Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Аялдарга жана эресеге жете электерге мунапыс берүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 марта 2026 года № 26 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-03-18.
КР 2026-жылдын 18-мартындагы N 26 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2008-жылдын 4-августу № 190
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Аялдарга жана эресеге жете электерге
мунапыс берүү жөнүндө
2008-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
Жалпы кабыл алынган адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоону
билдирип, гумандуулуктун жана боорукерликтин принциптерине таянып,
ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Адам укуктарынын жалпы дек-
ларациясын кабыл алынгандыгынын 60 жылдыгына байланыштуу:
1-берене.
Жазык жоопкерчилигинен жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза-
дан төмөнкүлөр бошотулсун:
а) күйөөлөрү СССРдин жана Кыргыз Республикасынын таламдарын корго-
одо, ошондой эле Чернобыль АЭСындагы кыйроону жоюуда курман болгон же-
сирлер;
б) 55 жаштан ашкан аялдар;
в) үй-бүлөсүндө жападан жалгыз багуучу болгон же кеминде эресеге
жете элек эки баласы же I жана II топтогу майып балдары бар аялдар;
г) I жана II топтогу майып аялдар жана эресеге жете электер;
д) 7 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон эресеге жете
электер;
е) ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлө элек
мөөнөтү 1 жылдан аз калган аялдар жана эресеге жете электер;
ж) боюнда бар аялдар.
2-берене.
Анчалык оор эмес кылмыш жана азыраак оор кылмыш жасаган аялдар жа-
на эресеге жете электер эркинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилиги-
нен жана жазадан бошотулсун.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-статьясынын 1
жана 2-бөлүктөрүндө (Эркинен ажыратуу жайынан же камактан качып кетүү),
337-статьясында (Эркинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу) ка-
ралган кылмыштары үчүн жазык жоопкерчилигине тартылган аялдар жана эре-
сеге жете электер, эгерде алар ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып үч
айдын аралыгында жаза өтөп жаткан жерине же камакта олтурган жерине өз
ыктыяры менен келсе, жазык жоопкерчилигинен бошотулсун.
4-берене.
Ушул Мыйзамдын 1- жана 2-беренелеринин колдонулушу төмөнкүлөргө
жайылтылбайт:
а) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-статьясында,
104-статьясында, 123-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 124, 129,
130-статьяларында, 156-статьясынын 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 164-стать-
ясынын 3-бөлүгүндө, 165-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 166-статья-
сынын 3-бөлүгүндө, 167-статьясынын 3-бөлүгүндө, 168-статьясынын 2 жана
3-бөлүктөрүндө, 170-статьясынын 3-бөлүгүндө, 171-статьясынын 3-бөлүгүн-
дө, 172-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 174-статьясынын 2-бөлүгүндө,
183-статьясынын 3-бөлүгүндө, 188-статьясынын 2-бөлүгүндө, 198-статьясы-
нын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 203-статьясынын 2-бөлүгүндө, 204-статьясынын
2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 208-статьясынын 2-бөлүгүндө, 226, 227,
229-233-статьяларында, 234-статьясынын 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда жана
3-бөлүгүндө, 238-статьянын 2-бөлүгүндө, 239-статьянын 2-бөлүгүндө,
240-статьянын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 241-статьясында, 245-статьясында,
246-статьясынын 4-бөлүгүндө, 247, 248-статьяларында, 249-статьясынын
3-бөлүгүндө, 250-статьясынын 2-бөлүгүндө, 254-статьясынын 3-бөлүгүндө,
