Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
141-берене. Салык кызматынын органдарынын бажы органдары, финансылык чалгындоо органдары жана ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүсү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 17-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78
1. Салык кызматынын органдарынын бажы органдары, финансылык чалгындоо органдары жана ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүсү ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын бажы иши, ыкчам издөө иши, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, түзүлгөн эки тараптуу (көп тараптуу) макулдашууларда белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде жүзөгө ашырылат.
2. Салык кызматынын органдары ушул Кодексте каралган тартипте маалыматтарды жана материалдарды алмашуу, алуу жана берүү аркылуу бажы органдары, финансылык чалгындоо органдары жана ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүсүн жүзөгө ашырат.
3. Салык кызматынын органдары:
1) финансылык чалгындоо органдары, бажы органдары жана ички иштер органдары аныктаган жана жиберген, документ менен ырасталган, салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга байланышкан маалыматтарды жана материалдарды карайт жана ушул Кодексте белгиленген тартипте алар боюнча салык төлөөчүгө карата тиешелүү чечимди кабыл алат же чечим кабыл алуудан баш тартат, же кылмыш-жаза, кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын ченемдерине ылайык чечим кабыл алат;
2) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) бажы органдарынан экспорттук-импорттук операциялар боюнча, ошондой эле КНС шарттуу эсептөө менен импорттолуучу негизги каражаттар боюнча толук маалыматтар базасын алат;
4) бажы органдарына тийиштүү материалдарды жиберүү аркылуу көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бажылык укук бузуу фактылары боюнча маалыматтарды берет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
03.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…чегинде жүзөгө ашырылат.
2. Салык кызматынын органдары ушул алынып салынды: беренеде көрсөтүлгөн кошулду: Кодексте каралган тартипте маалыматтарды жана материалдарды алмашуу, алуу жана берүү аркылуу … процессуалдык мыйзамдардын ченемдерине ылайык чечим кабыл алат;
2) алынып салынды: бажы органдарынын, финансылык чалгындоо органдарынын жана ички иштер органдарынын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптары боюнча салык төлөөчүнүн салыктык каттоосу: анын идентификациялык салык номерин, аты-жөнүн же аталышын, жашаган же турган жерин, ошондой эле КНС боюнча каттоосу жөнүндө болгон маалыматты берет;
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) бажы органдарынан экспорттук-импорттук операциялар боюнча, ошондой … аныкталган бажылык укук бузуу фактылары боюнча маалыматтарды берет.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-141" title="141-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>