Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
96-берене. Салык кызматынын органынын чечими жана анын мазмуну
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 10-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37
1. Салык төлөөчү үчүн олуттуу юридикалык кесепеттерге алып келүүчү бардык маселелер боюнча чечим салык кызматынын органы тарабынан ушул Кодекске ылайык кабыл алынат.
2. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
3. Чечимдин түрүнө жараша анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) салык төлөөчүнүн аты-жөнү же толук аталышы;
2) салык төлөөчүнүн ИСН;
3) чечим кабыл алынган дата;
4) чечим кабыл алуу үчүн негиз;
5) кабыл алынган чечим;
6) чечим кабыл алынган күнгө карата эсептелген салыктар, пайыздар, туумдар жана салык санкциялары боюнча карыздын суммасы;
7) тиешелүү салыктардын, пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын реквизиттери;
8) ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмесин аткаруу мөөнөтү;
9) салык төлөөчү чечимди аткарбаган учурда колдонула турган салык милдеттенмесин аткарууну камсыз кылуу боюнча чаралар;
10) салык кызматынын органынын салык төлөөчүгө жана/же анын салык милдеттенмесине жана/же анын салык карызына карата кылган аракеттери жөнүндө маалымат;
11) даттануу тартиби;
12) салык төлөө же салык карызын жоюу үчүн зарыл болгон банк реквизиттери;
13) башка зарыл маалыматтар.
4. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, салык кызматынын органынын чечими салык төлөөчүгө аны тапшыруу жолу менен жеткирилет.
5. Чечим эки нускада түзүлөт, алардын бири салык төлөөчүгө же ушул Кодексте белгиленген учурларда башка жактарга тапшырылат.
6. Чечимди кабыл алуунун формасы жана тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
7. Кылмыш-жаза-укуктук жана кылмыш-жаза-процессуалдык укук мамилелеринин алкагында салык кызматынын органдары кабыл алган чечимдин формасы жана мазмуну Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза, кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдары жана аталган чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
12.02.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кызматынын органы тарабынан ушул Кодекске ылайык кабыл алынат.
2. алынып салынды: Ушул Кодекстин ченемине кошулду: (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамына ылайык алынып салынды: кабыл алынган, ушул Кодекстин 17-беренесине ылайык салыктык укук мамилелерди жөнгө салуу үчүн карама-каршылыктардын бар экендиги же зарыл ченемдердин жоктугу жөнүндө чечим кабыл алынган салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелеринин суммасын эсептөө жөнүндө салык кызматынын органынын чечими жокко чыгарылууга тийиш.
Мындай чечим карама-каршылыктардын бар экендиги же ченемдердин жоктугу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органына келип түшкөн күндөн тартып 15 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде кабыл алынат.
кошулду: күчүн жоготот)
3. Чечимдин түрүнө жараша анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) салык … башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
кошулду: (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү…Постановление · 18.03.2020 · № 167 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-96" title="96-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>