Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 16 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу Мунапыс жөнүндө» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 марта 2026 года № 26 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-03-18.
КР 2026-жылдын 18-мартындагы N 26 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2007-жылдын 22-февралы № 19
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 16 жылдыгына
жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы
редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу Мунапыс
жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын
2007-жылдын 25-июлундагы № 99 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
2007-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен жана жаза-
дан, ошондой эле эркиндигинен ажыратылбаган жазадан төмөнкүлөр бошотул-
сун:
а) жашы жетелектер;
б) курагы 55 жаштан өткөн аялдар жана 60 жаштан өткөн эркектер;
в) экиден кем эмес жашы жетелек балдары же I жана II топтогу майып
балдары бар жана атайын адам өлтүрүүгө барбаган үй бүлөнүн жалгыз багу-
учусу болуп эсептелген адамдар;
г) кош бойлуу аялдар;
д) I жана II топтогу майыптар.
2-статья.
Анчалык оор эмес кылмыш жана азыраак оор кылмыш жасаган адамдар
эркинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотул-
сун.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-статьясынын
1-бөлүгүндө жана 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында ("Эркинен ажыратуу жайы-
нан же абактан качуу"), 337-статьясында ("Эркинен ажыратуу түрүндөгү
жазаны өтөөдөн качуу"), 359-статьясында ("Бөлүктү же кызмат ордун өз
бетинче таштап кетүү"), 360-статьянын 1-бөлүгүндө ("Аскерден качуу")
каралган кылмыш иши үчүн адамдар, эгерде алар ушул Мыйзам жарыяланган
күндөн тартып үч айдын аралыгында жаза өтөп жаткан жерине, абакта ол-
турган жерине жана аскер кызматын өтөгөн жерине өз ыктыярлары менен ке-
лишсе, жазык жоопкерчилигинен бошотулсун.
4-статья.
Ушул Мыйзамдын 1 жана 2-статьяларынын колдонулушу төмөнкүлөргө жа-
йылтылбайт.
а) 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза
кодексинин 97, 104, 129, 132, 133-статьяларында, 165-статьясынын 2 жана
3-бөлүктөрүндө, 166-статьясынын 3-бөлүгүндө, 167-статьясынын 2 жана
3-бөлүктөрүндө, 168, 169, 170, 172-статьяларында, 181-статьясынын 2-бө-
лүгүндө, 183-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 188, 198, 204-статьяла-
рында, 208-статьясынын 2-бөлүгүндө, 221, 226, 227, 229-233-статьяларын-
да, 234-статьясынын 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда жана 3-бөлүгүндө,
245-статьясында, 246-статьясынын 3-бөлүгүндө, 247-249-статьяларында,
250-статьясынын 2-бөлүгүндө, 252-статьясында, 254-статьясынын 3-бөлү-
гүндө, 292-299, 303-316-статьяларында, 324-статьясынын 3-бөлүгүндө,
325-статьясынын 2 жана 3-бөлүгүндө, 326-статьясынын 3-бөлүгүндө,
336-статьясынын 2-бөлүгүндө, 340-статьясында, 341-статьясынын 2-бөлү-
гүндө, 345, 373-376-статьяларында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза
кодексинин 1961-жылкы редакциясынын тийиштүү статьяларында каралган
кылмыштарды жасаган адамдарга;
б) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97, 129-статьяла-
рында, 164-статьянын 3-бөлүгүндө, 165-статьянын 2 жана 3-бөлүгүндө,
167-статьянын 2 жана 3-бөлүгүндө, 168, 169, 226, 227, 229-233-статьяла-
рында, 234-статьянын 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда жана 3-бөлүгүндө,
246-статьянын 3-бөлүгүндө, 247, 248, 292-296, 298, 299, 345,
373-376-статьяларында каралган кылмыштарды жасаган жашы жетелектерге;
в) сот тарабынан өзгөчө коркунучтуу рецидивисттер деп табылган,
ошондой эле коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу өнөкөткө айланган кылмыш
жасаган адамдарга;
г) оор жана анча оор эмес кылмыш жасаган, акыркы өкүм чыгарылган-
дан кийин качып жүргөн издөөдөгү адамдарга.
5-статья.
Ушул Мыйзамдын 1-3-статьяларынын колдонулушуна туура келбеген сот-
толгон адамдардын жазасынын өтөлбөгөн мөөнөтү төмөндөгүдөй кыскартыл-
сын:
а) оор жана өзгөчө оор кылмышы үчүн соттолгондорго - үчтөн бирине;
б) атайлап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылга чейинки мөөнөткө эрки-
нен ажыратууга соттолгон, түзөтүү колониясында жаза өтөп жатышкан жашы
жетелектерге - жарымына;
в) атайлап кылмыш жасагандыгы үчүн 15 жылга чейинки мөөнөткө эрки-
нен ажыратууга соттолгон, түзөтүү колониясында жаза өтөп жатышкан жашы
жетелектерге - үчтөн бирине.
