Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
122-берене. Көчмө текшерүүнүн бүтүшү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Көчмө текшерүү аяктаганда салык органынын кызмат адамы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен акт түзөт:
1) көчмө текшерүү жүргүзүлгөн жерди, акт түзүлгөн күндү;
2) текшерүүнүн түрүн;
3) көчмө текшерүү жүргүзгөн салык органынын кызматкеринин же кызматкерлеринин кызматын, аты-жөнүн;
4) салык төлөөчүнүн аты-жөнүн, же болбосо толук аталышын;
5) салык төлөөчүнүн турган жерин, банктык реквизиттерин, ошондой эле анын ИСН;
6) салык төлөөчүнүн салык жана бухгалтердик отчетторду жүргүзүүгө жана бюджетке салыктарды төлөөгө жооптуу жетекчисинин жана кызмат адамдарынын аты-жөнүн;
7) мурдагы текшерүү жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын мурда аныкталган бузууларды четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды;
8) текшерилүүчү салыктык мезгилди жана текшерүү жүргүзүү үчүн салык төлөөчү берген документтер жөнүндө жалпы маалыматтарды;
9) алардын негизинде салык милдеттенмеси эсептелген документтердин реквизиттерине, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын тиешелүү ченемине шилтеме жасоо менен текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген салык милдеттенмесин эсептөөнүн толук негиздемесин.
2. Көчмө текшерүүнүн мөөнөтүнүн бүтүшү болуп салык төлөөчүгө көчмө текшерүүнүн актысы тапшырылган күн эсептелет. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, көчмө текшерүүнүн актысы жазма буйрукта көрсөтүлгөн көчмө текшерүү аяктоочу күндөн кечиктирбестен салык төлөөчүгө тапшырылууга тийиш.
3. Көчмө текшерүүнүн актысына документтердин зарыл болгон көчүрмөлөрү, салык органынын кызмат адамы түзгөн эсептөөлөр жана текшерүүнүн жүрүшүндө алынган башка материалдар тиркелет.
4. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, көчмө текшерүүнүн актысы кеминде эки нускада түзүлөт жана ага текшерүү жүргүзгөн салык органдарынын кызмат адамы жана текшерилүүчү уюмдун жетекчиси же жеке ишкер же алардын салыктык өкүлдөрү кол коюшат. Көрсөтүлгөн адамдар актыга кол коюудан баш тарткан учурда, бул тууралуу актыга тийиштүү белги коюлат.
5. Көчмө текшерүүнүн актысынын бир нускасы салык төлөөчүгө берилет. Көчмө текшерүү боюнча актыны алууда салык төлөөчү аны алгандыгы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.
6. Көчмө текшерүүнүн жыйынтыктарына макул болбогон салык төлөөчү акт тапшырылган күндөн кийинки 5 жумушчу күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө текшерүү актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү же каршы пикирлерин көчмө текшерүүнү жүргүзгөн салык органына берүүгө укуктуу.
(КР2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Көчмө текшерүүнүн бүтүшү
1. Көчмө текшерүү аяктаганда салык алынып салынды: кызматынын органынын кызмат адамы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен акт түзөт:
1) … күндү;
2) текшерүүнүн түрүн;
3) көчмө текшерүү жүргүзгөн салык алынып салынды: кызматынын органынын кызматкеринин же кызматкерлеринин кызматын, аты-жөнүн;
4) … текшерүүнүн актысына документтердин зарыл болгон көчүрмөлөрү, салык алынып салынды: кызматынын органынын кызмат адамы түзгөн эсептөөлөр жана текшерүүнүн жүрүшүндө … актысы кеминде эки нускада түзүлөт жана ага текшерүү жүргүзгөн салык алынып салынды: кызматынын органдарынын кызмат адамы жана текшерилүүчү уюмдун жетекчиси же жеке … түшүндүрмөлөрдү же каршы пикирлерин көчмө текшерүүнү жүргүзгөн салык алынып салынды: кызматынын органына берүүгө укуктуу.
кошулду: (КР2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-122" title="122-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>