Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
227-берене. Амортизациялоо максатында негизги каражаттардын түшүшү жана чыгышы
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 30-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78
1. Эгерде бул Кодексте башкача каралбаса, сатып алынган жана алынган негизги каражаттар жыл ичинде топко кошулган негизги каражаттар катары каралат жана топтун салыктык наркын жогорулатат:
1) негизги каражат уставдык капиталга салым катары түшкөндө - ушул Кодекстин 224-беренесине ылайык аныкталуучу наркка;
2) негизги каражаттын объекти консервациялоо режиминен иштеп жаткан негизги каражаттарга которулганда - ушул негизги каражаттарды консервациялоодо топтон мурда чыгарылган негизги каражаттардын салыктык наркына;
3) мурда акысыз пайдаланууга өткөрүлүп берилген негизги каражат кайтарылганда - чыгуу наркы боюнча;
4) негизги каражат реконструкциялоодон же модернизациялоодон кийин келип түшкөндө - топтон чыгарылган, салык төлөөчүнүн ушул негизги каражатты реконструкциялоого же модернизациялоого байланыштуу чыгашаларына жогорулатылган негизги каражаттын наркына;
5) салык төлөөчүнүн менчигине акысыз алынган, анын наркы кирешенин курамына киргизилген учурда негизги каражат келип түшкөндө - ушул Кодекстин 224-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык аныкталган негизги каражаттын наркына;
6) негизги каражаттарды сатып алууда, курулуш бүткөндөн кийин негизги каражаттарды ишке киргизүүдө - баштапкы нарк боюнча;
7) ушул Кодекстин 229-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык оңдоого чыгымдар суммасы боюнча чектөөдөн ашкан учурда - чектөөдөн ашкан чыгымдар суммасы боюнча.
2. Чыгарылуучу негизги каражаттар топтун салыктык наркын төмөндөтөт:
1) негизги каражат сатылганда же негизги каражат финансылык ижарага берилгенде - сатуу наркына;
2) уставдык капиталга салым катары берилгенде - ушул Кодекстин 224-беренесине ылайык аныкталган нарк боюнча;
3) негизги каражаттар жоголгондо, бузулганда камсыздандыруу келишими жок болсо - нөлгө барабар нарк боюнча;
4) камсыздандыруу учуру келип чыкканда - камсыздандыруучу уюм тарабынан камсыздандыруу келишимине ылайык камсыздандыруучуга төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы боюнча;
5) акысыз берилгенде, акысыз пайдаланууга берилгенде, ошондой эле консервациялоого өткөрүлгөндө - Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталуучу баланстык наркы боюнча;
6) жоюлуучу негизги каражаттарды сатууда - сатуу наркы боюнча;
7) жоюлуучу негизги каражаттарды товардык-материалдык запастардын курамына которууда - Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталуучу товардык-материалдык запастардын наркы боюнча.
8) товардык-материалдык запастардын курамына которууга тийиш болбогон жана жок кылынууга тийиш болгон негизги каражаттарды эсептен чыгарууда - бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баланстык нарк боюнча.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
03.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ылайык аныкталуучу товардык-материалдык запастардын наркы боюнча. кошулду: 8) товардык-материалдык запастардын курамына которууга тийиш болбогон жана жок кылынууга тийиш болгон негизги каражаттарды эсептен чыгарууда - бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баланстык нарк боюнча. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-227" title="227-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>