Фрунзе айылдык кеңешинин «Кз зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXIX чакыруунун 20-(кезектүү) сессиясы
2023-жылдын 25-январындагы № 1
Кз зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-мартындагы №4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктунун негизинде, ошондой эле айыл чарба багытындагы эмес жер салыгын жана үй жанындагы жана бакча участокторунан алынуучу жер салыгын эсептөө үчүн Кз зоналык коэффициентин бекитүү зарылдыгы жөнүндө Фрунзе айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси – К.М.Камбарбаеванын маалыматын угуп жана талкуулагандан кийин, Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 403-беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы боюнча зоналык коэффициенттин «Kз = 2,0» өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 397-беренесине ылайык турак жайдын жанындагы, короо-жай жана багбанчылык участокторунан алынган жер салыгынын суммасын эсептөө үчүн зоналык коэффициенттин «Кз = 2,0» өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 75-беренесинин негизинде 2023-жылдан баштап юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден таштанды чыгаруунун тарифи бир кызматкерге 100 сом өлчөмүндө бекитилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага
Ш.Ш. Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3