6-статья.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт.
а) өлүм жазасы түрүндөгү өкүмдү кечирим берүү тартибинде эркинди-
гинен ажыратууга алмаштырылган адамдарга;
б) эркинен ажыратылуу жайларында билип туруп кылмыш жасаган адам-
дарга, ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо;
в) мурда кечирим берүү же мунапыс актысын колдонуу менен эркиндик
берүү жагдайында бошотулган жана билип туруп кайрадан кылмыш жасаган
адамдарга;
г) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык жаза
өтөөнүн белгиленген тартибин одоно бузуучулар деп табылган адамдарга.
7-статья
7-статья.
Ушул мыйзамдын колдонулушу төмөнкүдөй адамдарга жайылтылат:
Кыргыз Республикасынын соттору соттогондорго;
Башка мамлекеттердин соттору соттоп жана Кыргыз Республикасынын
аймагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга; аларга мунапыс актысын колдо-
нуу жөнүндө маселе прокурордун санкциясы менен чечилет.
Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолгон, бирок анын че-
гинен тышкары жакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдарга карата мунапыс
актысын колдонуу тууралуу маселе, соттун өкүмүн аткаруу ишке ашырылып
жаткан мамлекеттин компетенттүү органынын токтому боюнча эл аралык ке-
лишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы Прокурорунун же анын
орунбасарларынын санкциялары менен чечилет.
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июлундагы № 99 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
8-статья.
Айланасындагылар үчүн коркунуч келтирген оорулардан (кургак учук,
карантиндик жугуштуу оорулар, венерикалык оорулар) жапа чеккен адамдар-
га, ошондой эле медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары дайындалган
адамдарга карата жазаны өтөөдөн бошотуу, ушул Мыйзамга ылайык зарыл
болгон дарылоо курсун аяктагандан кийин мунапыс актысы колдонулат.
9-статья.
Мунапыс актысын колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечим ар бир адамга
өз алдынча кабыл алынат. Соттолгон адам жөнүндө керектүү маалыматтар
болбогон учурда мунапыс актысын колдонуу тууралу маселени кароо кошумча
материалдар алынганга чейин кийинкиге калтырылат. Мунапыс актысын кол-
донууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн тиешелүү органдардын су-
роо-талаптары баардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле кызмат адамда-
ры тарабынан тезинен аткарылууга тийиш.
10-статья.
Кечирим берүү же мунапыс тартибинде жаза мөөнөтү мурда кыскартыл-
ган адамдарга карата мунапыс актысын колдонууда кечирим берүү же муна-
пыс жөнүндө актыга ылайык белгиленген жаза мөөнөтүнө таянуу керек.
11-статья.
Эгерде кылмыштардын бири ушул Мыйзамдын колдонулушуна туура келбе-
се, кылмыштардын же өкүмдөрдүн жыйындысы болгон учурда мунапыс колдо-
нулбайт.
12-статья.
Ушул Мыйзамдын 5-статьясын колдонууда ушул Мыйзам күчүнө кирген
күнгө чейин өтөлбөгөн жазанын мөөнөтүнө таянуу керек.
13-статья.
Төмөндөгүлөрдү белгилөө керек:
а) ушул Мыйзамдын 1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-
га кылмыш жасалган учурда 18 жаш курагына жетпеген адамдар кирет.
б) ушул Мыйзамдын 1-статьясынын "в" пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-
га ушул Мыйзам колдонууга кирген күнү ата-энелик укугунан ажыратылбаган
жана балдары бар, анын ичинде 18 жаш курагына жетпеген, асырап же багып
алынган, болбосо курагына карабастан I жана II топтогу майып балдары
барлар кирет;
в) ушул Мыйзамдын 1-статьясынын "г" пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-
га ушул Мыйзам колдонууга кирген күнү кош бойлуу аялдар кирет;
г) ушул Мыйзамдын 1-статьясынын "д" пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-
га ушул Мыйзам колдонууга киргенге чейин мыйзам тартибинде I жана II
топтогу майыптар деп таанылган адамдар кирет.
14-статья.
