Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
32-берене. Электрондук түрдө кызмат көрсөтүү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37
1. Маалыматтык-коммуникациялык түйүндөр, анын ичинде Интернет түйүнү (мындан ары - маалымат тармагы), техникалык, уюштуруучулук, маалыматтык, оюн-зоок жана башка мүмкүнчүлүктөр аркылуу жүзөгө ашырылуучу ишкердик иш, анын ичинде төмөнкүлөр электрондук түрдө кызмат көрсөтүү деп таанылат:
1) маалымат тармагы аркылуу электрондук түзүлүштөрдүн ар кандай түрлөрү (компьютердик оюндарды, анын ичинде онлайн-оюндарды кошкондо), маалымат базалары үчүн программалык камсыздоону пайдаланууга укуктарын, анын ичинде аларга аралыктан жеткиликтүүлүктү, аны менен бирге аларды жаңылоону жана кошумча функциялык мүмкүнчүлүктөрдү кошо ыйгаруу аркылуу берүү;
2) электрондук китептерди (басылмаларды) жана башка электрондук жарыялоолорду, маалыматтык, билим берүү материалдарын, графикалык сүрөттөрдү, тексти бар же тексти жок музыкалык чыгармаларды, аудиовизуалдык чыгармаларды маалымат тармагы аркылуу, анын ичинде маалымат тармагы аркылуу көрүү же угуу үчүн аларга аралыктан жеткиликтүүлүктү берүү жолу менен пайдалануу укугун маалымат тармагы аркылуу берүү;
3) маалымат тармагында, анын ичинде электрондук түзүлүштөрдүн жана маалымат тармагында иштеген маалымат базаларынын кандай болбосун түрлөрү үчүн программалык камсыздоону колдонуу менен жарнамалык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле маалымат тармагында жарнамалык аянт (мейкиндик) берүү;
4) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү), мүлктүк укуктарды сатып алуу (сатуу) жөнүндө сунуштарды маалымат тармагында жайгаштыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
5) сатуучулар менен сатып алуучулардын ортосунда байланыштарды орнотуу жана бүтүмдөрдү түзүү үчүн маалыматтык технологияларды жана тутумдарды пайдалануу менен техникалык, уюштуруучулук, маалыматтык жана башка мүмкүнчүлүктөрдү берүү боюнча кызматтарды маалымат тармагы аркылуу көрсөтүү (анын ичинде потенциалдуу сатып алуучулар автоматташтырылган жол-жобо аркылуу өз баасын сунуштаган жана тараптар жиберилүүчү автоматтык түрдө түзүлгөн билдирүүлөр аркылуу сатуу жөнүндө кабарлоо алган маалымат тармагында иштеген соода аянтчасын реалдуу убакыт режиминде берүү);
6) жеке максаттар үчүн же ишкердик (коммерциялык) ишти жүзөгө ашыруу максатында маалымат тармагында болушун камсыз кылуу жана/же колдоо, пайдалануучулардын электрондук ресурстарын (маалыматтык тармактардагы сайттарды жана/же сайттардын барактарын) колдоо, аларга маалымат тармагын башка пайдалануучуларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, пайдалануучуларга аларды модификациялоо мүмкүнчүлүгүн берүү;
7) маалыматты сактоо жана иштеп чыгуу (бул маалыматты берген жак ага маалымат түйүндөрү аркылуу кире алган шартта);
8) маалымат тутумунда маалыматты жайгаштыруу үчүн эсептөө кубаттуулугун реалдуу убакыт режиминде берүү;
9) домендик аталыштарды берүү, хостинг кызматтарын көрсөтүү;
10) маалымат тутумдарын, маалымат тармагындагы сайттарды башкаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
11) кызмат көрсөтүүнү сатып алуучу тарабынан маалыматтарды киргизүүдө, маалыматтарды издөө, аларды тандоо жана суроо-талаптар боюнча иргөө, аталган маалыматтарды маалымат тармагы аркылуу пайдалануучуларга берүү боюнча автоматташтырылган кызматтарды көрсөтүүдө маалымат тармагы аркылуу автоматтык ыкма менен ишке ашырылуучу кызматтарды көрсөтүү (анын ичинде реалдуу убакыт режиминде фондулук биржалардын жыйнагы, реалдуу убакыт режиминде автоматташтырылган которууну жүзөгө ашыруу);
12) потенциалдуу сатып алуучулар жөнүндө маалыматты издөө жана/же ага берүү боюнча заказчыга кызматтарды көрсөтүү;
13) маалымат тармагындагы издөө системаларына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү;
14) маалымат тармагындагы сайттарда статистиканы жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү.
2. Электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөргө, атап айтканда, төмөнкүдөй операциялар кирбейт:
1) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2) электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаларды (анын ичинде компьютердик оюндарды), материалдык алып жүрүүчүлөрдөгү маалыматтарды сатуу (пайдалануу укугун берүү);
3) электрондук байланыш каражаттары аркылуу консультациялык кызмат көрсөтүү;
4) Интернет түйүндөрүнө жеткиликтүүлүктү берүү боюнча кызмат көрсөтүү.
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-32" title="32-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>