Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасы «Уулу ата мекендик согуштагы жеңиштин 60-жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 марта 2026 года № 26 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-03-18.
КР 2026-жылдын 18-мартындагы N 26 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 13-авгутсундагы № 147
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЫЙЗАМЫ
УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТАГЫ ЖЕЊИШТИН 60 ЖЫЛДЫГЫНА
БАЙЛАНЫШТУУ МУНАПЫС БЕРүү ЖӨНүНДӨ
2005-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши
тарабынан кабыл алынган
Жалпы кабыл алынган адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлап,
гумандуулуктун жана боорукерликтин принциптерине негизденип, Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 57-статьясын жетекчиликке алып, Улуу
Ата Мекендик согуштагы Жењиштин 60 жылдыгына байланыштуу:
1-статья. Кылмыш -жаза жоопкерчилигинен жана эркиндигинен ажыратуу
түрүндөгү жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен
байланышпаган жазадан төмөндөгүлөр бошотулсун:
а) СССРдин жана Кыргыз Республикасынын таламдарын коргоо боюнча
согуштук аракеттерге, ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги кыйроону жоюуга
катышкан адамдар;
б) ушул статьянын «а» пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын жесирлери;
в) 55 жаштан ашкан аялдар;
г) 60 жаштан ашкан эркектер;
д) үй - бүлөсүндө жашы жете элек кеминде эки баласы, же багуусунда
1 - топтогу майып ата -энеси бар, жападан жалгыз багуучу болгон
адамдар;
е) 1-жана 2 -топтогу майыптар жана III, IV баскычтагы коркунучтуу
шишик оорусу менен ооругандар;
ж) 5 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон жашы жете
электер;
з) ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлө элек
мөөнөтү 1 жылдан аз калган адамдар;
и) оор эмес жана анча оор эмес кыл_мыш жасагандыгы үчүн
соттолгондор.
2-статья. Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 336 -
статьясынын биринчи бөлүгүндө жана экинчи бөлүгүнүн 1, 2 -
пункттарында ("Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу"), 337
- статьясынын ("Эркиндигинен ажыратуу түрундөгү жазаны өтөөдөн баш
тартуу"), 359 - статьясында ("Бөлукту же кызмат ордун өзү билип таштап
кетүү"), 360 - статьясынын биринчи бөлүгундө ("Аскердик кызматтан
качуу") каралган кылмыштар учүн, эгерде алар ушул Мыйзам жарыяланган
күндөн тартып үч айдын ичинде жазаны өтөө жерине, камакта кармалган
жерине жана аскер кызматын өтөө жерине өз ыктыяры менен кайтып
келишсе, кылмыш - жаза жоопкерчилигинен бошотулсун.
3-статья. Ушул Мыйзамдын 1 - статъясы төмөндөгүлөргө колдонулбайт:
а) Кыргыз Республикасынын 1997 -жылдын 1 - октябрындагы Кылмыш -
жаза кодексинин 97-статъясы (ушул Мыйзамдын 1 - статьясынын "в"
пунктунда көрсөтүлгөндөн тышкаркы адамдар), 104 -статьясынын экинчи,
үчүнчү жана төртунчү бөлуктөрү, 123 - статьясынын экинчи жана үчүнчү
бөлүктөру, 124 - статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 125 -
статьясынын үчүнчү бөлүтү, 129 - статьясы, 130-статьясынын экинчи жана
учүнчү бөлүктөру, 132, 133-статьялары, 156 - статьясынын төртунчү
бөлүгү, 164 - статьясынын үчүнчү бөлүгу, 165 - статьясынын үчүнчү
бөлүгү, 166 - статьясынын үчүнчү бөлүгу, 167-169 -статьялары, 170 -
статьясынын экинчи жана учүнчү бөлүктөрү, 172 - статьясынын экинчи
жана үчүнчү бөлүктөрү, 181 - статъясынын экинчи бөлугү, 183
статьясынын үчүнчү бөлугү, 188 - статьясынын үчүнчү бөлүгу, 198 -
статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 204 - статьясынын экинчи,
үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөру, 208 - статьясынын экинчи бөлугу, 226,
227, 229 - 233 - статьялары, 234 - статьясынын 3 -пунктунун экинчи
жана үчүнчү бөлүктөру, 240 - статьясынын учүнчү бөлүгү, 245 - 248 -
статьялары, 258 - статъясынын үчунчу бөлүгү, 280 - статьясынын үчүнчү
бөлүгү, 282 - статьясынын учүнчү бөлугү, 283 - статьясынын учүнчү
бөлүгү,287 - статьясынын учунчү бөлүгү, 292 - 299 - статьялары, 303-
316 -статьялары, 319 - статьясы, 320 - статьясынын төртунчү бөлүгү,
322 - статьясынын экинчи бөлүгу, 325 - статьясынын төртунчү бөлүгү,
328 - статьясынын экинчи бөлүгү, 332 - статьясынын төртүнчү бөлүгү,
336 - статьясынын экинчи бөлүтү, 340 - статьясы, 341 - статьясынын
экинчи бөлүтү, 345, 373 - 376 - статьялары менен каралган кылмыштарды
жасаган адамдарга.
б) Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 97, 129-
статьялары, 164 -статьясынын үчүнчү бөлүгу, 165 - статьясынын үчүнчү
бөлүгү, 167 -статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 168, 169, 226,
227, 229 - 233 - статьялары, 234 - статьясынын экинчи бөлүгүнүн 3 -
пункту жана үчүнчү бөлүгү, 246 - статьясынын үчүнчү бөлүгу, 247, 248,
292 - 296, 298, 299, 345, 373 - 376 - статьялары менен каралган
кылмыштарды жасаган жашы жете элек адамдарга.
4-статья. Ушул Мыйзамдын 1 - статьясынын колдонулушуна дал келбеген
төмөнкүдөй адамдардын жазасынын өтөлбөгөн мөөнөтү кыскартылсын:
а) абак - жатактарда жаза мөөнөтун өтөп жаткан соттолгондорго -
мөөнөтүнүн жарымы;
б) атайлап жасаган кылмыштары үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - мөөнөтунүн жарымы;
в) атайлап жасаган кылмыштары үчүн 10 жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратуута соттолгондорго - мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү;
г) атайлап жасаган кылмыштары үчүн 15 жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - мөөнөтүнүн төрттөн бир
бөлүгү;
д) атайлап жасаган кылмыштары үчүн 15 жылдан ашык мөөнөткө
эркиндигинен ажыратуута соттолгондорго - мөөнөтунүн бештен бир бөлүгү;
е) атайлап жасаган кылмыштары үчүн 10 жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратылып тарбия абагында жазасын өтөп жаткан жашы жете
элек соттолгондорго - мөөнөтүнүн жарымы;
ж) атайлап жасаган кылмыштары үчүн 15 жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратылып тарбия абагында жазасын өтөп жаткан жашы жете
электерге - мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү.
"Улуу Ата Мекендик согуштагы Жењиштин 60 жылдыгына байланыштуу
мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жарыялангандан
тартып, үч айдын ичинде ушул Мыйзамга ылайык жазасынын мөөнөту
кыскартылган адамдарга жаза мөөнөтүнүн жаныдан эсептелиши жана жазасын
өтөөнүн аяктаар күнү тууралу жазуу жүзундө маалымат берилүүгө тийиш.
5-статья. Ушул Мыйзам төмөнкулөргө колдонулбайт:
а) өлүм жазасы турүндөгү жаза ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен
ажыратууга алмаштырылган адамдарга;
б) жазасын өтөп жаткан мезгилде атайлап кылмыш жасаган адамдарга.
в) мурда мунапыс колдонулган же ырайым кылынган жана кайрадан
атайлап кылмыш жасаган адамдарга.
6-статья. Ушул Мыйзамдын кучү Кыргыз Республикасынын соттору,
ошондой эле башка мамлекеттердин соттору тарабынан соттолгон жана
жазаны Кыргыз Республикасынын аймагында өтөп жаткан адамдарга
колдонулат.
Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолгон, бирок жазасын
өлкөнүн чегинен тышкары жерде өтөп жаткан адамдарга карата мунапыс
берүү актысын колдонуу жөнундө маселе Кыргыз Республикасынын Башкы
прокурорунун же анын орун басарынын санкциясы менен соттун өкүмү
аткарылуучу аймактагы мамлекеттин компетентгуү органынын токтому
боюнча эл аралык келишимдердин негизинде чечилет.
7-статья. Айланасындагыларга коркунуч келтирүүчү илдеттер менен
(кургак учук, карантиндик инфекциялар, жыныс оорулары), ошондой эле
медициналык мүнөздөгү мажбурлап айыктыруу чаралары колдонулган жана
ушул Мыйзамга ылайык жазадан бошотулууга тийиш болгон адамдарга,
мунапыс берүү актысы зарыл болгон дарылоо курсу аяктагандан кийин
колдонулат.
8-статья. Мунапыс актысын колдонуу же колдонбоо жөнундөгү чечим ар
бир адамга карата жекече кабыл алынат. Соттолгон адам тууралу зарыл
маалыматтар жок болсо, мунапыс берүү актысын колдонуу жөнүндө маселе
кошумча материалдарды алганга чейин кийинкиге калтырылат. Ушул
Мыйзамды аткаруу милдети жүктөлгөн органдарга тийиштүү мекемелерден
мунапыс берүү актысын колдонуу менен байланышкан маселелерди чечүү
үчүн зарыл болгон материалдарды суроо — талап кылуу укугу берилет.
Мындай суроо — талаптар бардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле
кызмат адамдары тарабынан токтоосуз аткарылуута тийиш.
9-статья. Мурда ырайым кылуу же мунапыс берүү тартибинде жаза
мөөнөтү кыскартылган адамдарга карата мунапыс актысын колдонууда
ырайым кылуу же мунапыс берүү жөнүндөгү актыларга ылайык белгиленген
жаза мөөнөтунө негизденуу керек.
10-статья. Кылмыштардын же өкумдөрдүн бир тобу болгондо, эгерде
кылмыштарынын бири ушул Мыйзамдын кароосуна туура келбесе, мунапыс
берүү колдонулбайт.
11-статья. Ушул Мыйзамдын 4 —статьясын колдонгондо ушул Мыйзамдын
күчүнө кирген күнунө карата жазанын өтөлбөгөн мөөнөтүнө негизденүү
керек.
12-статья. I жана II топтогу майыптар катары алардын майыптуулугу
ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата кылмыш — жаза — аткаруу
тутумунун атайын врачтык комиссиянын медициналык кызматы тарабынан
аныкталган, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
тиешелүү корутундусу менен тастыкталган адамдарды эсептөө керек.
13-статья. Ушул Мыйзамды аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
а) жазаны аткарууну жүргүзүүчү органдарга — түзөтүү мекемелериндеги
соттолгондорго карата;
б) тергөө органдарына — кылмыш жасагандыгы жөнүндө иштери ушул
органдардын өндүрүшундө турган адамдарга карата;
в) сотторго:
— кылмыш жасагандыгы жөнүндө иштери сот өндүрүшүндө турган жана
ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин каралбаган адамдарга карата, ошондой
эле кылмыш жасагандыгы жөнүндө иштери каралып, бирок өкүмдөр мыйзамдуу
күчүнө кире элек адамдарга карата;
— өкүмдүн аткарылышы Кыргыз Республикасынын Кылмыш —жаза кодексинин
72 — статьясы менен белгиленген тартипте кийинкиге калтырылган
соттолгон адамдарга карата;
г) ички иштер органдарына — эркиндигинен ажыратууга шарттуу сынак
мөөнөтү менен соттолгон, ошондой эле жаза мөөнөтүн өтөөдө мөөнөтүнөн
мурда шарттуу бошотулган жана ички иштер органдарынын контролу астында
турган адамдарга карата.
14-статья. Ушул Мыйзамдын 1, 2 — статьяларында көрсөтүлгөн,
этиятсыздыктан кылмыш жасагандардан башка адамдарга карата мунапыс
актысын колдонуу жөнүндө чечим алар өкумдө белгиленген зыяндарды толук
төлөп беришкенден кийин кабыл алынат.
Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдарга карата ушул Мыйзамдын
аткарылышы түзөтүү мекемесинин зардалынын сунуштамасы боюнча соттун
чечими менен жүргүзүлөт. Сунуштамага соттолгон адамдын өздүк делосу,
сыйлоо жана жазалоо тууралу маалымкат жана мунапыс актысын колдонуу
маселесин чечүү үчүн зарыл болгон башка документтер тиркелет.
Тергөө жана ички иштер органдары кабыл алган мунапыс актысын
колдонуу жөнүндө чечимдер прокурор тарабынан санкцияланат.
Соттор тарабынан мунапыс актысын колдонгон учурда прокурор сөзсүз
катышат.
15-статья. Ушул Мыйзамдын күчү 1998 —жылдын 1—январына чейин
колдонулган Кыргыз Республикасынын Кылмыш —жаза кодекси менен каралган
кылмыш жасаган адамдарга да колдонулат. Аталган адамдарга мунапыс
берүү актысын колдонгондо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Кылмыш —
жаза кодекси боюнча кылмыш курамынын окшоштугуна негизденүү керек.
16-статья. Мунапыска дал келген адамдар, мүлкүн конфискациялоодон
тышкары, негизги да, кошумча да жазадан бошотулат.
17-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулушуна ушул Мыйзам күчүнө киргенге
чейин кылмыш жасаган адамдар туш болушат.
18-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтуү мамлекеттик
администрациялардын жана Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өзалдынча
башкарууларынын, айыл өкмөтүнүн башчылары төмөндөгүлөргө көмөк
көрсөтүунү камсыз кылышат:
а) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган жашы жете электерди
жашаган жерине келгенден кийин өз убагында каттоого алууга, алардын
ишке орношуусуна же ата —энелерине, көзөмөлдүк же камкордук көрүу
органдарына өткөрүп берилишине, зарыл учурларда алар жашаган жерине
келген кундөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен алардын
балдар үйлөрүнө, жатак мектептерге жайгаштырылышына, жашы жете
электердин иштери боюнча комиссиялардын, ички иштер органдарынын,
коомдук уюмдардын жана эмгек жамааттарынын жазадан бошотулган жашы
жете электерди кайра тарбиялоо боюнча иштерин координациялоону
жүргүзүүну;
б) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган бардык адамдарды өз убагында
каттоого алууну уюштурууга, алар жашаган жерине келген күндөн тартып
эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен ишке орноштурууга жана турмуш —
тиричилик жагынан жардам берүүгө; багар —көрөрү жок жазадан бошотулган
майыптарды жана кары — картањдарды майыптар жана кары — картањдар
үйлөрүнө жайгаштырууну.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлиги башка органдар менен биргелешип,
белгиленген тартипте кургак учуктун оор түрү менен ооруп жазадан
бошотулгандарды каттоого алууну жана атайын дарылоо мекемелерине
жөнөтүунү уюштурсун. Азыркы иштеп жаткан кургак учук мекемелеринин
базасында багар — көрөрү жок майыптар, кары — картандар жана кургак
учук менен ооругандарды багуу үчүн хоспистик бөлүм уюштурулсун.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы
иштер министрлиги башка мамлекеттердин жазадан бошотулган жарандарын
каттоого алууну жана өлкөдөн чыгарып жиберүүнү уюштурсун. Кыргыз
Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бир беткей
аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылсын.
19-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет жана
алты айдын ичинде аткарылууга тийиш.
Эгерде ушул статьяда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамды
аткаруу үчүн жооптуу болгон органдар тарабынан ушул Мыйзамдын күчү
колдонула турган адамдарга карата мунапыс берүү актысы колдонулбаса,
мунапыс берүү актысы башка ар кандай убакта колдонулушу мүмкүн. Ушул
Мыйзамды көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбашына күнөөлүү болгон адамдар
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөЗакон · 18.03.2026 · № 26
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөЗакон · 18.03.2026 · № 26
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон