучу алардын субъект-
теринин;
- ишинин негизги түрү соода болгон, анын кирешеси бардык түшкөн
акчасынын кеминде 75 пайызын бере турган субъекттердин;
- ишинин негизги түрү мейманкана кызматын көрсөтүү болуп саналган
субъекттердин;
- "Инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
катталышкан чет өлкөлүк ишканалардын жана чет өлкөлүк инвесторлордун.
4-статья. Кайтарылгыс карызды кечип жиберүү
Кайтарылгыс карыз юридикалык жана жеке жактардын экономикалык, со-
циалдык жана юридикалык мүнөздөгү себептерден улам өндүрүүгө мүмкүн
болбой калган жана ал боюнча доонун эскиришинин мөөнөтү аяктаган бажы
жана салык төлөмдөрү боюнча карыз же болбосо банкроттук (кудуретсиздик)
жол-жобону өткөрүү учурунда токтотулган тындыруу боюнча милдеттенме то-
лук көлөмүндө кечип жиберилет.
5-статья. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана ал
күчүнө кирген күндөн тартып тогуз ай өткөндөн кийинки айдын биринчи кү-
нүнө чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 284-IV ""Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо…Постановление · 03.04.2008 · № 284-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы №646 «Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды…Постановление · 08.09.2006 · № 646 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун кайра сурап алуу жана Кыргыз…Постановление · 21.02.2008 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы №646 «Чегерилген пайыздар, пенялар, каржылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды…Постановление · 08.09.2006 · № 646 · Күчүн жоготкон
- Чегерилген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндөЗакон · 15.05.2008 · № 84 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2012-жылдын 8-февралындагы №5 "Жайыт комитетинин 2012-жылга бюджетин бекитүү жана 2011-жылдагы бюджетин угуу" токтомуПостановление · 08.02.2012 · № 5
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон