209-берене. Алдамчылык
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 28-глава
1. Алдамчылык, башкача айтканда, алдоо же ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен башка бирөөнүн мүлкүн же мүлккө болгон укугун ээлеп алуу, ошого тете келишимдик милдеттенмелерди атайылап аткарбоо менен байланышкан олуттуу эмес өлчөмдө жасалган алдамчылык, -
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ушул беренесинин 1-бөлүгүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосун:
1) олуттуу өлчөмдө;
2) адамдардын тобу тарабынан;
3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
4) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды же Интернет тармагын пайдалануу менен, -
мүлкүн конфискациялоо менен эки жылдан төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосун:
1) ири өлчөмдө;
2) эки же андан көп адамдарга карата, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосундар:
1) өзгөчө ири өлчөмдө:
2) уюшкан топ тарабынан;
3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;
4) кызматтык абалын пайдалануу менен;
5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -
мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Менчик ээсине же башка ээлик кылуучуга келишимдик милдеттенмелерди атайылап аткарбоодон ал келтирген зыяндын ордун ыктыярдуу толтурган учурда, эгерде анын аракеттеринде башка кылмыштын белгилери болбосо, мындай адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулат. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 250, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
209-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 ноября 2025 года № 250 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
11.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кылмыштуу коомдоштуктун курамында;
4) кызматтык абалын пайдалануу алынып салынды: менен, кошулду: менен;
5) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде -
мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир … мындай адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулат.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № алынып салынды: 250 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 250, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 29 мая 2020 года № 8 «О судебной практике по делам о мошенничестве, присвоении или растрате вверенного имущества»Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 46
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.07.2023 · № 149
- КОММЕНТАРИЙ К УГОЛОВНО-ПРОЦЕССУАЛЬНОМУ КОДЕКСУ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (ОСОБЕННАЯ ЧАСТЬ)Комментарий
- Об амнистии в честь 7-й годовщины независимости Кыргызской Республики и 50-летия всеобщей декларации прав человекаЗакон · 14.01.1999 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 декабря 2002 года №849 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской…Постановление · 13.12.2002 · № 849 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 05.03.2020 · № 134 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-209" title="209-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>