Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
123-берене. Көчмө текшерүүнүн материалдарын кароонун натыйжалары боюнча чечим чыгаруу
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, көчмө текшерүүнүн материалдары салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан салык төлөөчүгө көчмө текшерүү жөнүндө акт тапшырылган күндөн кийинки 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен каралат.
2. Салык төлөөчү көчмө текшерүүнүн актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөнү же каршы пикирди ушул Кодекстин 122-беренеси менен белгиленген мөөнөттө берген учурда:
1) текшерүүнүн материалдары салык төлөөчүнүн же анын салыктык өкүлүнүн катышуусу менен салык төлөөчүнүн кат жүзүндөгү түшүндүрмөсү же каршы пикири салык органында катталган күндөн кийинки 10 жумушчу күндүн ичинде каралат;
2) салык органы салык төлөөчүгө көчмө текшерүүнүн материалдарын кароо убактысы жана жери жөнүндө кабарлоону көчмө текшерүүнүн материалдары салык органында каралуучу датага чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен тапшырат.
Эгерде көчмө текшерүүнүн материалдары каралуучу убакыт жана жер жөнүндө кабарлоо тапшырылган салык төлөөчү кароого келбесе, анда текшерүүнүн материалдары, анын ичинде салык төлөөчү тарабынан берилген каршы пикир, түшүндүрмө, башка документтер жана материалдар ал жок эле каралат.
3. Утурлама же тематикалык текшерүүнү кошпогондо, көчмө текшерүүнүн материалдарын кароонун жыйынтыгы боюнча салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары төмөнкүдөй чечим чыгарат:
1) салыкты, туумду эсептөө жана/же азайтуу жөнүндө;
2) салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартуу жөнүндө;
3) салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартпоо жөнүндө;
4) көчмө текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтүн ушул Кодекстин 119-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн чегинде узартуу жөнүндө.
Көчмө текшерүүнүн материалдарын кароонун жыйынтыктары боюнча чечим көчмө текшерүүнүн материалдары каралган күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кечиктирбестен чыгарылат, жана салык төлөөчүгө ушул Кодекстин 96 жана 97-беренелеринин талаптарына ылайык тапшырылат; Тематикалык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча материалдар салык төлөөчүнүн салык органдарынын чечимине даттануусун караган органга материалдар каралган датадан тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.
4. Көчмө текшерүүнүн материалдарын кароодо салык органдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу жөнүндө тиешелүү ыйгарым укуктуу органга суроо-талап жөнөтүүгө;
2) чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органына маалымат берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүүгө;
3) экспертиза жана/же утурлама текшерүү жүргүзүүнү дайындоого.
Ушул бөлүккө ылайык суроо-талап жөнөтүлгөн учурда жана ушул Кодексте белгиленген көчмө текшерүү боюнча чечим чыгаруу мөөнөтүнө чейин жооп алынбаса, салык органынын чечими белгиленген мөөнөттө чыгарылат. Чечимде жөнөтүлгөн суроо-талап жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен суроо-талап жөнөтүлгөн маселени кошпогондо, чечим көчмө текшерүүнүн бардык маселелери боюнча кабыл алынат. Суроо-талапка жоопту, экспертизанын же утурлама текшерүүнүн жыйынтыктарын алуу кайра текшерүүнү жүргүзүү же жоопту жана/же жыйынтыктарды алган күндөн кийинки 15 жумушчу күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жаңы чечимди кабыл алуу менен мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу үчүн негиз боло алат.
5. Салык төлөөчүнү салыктык укук бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимде төмөнкүлөр баяндалат:
1) жасалган укук бузуунун жагдайлары, алар жүргүзүлгөн текшерүү менен кантип аныкталганы, документтер жана аталган жагдайларды ырастаган башка маалыматтар;
2) салык төлөөчү тарабынан өзүн коргоо үчүн келтирилген жүйөлөр жана бул жүйөлөрдү текшерүүнүн жыйынтыктары;
3) ушул Кодекстин ченемдерин бузууларды жана колдонулуучу жаза чараларын көрсөтүү менен салыктык укук бузуу үчүн салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартууга негиздер.
6. Салык органынын салыктардын, туумдардын жана салык санкцияларынын суммаларын эсептөө жөнүндө чечими салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген тартипте тапшырылат. Эгерде салык төлөөчү көчмө текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чечимге ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанбаса, салыктардын, туумдардын жана салык санкцияларынын суммаларын эсептөө жөнүндө чечимди алган салык төлөөчү аны чечим тапшырылган күндөн кийинки 90 календардык күндүн ичинде аткарууга милдеттүү.
7. Салык органынын кызмат адамы тарабынан ушул берененин талаптарынын сакталбашы салык органынын чечимин жокко чыгаруу жана анын кызмат адамын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн.
8. Салык төлөөчү укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон аныкталган бузуулар боюнча салык органы тарабынан Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык протокол түзүлөт жана токтом чыгарылат.
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 9 марта 1999 года №139 "О заключении на Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Постановление · 09.03.1999 · № 139 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-123" title="123-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>