Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
322-берене. Айрым КНС төлөөчүлөр тарабынан КНС төлөө тартиби
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 40-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Эгерде ушул бөлүмдө башкасы каралбаса, ушул беренеге ылайык иштин төмөнкүдөй түрлөрүнө КНС салынууга тийиш:
1) ата мекендик өндүрүштүн чийки затынан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүү - 2031-жылдын 1-январына чейин;
2) ата мекендик өндүрүштөгү баалуу металлдардан жана сыныктардан жасалган зер буюмдарын өндүрүү - 2027-жылдын 1-январына чейин;
3) салык төлөөчүдөн сатып алынган ата мекендик айыл чарба продукциясын сатуу боюнча соода тармагына кирген, айыл чарба өндүрүүчүсү же айыл чарба кооперативи же айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору катары салыктык каттоодон өткөн КНС төлөөчүнүн соода иши - 2030-жылдын 1-январына чейин. Ата мекендик айыл чарба продукциясынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн иштин түрлөрүнүн тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Ушул беренеде:
1) айыл чарба чийки затын өнөр жайлык кайра иштетүү деп конкреттүү өндүрүш объектинде тамак-аш продукциясын өндүрүүнүн (даярдоонун) жыйынды же кезектешип аткарылган ар түрдүү технологиялык операциялардын айкалышуусу, ошондой эле алгачкы кайра иштетүү болгон айыл чарба чийки затынан даяр продукцияны өндүрүү менен байланышкан технологиялык операциялар түшүнүлөт;
2) тамак-аш продукциясы деп Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык тамак-аш азыктарын өндүрүүгө кирген продукция түшүнүлөт;
3) айыл чарба чийки заты деп Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык айыл чарбага кирген продукция түшүнүлөт;
4) (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) баалуу металлдардан жана баалуу, жарым баалуу, синтетикалык таштардан же аларсыз жасалган зергердик жасалгаларды, декоративдик жана башка буюмдарды жасоонун технологиялык операцияларынын жыйындысы зер буюмдарын өндүрүү деп түшүнүлөт.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иш боюнча салык төлөөчү тарабынан КНС бюджетке төлөөгө тийиш болгон жана ушул Кодекстин 314-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эсептелген КНС суммасы салык төлөөчү өз-өзүнчө эсепти жүргүзгөн шартта 80 пайызга азайтылат.
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 512 "КНСти 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү…Постановление · 28.09.2023 · № 512
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 651 "2030-жылдын 1-январына чейин КНС 80 пайызга азайтуу менен төлөнүүчү ата мекендик айыл чарба…Постановление · 09.10.2025 · № 651
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-322" title="322-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>