Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
140-берене. Салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын аныктоонун маалымат булактары жана усулдары
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 16-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31
1. Товарлардын рыноктук баасын аныктоодо төмөнкүлөргө карата төмөнкү маалымат булактары колдонулат:
1) аларга карата мамлекеттик жөнгө салынуучу баалар (тарифтер) белгиленген товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, рыноктук баа деп көрсөтүлгөн баалар (тарифтер) таанылат;
2) металлдарга жана мунай продуктуларына карата рыноктук баа катары биржалардагы баалар колдонулат, алардын тизмеси Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өтпөгөн товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн товардын, жумуштун жана кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ар кварталдык баалардын бюллетенинин маалыматтары боюнча операция жүргүзүлгөн датага карата аныкталат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө саналып өтпөгөн товарлар үчүн товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы бул товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү сатуу учурунда окшош жана/же бир түрдүү товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр менен салыштырылуучу шарттарда түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматтын негизинде аныкталат. Атап айтканда, берилүүчү товарлардын саны жана көлөмү (мисалы, товардык партиянын көлөмү), милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү, мындай түрдөгү бүтүмдөрдө адатта колдонулуучу төлөмдөрдүн шарттары сыяктуу бүтүмдөрдүн шарттары, ошондой эле бааларга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка акылга сыярлык шарттар эске алынат.
Мында окшош, андайлар жок болсо - бир түрдүү товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда бүтүмдөрдүн шарттары, эгерде мындай шарттардын ортосундагы айырмачылык мындай товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына олуттуу таасир тийгизбесе, же болбосо түзөтүүлөрдүн жардамы менен эске алынышы мүмкүн болсо салыштырылуучу деп таанылат. Товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук бааларды аныктоодо, өз ара көз каранды эмес жактардын ортосундагы бүтүмдөр эске алынат.
4. Ушул берененин мурунку бөлүктөрүндө саналып өтпөгөн товарлар үчүн рыноктук баа кийинки сатуу баасынын усулу боюнча аныкталат. Бул усулга ылайык салык төлөөчү тарабынан сатылган товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы товар, жумуш же кызмат көрсөтүү аларды сатып алуучу тарабынан кийин кайра сатууда сатылган баасы катары аныкталат. Мында ушундай учурлар үчүн адаттагыдай ошол сатып алуучунун салык төлөөчүдөн сатып алган товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү кайра сатууда жана рынокко чыгарууда тарткан чыгымдары, ошондой эле иштин бул чөйрөсү үчүн адаттагыдай сатып алуучунун пайдасы эске алынат.
5. Кийинки сатуу баасынын усулун колдонуу мүмкүн болбогондо наркын кошуунун негизиндеги усул колдонулат. Бул усулга ылайык салык төлөөчү саткан товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы кеткен сарптоолордун жана иштин бул чөйрөсү үчүн адаттагыдай пайданын суммасы катары аныкталат. Мында ушундай учурлар үчүн адаттагыдай товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү өндүрүүгө жана/же сатып алууга жана/же сатууга кеткен түз же кыйыр чыгымдар, ушундай учурлар үчүн адаттагыдай ташууга, сактоого, камсыздандырууга жана башка ушул сыяктуу сарптоолорго кеткен чыгымдар эске алынат.
6. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Ушул беренеде белгиленген товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын аныктоо усулдары товарлардын сапатынын же башка керектөө касиеттеринин жоголушуна байланыштуу колдонулбайт. Товарлардын сапатынын же башка керектөө касиеттеринин жоголушу менен байланышкан товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын төмөндөтүү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
8. Салык кызматынын органынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусу жөнүндө ишти кароодо сот ушул главада саналып өткөн жагдайлар менен чектелбестен, салык салуу максатында бүтүмдүн баасын аныктоо үчүн мааниге ээ болгон бардык жагдайларды эске алууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 80, 85, 138, 139 жана…Постановление · 22.03.2022 · № 150
- Кыйыр методдордун негизиңде салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аныктоо МЕТОДИКАСЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна)Методика · 22.03.2022 · № 150
- Салык аудитин жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 196 токтомуна)Положение · 26.03.2026 · № 196
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августу № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 28.08.2025 · № 533
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 "Кыргыз…Постановление · 22.05.2026 · № 364
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 13.09.2023 · № 470
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 "Кыргыз…Постановление · 19.10.2023 · № 554 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 02.02.2024 · № 31
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-140" title="140-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>