Бул документ боюнча сурооңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.

Мисалы:

1441-берене. Салык кызматынын органдарынын Навигациялык пломбанын улуттук оператору менен өз ара аракеттенүүсү

Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 17-глава

Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37

Өзгөртүүлөр тарыхы (1)

Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.

Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.

Берененин өзгөртүүлөр тарыхы

Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.

  1. Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
12.02.2025 редакциясында эмне өзгөрдү

Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.

кошулду: Салык кызматынын органдарынын Навигациялык пломбанын улуттук оператору менен өз ара аракеттенүүсү 1. Салык кызматынын органдарынын Навигациялык пломбанын улуттук оператору менен өз ара аракеттенүүсү Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат. 2. Салык кызматынын органдары Навигациялык пломбанын улуттук оператору менен өз ара аракеттенүүнү Навигациялык пломбанын улуттук операторунун маалымат тутуму аркылуу жүзөгө ашырат. 3. Навигациялык пломбанын улуттук оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЕАЭБ укугуна ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылат: 1) мүчө мамлекеттердин аймактары боюнча ташууларды көзөмөлдөө үчүн колдонулуучу маалымат тутумунун ишин суткасына 24 саат бою, жумасына 7 күн туруктуу негизде; 2) маалымат тутуму аркылуу навигациялык пломбаларды колдонуу менен мүчө мамлекеттердин аймактары боюнча ташууларды көзөмөлдөөнү; 3) программалык камсыздоону пайдалануу менен маалыматты чогултууну, кайра иштетүүнү, берүүнү жана сактоону; 4) ташууларды көзөмөлдөө менен байланышкан маалымат тутумдарынын иштөөсүнө карата ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу салык органына көмөктөшүүнү; 5) маалымат тутумдарын даярдоо жана аларды техникалык коштоо боюнча техникалык тапшырмаларды/талаптарды өз убагында иштеп чыгууну, ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу боюнча толуктап иштеп чыгууну жана өркүндөтүүнү; 6) контролдоочу органга өзүнүн маалымат тутумуна кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү. 4. Навигациялык пломбанын улуттук оператору Навигациялык пломбанын улуттук операторунун милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат. 5. Эгерде Навигациялык пломбанын улуттук операторуна карата укук бузуулардын эки факты боюнча жаза чарасы колдонулган жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык кайталап укук бузуу белгиленсе, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Навигациялык пломбанын улуттук операторун алмаштыруу жөнүндө маселе демилгеленет. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Документте редакцияларды толук салыштыруу

Беренени өз сайтыңызга кошуу

Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:

<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-1441" title="1441-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>