Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
317-берене. Сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС бөлүштүрүүнүн тартиби
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 40-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78
1. КНС төлөөчү салык салынуучу жана бошотулган берүүлөрдү жүзөгө ашырууда салыктык мезгилдин ичиндеги бошотулган берүүлөрдүн наркы берүүнүн бүткүл наркынын 5 пайызынан ашпаса, сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн КНС суммасы толугу менен эсепке алынат.
2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, сатып алынган материалдык ресурстар үчүн эсепке алынууга тийиш болгон КНС төмөнкүдөй тартипте эсептелет:
1) салык салынуучу берүүлөрдү түзүүгө арналган сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС суммасы эсепке алынууга тийиш;
2) бошотулган берүүлөрдү түзүүгө арналган сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС суммасы эсепке алынууга жатпайт;
3) КНС калган бөлүштүрүлбөгөн бөлүгү төмөнкүдөй өлчөмдө эсепке алынууга тийиш:
бөлүштүрүлбөгөн КНС суммасы x А / А + Б эсепке алынууга тийиш болгон суммага = (барабар), мында: А - салыктык мезгил үчүн берүүлөрдүн салык салынуучу наркы; Б - салыктык мезгилде жүзөгө ашырылган бошотулган берүүлөрдүн наркы.
3. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Кийин салык салынуучу берүүлөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган материалдык ресурстарды сатып алууда, ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык эсепке алынган КНС, ушул материалдык ресурстар бошотулган берүүлөрдү жана/же КНС салуунун объекти болбогон берүүлөрдү түзүү үчүн пайдаланылган мезгилде түзөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
03.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…салыктык мезгилде жүзөгө ашырылган бошотулган берүүлөрдүн наркы.
3. алынып салынды: Салык агенти катары банк тарабынан берүүнүн орду Кыргыз кошулду: (Кыргыз Республикасынын алынып салынды: аймагы деп таанылган жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген чет өлкөлүк уюмдан сатылып алынган учурда, сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС суммасы КНС төлөнгөн шартта ар бир берүү боюнча толугу менен эсепке алынууга тийиш.
кошулду: 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Кийин салык салынуучу берүүлөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган … болбогон берүүлөрдү түзүү үчүн пайдаланылган мезгилде түзөтүлөт.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-317" title="317-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>