258-статьясынын 3-бөлүгүндө, 266-статьясынын 3-бөлүгүндө, 273-статьясы-
нын 3-бөлүгүндө, 267-статьясынын 2-бөлүгүндө, 280-статьясынын 3-бөлү-
гүндө, 282-статьясынын 3-бөлүгүндө, 283-статьясынын 3-бөлүгүндө,
292-299-статьяларында, 302-статьясынын 2-бөлүгүндө, 303-статьясында,
304-статьясынын 4-бөлүгүндө, 304-1-статьясынын 3-бөлүгүндө, 305-статья-
сынын 2-бөлүгүндө, 306-статьясынын 2-бөлүгүндө, 307-статьясынын 2-бөлү-
гүндө, 308-статьясында, 310-статьясынын 2-бөлүгүндө, 311-313-статьяла-
рында, 314-статьясынын 2-бөлүгүндө, 316-статьясынын 3-бөлүгүндө,
319-статьясында, 320-статьясынын 4-бөлүгүндө, 322-статьясынын 2-бөлү-
гүндө, 324-статьясынын 3-бөлүгүндө, 325-статьясынын 2 жана 3-бөлүктө-
рүндө, 326-статьясынын 3-бөлүгүндө, 328-статьясынын 2-бөлүгүндө,
336-статьясынын 3-бөлүгүндө, 340-статьясында, 341-статьясынын 2-бөлү-
гүндө, 345-статьясында, 373-376-статьяларында каралган кылмыштарды жа-
саган адамдарга;
б) сот тарабынан өзгөчө коркунучтуу рецидивисттер деп табылган,
ошондой эле коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу өнөкөт катары кылмыш жа-
саган адамдарга;
в) өзгөчө оор, оор жана азыраак оор кылмыш жасаган, акыркы өкүм
чыгарылгандан кийин издөөдө жүргөн адамдарга.
5-берене.
Ушул Мыйзамдын 1 жана 2-беренелеринин колдонулушуна туура келбеген
төмөндөгү соттолгон аялдардын жана эресеге жете электердин жазасынын
өтөлө элек мөөнөтү кыскартылсын:
а) абак-жатактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга - мөөнөтүнүн үч-
төн бир бөлүгү;
б) атайылап жасаган кылмышы үчүн 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен
ажыратууга соттолгондорго - мөөнөтүнүн төрттөн бир бөлүгү;
в) атайылап жасаган кылмышы үчүн 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен
ажыратууга соттолгондорго - мөөнөтүнүн бештен бир бөлүгү.
6-берене.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө таркалбайт:
а) ушул Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо,
жазаны өтөө мезгилинде атайылап кылмыш жасаган адамдарга;
б) мурда жазаны өтөөдөн бошотуу жагында мунапыс жана кечирим берүү
актылары колдонулган жана кайрадан атайылап кылмыш жасаган адамдарга;
в) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык жаза
өтөөнүн белгиленген тартибин одоно бузуучулар деп табылган адамдарга;
г) жазык жоопкерчилигинен бошотулган, кылмыштын натыйжасында кел-
тирилген зыянды төлөп бербеген адамдарга.
7-берене.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөндөгү адамдарга таркалат:
Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолгондорго;
башка мамлекеттердин соттору тарабынан соттолуп, жаза мөөнөтүн
Кыргыз Республикасынын аймагында өтөп жаткандарга. Аларга мунапыс акты-
сын колдонуу жөнүндө маселе прокурордун санкциясы менен чечилет.
Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолгон, бирок анын че-
гинен тышкары жакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдарга карата мунапыс
актысын колдонуу тууралу маселе соттун өкүмүн аткаруу ишке ашырылып
жаткан мамлекеттин компетенттүү органынын токтому боюнча эл аралык ке-
лишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун же анын
орунбасарларынын санкциялары менен чечилет.
8-берене.
Айланасындагылар үчүн коркунуч келтирген оорулардан (кургак учук,
карантиндик жугуштуу оорулар, жыныстык оорулар) жапа чеккен адамдарга,
ошондой эле медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары дайындалган жана
ушул Мыйзамга ылайык жазаны өтөөдөн бошотулууга жаткан адамдарга карата
мунапыс актысы алар зарыл болгон дарылоо курсун аяктагандан кийин кол-
донулат.
