Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2030-жылдын 1-январына чейин КНС 80 пайызга азайтуу менен төлөнүүчү ата мекендик айыл чарба продукциясынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-октябры № 651
2030-жылдын 1-январына чейин КНС 80 пайызга азайтуу менен төлөнүүчү ата мекендик айыл чарба продукциясынын тизмесин бекитүү жөнүндө
Агроөнөр жай комплексин колдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба продукциясынын өндүрүүчүлөрүнө дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2030-жылдын 1-январына чейин КНС 80 пайызга азайтуу менен төлөнүүчү ата мекендик айыл чарба продукциясынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 78 (3734) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Тиркеме
2030-жылдын 1-январына чейин КНС 80 пайызга азайтуу менен төлөнүүчү ата мекендик айыл чарба продукциясынын ТИЗМЕСИ
№
ТЭИ ТН коду
Аталышы
Эскертүү
Социалдык маанилүү товарлар
1
0201
0201209008
0201300008
Бодо малдын эти (жаңы же муздатылган)
*
2
0204
0204229000
0204230000
0204439000
Кой жана эчки эти (муздатылган же тоңдурулган)
*
3
0207
0207111009
0207113009
0207119009
0207121009
0207129009
0207131009
0207132009
0207133009
0207134009
0207135009
0207136009
0207137009
0207139909
0207139009
0207141009
0207142009
0207143009
0207144009
0207145009
0207146009
0207149909
Үй канаттууларынын эти жана тамак-аш субпродуктулары (жаңы, муздатылган же тоңдурулган)
*
4
0302118000
Балык (жаңы, муздатылган)
5
0303149000
Тоңдурулган балык
6
0407210000
Тоок жумурткасы
7
0407299000
Бөдөнө жумурткасы
8
1512
1512199002
1512199003
1512219000
1512119109
1512119101
1512119909
1512199009
Сафлор, күн карама жана пахта майы, ошондой эле алардын фракциялары (рафинаддалган, колдонууга даяр)
9
0701909000
Картөшкө
10
0713339000
Буурчак
Айыл чарба продукциясы
Ачык жана жабык топуракта өстүрүлгөн жашылча өсүмдүктөрү
11
0704901001
Ак капуста
12
0704100000
Түстүү капуста жана брокколи
13
0707000506(сезон боюнча)
Бадыраң
14
0709300000
Баклажан
15
0702000005
Томат (помидор)
16
0709931000
Кабакча
17
0703900000
Жашылча чөптөр
18
0709939000
Ашкабак
19
0706100001
Ашкана сабизи
20
0703200000
Сарымсак
21
0703101900
Пияз
22
0706909001
Ашкана кызылчасы
Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү жана жүзүм
23
0706909009
Башка ушул сыяктуу жегенге боло турган тамыры жемиштер (жаңы же муздатылган)
24
0807110000
Дарбыз
25
0808108006
Алма
26
0809100000
Өрүк
27
0809290000
Алча
28
0809309000
Шабдалы
29
080940
0809400500
0809409000
Кара өрүк
30
0809290000
Гилас
31
0810201000
Данкуурай
32
0810100000
Кызылгат (кулпунай)
33
1006309400
Кабыгынан аарчылган күрүч
Баткен, өзгөн
34
0802310000
0802320000
Жаңгак
35
0409000000
Табигый аары балы
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын ички рыногунун алкагында этти классификациялоо үчүн негизги категория катары 4 белгиден турган (уй эти үчүн 0201, кой жана эчкинин эти үчүн 0204, канаттуулардын эти үчүн 0207) ТЭИ ТН коду тандалып алынган, мында "башка" кесимдерди жана бөлүктөрдү билдирген тиешелүү 10 белгиден турган коддор көрсөтүлгөн. Бул төмөнкүлөр менен шартталган:
- уй эти үчүн (0201): 4 белгинин деңгээли (0201) жаңы же муздатылган бодо малдын эти үчүн жалпыланган топ катары колдонулат, анткени товар сөөгү жана майы менен кошо кесилген бөлүктөрдөн, ошондой эле кесинди сулп эттен турат. ТЭИ ТНдин калган коддору (мисалы, 0201 20 10 дал жилиги үчүн, 0201 20 30 алдынкы төрттөн бир бөлүгү үчүн, 0201 20 50 арткы төрттөн бир бөлүгү үчүн) туура келбейт, анткени чоң кесимдердин анатомиялык түзүлүшүн сактоону талап кылат (алдынкы бөлүктө 4-10 кабырга, арткы бөлүктө 3+ кабырга болушу керек), бул соода тармактары үчүн майда кесимдерге жана кесинди сулп этке туура келбейт. Айыл чарба продукцияларынын тизмесинде 10 белгиден турган коддор деталдаштыруу үчүн аныкталган жана ассортиментти камтыган эң ылайыктуусу 0201 20 90 08 (сөөктүү башка кесимдер) коду болуп саналат;
- кой жана эчки эти үчүн (0204): 4 белгинин деңгээли (0204) жаңы же муздатылган кой жана эчкинин эти үчүн сөөгү жана майы менен кошо бөлүктөргө, ошондой эле сулп этке кесилген жалпыланган топ катары тандалып алынган. Калган коддор (мисалы, 0204 22 10 алдынкы төрттөн бир бөлүгү үчүн, 0204 22 50 жамбаш жана кашка жилик бөлүктөрү үчүн) анатомиялык бүтүндүктү сактоо талаптарынан улам колдонулбайт, анткени алар майда кесимдерге жана кесинди сулп этке туура келбейт. Айыл чарба продукцияларынын тизмесинде 10 белгиден турган коддор 0204 22 90 08 (кой эти үчүн сөөгү менен кошо башка кесимдер) жана 0204 50 39 08 (эчки үчүн) аралаш ассортимент үчүн кыйла туура келген "башка" катары тандалган;
- канаттуулардын эти үчүн (0207): 4 белгинин деңгээли (0207) жаңы же муздатылган канаттуулардын эти үчүн жалпыланган топ катары колдонулат, анткени товар сөөгү жана майы менен кошо кесилген майда бөлүктөрдөн, анын ичинде өзүнчө сатылуучу буттардан жана канаттардан, ошондой эле ар кандай түрдөгү көптөгөн башка бөлүктөрдөн турат (төшү, буту ж.б.). Калган коддор (мисалы, 0207 12 10 жарым/төрттөн бир бөлүктөр үчүн, 0207 13 30 канаттар үчүн, 0207 13 60 буттар үчүн) туура келбейт, анткени майда бөлүктөрдүн ар кандай ассортиментинен эмес, конкреттүү бүтүн бөлүктөрдөн турат. Айыл чарба продукцияларынын тизмесинде 10 белгиден турган коддор 0207 12 90 08 (башка жарым тушалар жана кесимдер) же 0207 13 90 08 (башка сөөктөн ажыратылбаган бөлүктөр) коду соода тармактарындагы кеңири ассортиментти чагылдыргандыгы үчүн "башкалар" катары тандалган.
Ошентип, 4 белгиден турган коддор сөөктөн ажыратылбаган жаңы/муздатылган эттин бүткүл ассортиментин эсепке алуу үчүн жалпылоочу категория катары тандалып алынган, ал эми "башкаларга" колдонулуучу 10 белгиден турган коддор (08 менен аяктаган) айыл чарба продукцияларынын тизмесинин деталдаштырылышын анатомиялык кесимдерге туура келбеген майда кесилген бөлүктөрдүн, кесинди сулп эттин жана ар кандай бөлүктөрдүн өзгөчөлүгүнө шайкеш келтирүү үчүн колдонулган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3