Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
226-берене. Негизги каражаттарды классификациялоо жана амортизациялык чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоо
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 30-глава
1. Амортизацияланууга тийиш болгон негизги каражаттар амортизациялоонун төмөндөгү ченемдери менен 6 топ боюнча классификацияланат:
1) 1-топ: жеңил автомобилдер, компьютерлер жана компьютерге кошулуучу жабдуулар, көчүрүүчү аппараттар, телефон аппараттары, шаймандар жана инвентарлар - 30 пайыз;
2) 2-топ: жеңил автомобилдерди кошпогондо автотранспорт каражаттары, экономиканын бардык тармактары үчүн машиналар жана жубдуулар, эмеректер, материалдык эмес активдер - 25 пайыз;
3) 3-топ: башка топтордо көрсөтүлбөгөн негизги каражаттар - 20 пайыз;
4) 4-топ: автотранспорт каражаттарын кошпогондо, авиациялык, темир жол, суу жана башка транспорттун түрлөрү - 15 пайыз;
5) 5-топ: имараттар, курулмалар, жайлар - 10 пайыз;
6) 6-топ: кийин пайдалуу кендерди казып алуу максатында пайдалуу кендерди геологиялык даярдоого, долбоордук жана инженердик-изилдөө иштерине жана жер казынасын пайдалануу укугун алууга, кен казуу-капиталдык жана кенди даярдоо иштерине салык төлөөчүнүн чыгымдары, ошондой эле кен казып алуучу жана/же кенди кайра иштетүүчү ишканалардын пайдаланууга киргизилген жана иш жүзүндө жер казынасын пайдаланууда пайдаланылган негизги каражаттары - 50 пайыз. Мында амортизациялоонун төмөндөтүлгөн ченемин пайдаланууга жол берилет. Кийинки салыктык мезгилдерде амортизациялоонун төмөндөтүлгөн ченемдерин пайдаланган салык төлөөчүлөргө ушул төмөндөтүлгөн ченемдерге өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.
Тоо-кен иштерин даярдоо боюнча капиталдык чыгымдар салыктык мезгилдин аралыгында жоюлган запастардын санынын салыктык мезгилдин башталышына карата кен казыла турган участоктун экономикалык (баланстык) запастарынын санына болгон катышы катары аныкталуучу амортизациялык ченем боюнча амортизацияланат.
2. Эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, салык салуу максаттары үчүн амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасы салык төлөөчүлөр тарабынан ушул беренеде белгиленген тартипте жыл сайын аныкталат. Амортизация ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жылдын акырына топтун салыктык наркына карата амортизациялоонун ченемин колдонуу аркылуу ар бир топ боюнча өзүнчө чегерилет.
3. Имараттар, курулуштар жана курулмалар (мындан ары - объекттер) боюнча амортизация ар бир объектке өзүнчө эсептелинет. Объект пайдаланууга берилген жана пайдаланыла баштаган датадан тартып 20 жыл өткөндөн кийин ар бир объект жылына 20 пайыз ченем боюнча түздөн-түз колдонулган ыкма боюнча амортизацияланат.
4. Эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, финансылык ижара келишиминин предмети болуп эсептелген негизги каражаттарды алган салык төлөөчү-лизинг алуучу амортизацияны ушул беренеде белгилеген тартипте чегерет.
5. Салыктык максаттарда амортизациялана турган негизги каражаттар ар бир топ боюнча топтун салыктык наркын аныктап турат.
Топтун жыл аягындагы салыктык наркы төмөндөгүдөй эсептелет:
1) өткөн жылдын акырына карата топтун салыктык наркы катары аныкталган, өткөн жылы эсептелген амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасына азайтылган топтун жыл башындагы салыктык наркы, кошуу
2) жыл ичинде топко кошулган негизги каражаттардын наркы, алуу
3) сатып өткөрүүнүн наркы боюнча жылдын ичинде чыгарылган негизги каражаттар.
6. Эгерде топтун салыктык наркы жылдын аягында нөлдөн аз болсо, ал нөлгө барабар болот, мында салык төлөөчү жылдык жыйынды кирешеге көрсөтүлгөн терс калдыкты кошот.
7. Министрлер Кабинети негизги каражаттардын айрым түрлөрү үчүн амортизациялоонун тездетилген ченемдерин белгилөөгө укуктуу.
8. Ушул берененин максаттарында Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн негизги каражаттарды кайра баалоо топтун салыктык наркын көбөйтпөйт жана азайтпайт.
9. Ушул Кодекс күчүнө кирген жылдан мурдагы жылы сатып алынган, көрсөтүлгөн жылдагы топтун наркына кошула элек негизги каражаттардын наркы ушул Кодекс күчүнө кирген жылдагы топтун наркына кошулат.
10. Ушул Кодекс күчүнө кирген жылдан мурунку жылда чыгарылган, аталган жылда топтун наркын азайтпаган негизги каражаттардын наркы ушул Кодекс күчүнө кирген жылдагы топтун наркын азайтат.
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-226" title="226-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>