72-берене. Жазаны дайындоонун жалпы башталышы
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 13-глава
1. Сот жазаны кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчилик каралуучу ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде белгиленген чектерде, ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүнүн жоболорун сактоо менен дайындайт.
2. Жазаны дайындоодо сот жазанын алдын алуучу максаттарын эске алуу менен күнөөнүн даражасы жана жосун тарабынан келтирилген залалдын даражасына шайкеш келүүсүн эске алуусу зарыл.
3. Жазанын жеңилирээк түрү жазанын максатына жетүүнү камсыз кылбаган учурда гана ушул Кодекстин 60-беренесинде каралган жазанын оор түрү дайындалышы мүмкүн.
4. Эгерде кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамга ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) кылмыштын курамы катары жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдайлар каралса, анда ошол эле жагдайлар жазаны дайындоодо көңүлгө алынбайт.
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
72-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Постановление Правительства КР от 26 июня 2002 года №406 "О проекте Закона Кыргызской Республики «Об амнистии»"Постановление · 26.06.2002 · № 406 · Күчүн жоготкон
- Об амнистии в связи с 10-летием принятия Конституции Кыргызской Республики и празднованием 2200-летия кыргызской государственностиЗакон · 10.04.2004 · № 55 · Күчүн жоготкон
- Об амнистииЗакон · 25.07.2002 · № 128 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 16 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу Мунапыс жөнүндөЗакон · 22.02.2007 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Уулу ата мекендик согуштагы жеңиштин 60-жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндөЗакон · 13.08.2005 · № 147 · Күчүн жоготкон
- Аялдарга жана эресеге жете электерге мунапыс берүү жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 190 · Күчүн жоготкон
- Об амнистии в Кыргызской РеспубликеЗакон · 16.03.2001 · № 31 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-72" title="72-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>