9-берене.
Мунапыс актысын колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечим ар бир адамга
карата өзүнчө кабыл алынат. Соттолгон адам жөнүндө керектүү маалыматтар
болбогон учурда ага карата мунапыс актысын колдонуу тууралу маселени
кароо кошумча материалдар алынганга чейин кийинкиге калтырылат.
Мунапыс актысын колдонууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн тие-
шелүү органдар берген суроо-талаптар бардык уюмдар жана мекемелер,
ошондой эле кызмат адамдары тарабынан токтоосуз аткарылууга тийиш.
10-берене.
Жаза мөөнөтү кечирим берүү же мунапыс тартибинде мурда кыскартыл-
ган адамдарга карата мунапыс актысын колдонууда кечирим берүү же муна-
пыс жөнүндө актыга ылайык белгиленген жаза мөөнөтүнө таянуу керек.
11-берене.
Кылмыштардын же өкүмдөрдүн жыйындысы болгон учурда, эгерде кылмыш-
тардын бири ушул Мыйзамдын колдонулушуна туура келбесе, мунапыс актысы
эркиндикке чыгаруу бөлүгүндө колдонулбайт.
12-берене.
Ушул Мыйзамдын 5-беренесин колдонууда жазанын ушул Мыйзам күчүнө
кирген күнгө карата өтөлө элек мөөнөтүнө таянуу керек.
13-берене.
Төмөнкүлөр белгиленсин:
а) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин "в" пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-
га ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата ата-энелик укугунан ажыратыл-
баган жана 18 жаш курагына жете элек балдары, анын ичинде, асырап алын-
ган же камкорчулукка алынган балдары бар же болбосо курагына карабастан
I жана II топтогу майып балдары бар аялдар кирет;
б) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин "г" пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-
га ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата мыйзам тартибинде I жана II
топтогу майыптар деп табылган адамдар кирет;
в) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин "д" пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-
га кылмыш жасалган учурда 18 жаш курагына жетпеген адамдар кирет;
г) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин "ж" пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-
га ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата боюнда бар аялдар кирет.
14-берене.
Ушул Мыйзамды аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
а) жаза аткаруу органдарына жана мекемелерине - түзөтүү мекемеле-
риндеги соттолгон адамдарга карата;
б) тергөө органдарына - кылмыштары тууралуу иштер жана материалдар
ошол органдардын өндүрүшүндө турган адамдарга карата;
в) сотторго:
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кылмыштары тууралу иштери сот
өндүрүшүндө турган жана карала элек адамдарга карата, ошондой эле кыл-
мыштары тууралу иштери каралган, бирок өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек
адамдарга карата;
- өкүмдү аткаруу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
72-статьясында каралган тартипте кийинкиге калтырылган соттолгон адам-
дарга карата;
г) жазык-аткаруу инспекцияларына жана ички иштер органдарына - эр-
кинен ажыратууга сыноо мөөнөтү менен же ансыз шарттуу соттолгон адам-
дарга, ошондой эле жазаны аткаруудан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотул-
ган жана ички иштер органдарынын көзөмөлүндө турган адамдарга карата.
15-берене.
Ушул Мыйзамды колдонуу ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын)
прокурор тарабынан санкцияланган токтомунун негизинде, ошондой эле сот-
тун токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат;
токтомго соттолгон адамдын өздүк иши, алган сыйлыктары жана жаза-
лары жөнүндө маалымкаттар, мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени
чечүү үчүн зарыл болгон башка документтер тиркелет;
ушул Мыйзам соттор тарабынан колдонулган учурда прокурордун каты-
шуусу милдеттүү;
жазаны өтөө ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтому
прокурор тарабынан санкцияланган күндөн тартып же мунапыс актысын кол-
донуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып ток-
тотулат;
доо береселери бар адамдарга карата мунапыс актысын анын жазаны
өтөөдөн бошотуу бөлүгүндө колдонуу жөнүндө чечим алар өкүмдө белгилен-
ген материалдык зыяндарды толугу менен төлөп бергенден кийин кабыл алы-
нат.