Ушул Мыйзамды аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлөт:
а) эркиндигинен ажыратуу жайларында болгон соттолгондорго карата
жаза аткаруу органдарына жана мекемелерине, - бир айдын ичинде,
б) адамдардын кылмыштары тууралу иштер ошол органдардын
өндүрүшүндө турган тергөө органдарына, - эки айдын ичинде;
в) сотторго:
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кылмыштары тууралу сот өндүрү-
шүндө иши турган жана каралбаган адамдарга карата, ошондой эле кылмыш
иштери каралган, бирок өкүм мыйзамдуу күчүнө кирбеген адамдарга карата;
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 72-статьясына
ылайык өкүмдү аткаруу кийинкиге калтыруу тартибинде соттолгон адамдарга
карата;
г) ички иштер органдарына - сыноо мөөнөтү менен шарттуу эркиндиги-
нен ажыратууга соттолгон адамдарга, ошондой эле ички иштер органдарынын
көзөмөлүндө турган жана жазаны аткаруудан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бо-
шотулган адамдарга карата.
15-статья.
Ушул Мыйзамды колдонуу прокурор тарабынан санкцияланган ыйгарым
укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтомунун негизинде, ошондой эле
соттун токтомунун негизинде жүргүзүлөт;
мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени чечүү үчүн зарыл болгон
сыйлыктар жана жаза берүүлөр жөнүндө маалымкаттар жана башка документ-
тер соттолгондун өздүк көктөмөсүнө токтом менен бирге тиркелет;
ушул Мыйзам соттор тарабынан колдонулган учурда прокурордун каты-
шуусу милдеттүү;
жазаны өтөө ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтому
прокурор тарабынан санкцияланган күндөн тартып же мунапыс актысын кол-
донуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып ток-
тотулат.
доо арызы бар адамдарга карата кылмыш жана жаза жоопкерчилигинен
бошотуу жаатында мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим алар тарабынан
өкүмдө белгиленген материалдык зыяндар толугу менен калыбына келтирил-
генден соњ кабыл алынат.
16-статья.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу 1998-жылдын 1-январына чейин колдонул-
ган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган кылмыштарды
жасаган адамдарга да жайылтылат. Көрсөтүлгөн адамдарга мунапыс актысын
колдонууда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Кылмыш-жаза кодекси бо-
юнча кылмыштын курамы окшош болуусунан алганда кароо керек.
17-статья.
Мунапыска туш келген адам мүлкүн конфискациялоодон тышкары негизги
да, ошондой эле кошумча да жазадан бошотулат.
18-статья.
Ушул Мыйзамдын колдонулушуна ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин
кылмыш жасаган адамдар туш келишет.
19-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, баардык дењгээлдердеги жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардын башчылары төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүүнү
камсыз кылууга тийиш:
а) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган жашы жетпегендерди
өз учурунда аларды жашаган жерлерине келиши боюнча эсепке алууга, алар-
ды ишке орноштурууга же ата-энелеринин, багуучу же көмөкчү органдардын
көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө, зарыл болгон учурларда аларды балдар үйлө-
рүнө, жатак мектептерге алардын жашаган жерлерине келгенден эки жумадан
кеч эмес мөөнөттө жайгаштырууга; жашы жетпегендердин иштери боюнча ко-
миссиялардын, ички иштер органдарынын, коомдук уюмдардын жана эмгек
коллективдеринин жазадан бошотулган жашы жетпегендерди кайра тарбиялоо
боюнча иштерин координациялоону ишке ашырууга;
б) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган адамдардын бардыгын өз учу-
рунда эсепке алууну, алардын жашаган жерлерине келген күндөн тартып эки
жумадан кеч эмес мөөнөттө ишке жана жашоо тиричиликке ыњгайлаштырып ор-
ноштурууну, жазадан бошотулган майыптарды жана карыларды өздөрүнүн ба-
гуусуна ала турган жакын туугандары жок болсо, майыптардын же карылар-
дын үйлөрүнө жайгаштырууну уюштурууга.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республика-
сынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сак-
тоо министрлиги башка органдар менен биргелешип белгиленген тартипте
жазадан бошотулган кургак учуктун оор түрү менен ооругандарды эсепке
алууну жана атайын дарылоо мекемелерине жиберүүнү уюштурсун.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республика-
сынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-
нистрлиги башка мамлекеттердин жазадан бошотулган жарандарын эсепке ал-
сын жана өлкөнүн чегинен чыгарып жиберүүнү уюштурсун. Кыргыз Республи-
касынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бир түрдүү аткары-
лышына көзөмөлдү камсыз кылсын.
20-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет жана алты ай-
дын аралыгында аткарууга жатат. Ушул Мыйзамды мөөнөтүндө аткарбагандыгы
үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопкер-
чилик тартат.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы №140 "Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча 2010-жылы берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бириктирилген үчүнчү…Постановление · 29.07.2010 · № 140
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөЗакон · 18.03.2026 · № 26
- Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 16 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу мунапыс жөнүндө» Кыргыз…Закон · 25.07.2007 · № 99 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөЗакон · 18.03.2026 · № 26
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон