Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
117-берене. Салыктык текшерүүлөр түшүнүгү жана анын түрлөрү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Салыктык текшерүү салык органдары тарабынан гана жүзөгө ашырылат.
Салыктык текшерүүнүн катышуучулары болуп жазма буйрукта көрсөтүлгөн салык органынын кызмат адамдары жана салык төлөөчү, ошондой эле салык боюнча өкүл саналат.
2. Зарыл учурларда салык органдары атайын билимдерди жана тажрыйбаларды талап кылуучу айрым маселелерди изилдөө жана консультацияларды алуу үчүн салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкдар болбогон эксперттерди ишке тартышы мүмкүн.
3. Салыктык текшерүүнүн максаты салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын өз учурунда жана толук аткарышына контроль жүргүзүү жана көмөк көрсөтүү болуп саналат.
4. Салыктык текшерүүлөр төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) көчмө текшерүү;
2) камералдык текшерүү.
5. Көчмө текшерүү төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) пландуу текшерүү - салыктардын бардык түрлөрү боюнча салык милдеттенмесинин аткарылышын текшерүү;
2) пландан тышкары текшерүү - салыктын бардык түрлөрү боюнча салык милдеттенмесинин аткарылышына төмөнкү учурларда текшерүү жүргүзүлөт:
а) салык кызматынын маалыматтык тутумунда салык төлөбөө тобокелдиги факторлору жок болгон учурларды кошпогондо, уюмду жоюуда;
б) салык кызматынын маалымат тутумунда салык төлөбөө тобокелдик жана салык төлөөчү тарабынан нөлдүк көрсөткүчү менен салык отчетторун көрсөтүү факторлору жок болгон учурларды кошпогондо, жеке ишкердин иши токтотулганда;
в) салык органдары салык төлөөчүдө салыкты туура эмес эсептөө фактылары бар экенин далилдеген документалдык жактан ырасталган маалыматтарды алган учурда;
г) салык органдары төмөнкүлөрдү алганда:
- уюмду жана жеке ишкерди банкрот деп таануу жөнүндө арызды кабыл алуу тууралуу соттун аныктамасын;
- уюмдун банкроттук процессинин жол-жобосун соттон тышкаркы тартипте козгоо жөнүндө билдирүүнү алганда.
Юридикалык жак жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүүсүн алган учурда, салык органы 20 жумуш күндүн ичинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесинин болуу тобокелдиги жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү. Салык милдеттенменсинин болуу тобокелдиги жөнүндө маалыматта салыктык текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтүнө карата көрсөтмө камтылууга тийиш. Юридикалык жак жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүүсүн алган күндөн тартып 20 жумуш күн өткөндөн кийин салык органы тарабынан салыктык милдеттенменин болуу тобокелдиги жөнүндө маалыматтын берилбеши, көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан салык төлөөчүдө салык карызынын жок экендигин таануу үчүн негиз болуп саналат;
3) утурлама текшерүү - салыктык текшерүүнү же КНС ашыкча төлөнгөн суммаларынын пайда болушунун негиздүүлүгүн текшерүүнү жүргүзүүдө салык органында зарылдык келип чыкса, анын ичинде салык төлөөчүнүн даттануусун караган органдын же салык органдарынын суроо-талаптары боюнча, көрсөтүлгөн адамдар менен салык төлөөчү ишке ашыруучу операцияларга түздөн-түз байланышкан айрым документтерди текшерүү зарылдыгы келип чыкса, үчүнчү жактарга карата салык кызматынын органдары жүргүзүүчү текшерүү;
4) кайра текшерүү - салык органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу төмөнкүдөй текшерүү:
а) мурда текшерилген салык төлөөчү боюнча көчмө текшерүүдө аныкталбаган салыктарды туура эмес эсептөө фактылары бар экендигин көбөлөндүрүүчү документтин негизинде ырасталган маалыматтарды салык органдары алган учурда жана документтер мурда текшерилбегендигинин себептери көрсөтүлгөн салык органынын кызмат адамынын жүйөлүү арызын алганда;
б) салык төлөөчү тарабынан талашылбаган же негиздүүлүгү сот тарабынан ырасталган, салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органынын чечимине ылайык берилген такталган салык отчеттуулугунан тышкары, салык төлөөчүнүн мурда көчмө текшерүүдө камтылган салык мезгили үчүн салык органы тарабынан кабыл алынган такталган салык отчеттуулугу боюнча;
Кайра текшерүү көрсөтүлгөн мезгил үчүн көрсөтүлгөн документтик маалыматтар боюнча гана жүргүзүлөт. Мында кайра текшерүүнүн натыйжасы кайра текшерилип жаткан салыктык текшерүүгө катышпаган салык кызматынын органынын кызмат адамы жүргүзүүгө тийиш. Суроо-талаптын, жүргүзүлгөн экспертизанын, утурлама текшерүүнүн көчмө текшерүү аяктаган мезгилден кийин алынган натыйжалары боюнча дайындалган кайра текшерүү ушул көчмө текшерүүнү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылат.
5) тематикалык текшерүү - конкреттүү фактты белгилөө максатында салык органдарынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусун кароодо ыйгарым укуктуу салык органынын тапшырмасы боюнча салык органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Тематикалык текшерүү салык төлөөчү даттанган салык салуу объекттерине жана салыктык милдеттенмелерге тиешеси бар маселелер боюнча, анын ичинде мурда көчмө, ошондой эле камералык текшерүүдө камтылган мезгилдер үчүн да жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Салыкты туура эсептөө маселелери боюнча камералдык текшерүү салык төлөөчүнүн отчеттук документтери жана башка булактардан салык кызматынын органдарына түшкөн маалыматтар боюнча түздөн-түз салык кызматынын органдары турган жерде жүргүзүлөт.
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлары кошпогондо, салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү салык төлөөчүнүн ишин токтотпошу керек.
8. Камералдык текшерүү мурда көчмө пландалган жана пландан тышкары текшерүүлөр менен текшерилген мезгилге жана салыктык милдеттенмеге карата жүргүзүлбөйт.
9. Салык органдары төмөнкүлөрдүн негизинде пландан тышкаркы көчмө текшерүүнү же кайра текшерүүнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуксуз:
1) салыкты туура эмес эсептөө фактыларын күбөлөндүрүүчү документтер менен ырасталган маалыматтары жок болгон салык төлөөчүгө карата укук коргоо органдарынын каттарынын жана/же тиешелүү кайрылууларынын, ошондой эле мамлекеттик органдардын кызматтык каттарынын негизинде;
2) даттанууну кароонун натыйжалары же соттун чечими боюнча ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан мурда чечим кабыл алынган жана бул чечимдер жокко чыгарылбаган жана/же жараксыз деп таанылган негиздер боюнча.
Эскертүү! Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги текстке дал келбейт.
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Министрлер Кабинетинин "Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун…Положение · 30.03.2022 · № 178
- Салык органдары тарабынан камералык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна)Положение · 22.02.2022 · № 93
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген "Рейддик салыктык контроль жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби жөнүндө" ЖобосуПоложение · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген "Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобосуПоложение · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-117" title="117-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>