16-берене.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу 1998-жылдын 1-январына чейин колдонууда
болгон Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган кылмыш-
тарды жасаган адамдарга да таркалат. Көрсөтүлгөн адамдарга мунапыс ак-
тысын колдонууда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Кылмыш-жаза кодек-
си боюнча кылмыш курамынын окшоштугуна таянуу керек.
17-берене.
Мунапыска туура келген адам мүлкүн конфискациялоодон башка, негиз-
ги да, ошондой эле кошумча да жазадан бошотулат.
18-берене.
Бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кылмыш жасаган адамдарга карата
ушул Мыйзам колдонулат.
19-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, бардык дењгээлдеги жергиликтүү мам-
лекеттик администрациялардын башчылары төмөнкүлөргө көмөктөшүүнү камсыз
кылат:
а) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган эресеге жете элек-
терди алар жашаган жерлерине келгенден кийин өз учурунда эсепке алууга,
аларды ишке орноштурууга же ата-энелеринин, опека же камкорчулук орган-
дарынын көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө;
зарыл болгон учурларда аларды балдар үйлөрүнө, мектеп-интернаттар-
га алар жашаган жерлерине келгенден кийин эки жумадан кеч эмес мөөнөттө
жайгаштырууга; эресеге жете электердин иштери боюнча комиссиялардын,
ички иштер органдарынын, коомдук уюмдардын жана эмгек коллективдеринин
жазадан бошотулган эресеге жете электерди кайра тарбиялоо боюнча иште-
рин координациялоону жүзөгө ашырууга;
б) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган адамдардын бардыгын өз учу-
рунда эсепке алууну, алар жашаган жерлерине келген күндөн тартып эки
жумадан кеч эмес мөөнөттө ишке орноштурууну жана тиричилигин жөнгө са-
лууну; өздөрүнүн багуусуна ала турган жакын туугандары жок жазадан бо-
шотулган майыптарды жана карыларды майыптардын же карылардын үйлөрүнө
жайгаштырууну уюштурууга.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Адилет министрлиги
жана Саламаттыкты сактоо министрлиги башка органдар менен биргелешип
жазадан бошотулган, зарыл болгон дарылоо курсун аяктаган кургак учуктун
оор түрү менен ооруган адамдарды белгиленген тартипте эсепке алууну жа-
на атайын дарылоо мекемелерине жиберүүнү уюштурсун.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Адилет министрлиги
жана Тышкы иштер министрлиги башка мамлекеттердин жазадан бошотулган
жарандарын эсепке алсын жана өлкөнүн чегинен чыгарып жиберүүнү уюштур-
сун.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана
бирдей аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылсын.
20-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет жана алты ай-
дын ичинде аткарылууга жатат.
Эгерде ушул Мыйзамдын колдонулушу таркала турган адамдарга карата
мунапыс берүү актысы ушул Мыйзамды аткаруу үчүн жоопкер органдар тара-
бынан ушул беренеде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде колдонулбаса, мунапыс
берүү актысы башка ар кандай убакта колдонулушу мүмкүн.
Ушул Мыйзамдын көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбагандыгына күнөөлүү
адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-мартындагы № 4865-V "Аялдарга жана жашы жете электерге мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу…Постановление · 05.03.2015 · № 4865-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 4988-V «Аялдарга жана эресеге жете электерге мунапыс берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда…Постановление · 15.04.2015 · № 4988-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-майындагы № 5126-V "Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 21.05.2015 · № 5126-V
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы №140 "Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча 2010-жылы берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бириктирилген үчүнчү…Постановление · 29.07.2010 · № 140
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөЗакон · 18.03.2026 · № 26
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөЗакон · 18.03.2026 · № 26
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон