2091-берене. Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 28-глава
1. Банктын жана банктык кызматтарды көрсөтүүчү башка жактын, виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн кардары, электр байланыш операторунун абоненти тарабынан үчүнчү жактарга электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды аларды ачуу мүмкүнчүлүгүн жана башкарууну берүү менен, үчүнчү жактардын көрсөтмөсү боюнча жана алардын кызыкчылыктарында укук ченемсиз аракеттерди жасоо максатында атайылап берүү же сатуу, эгерде бул олуттуу эмес өлчөмдө зыян келтирүүгө алып келсе, -
200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.
2. Ошол эле жосун:
1) олуттуу өлчөмдө зыян келтирүү менен;
2) адамдардын тобу тарабынан;
3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса, -
эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар:
1) ири өлчөмдө зыян келтирүү менен;
2) өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган адам тарабынан жасалса, -
100ден 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү менен;
2) уюшкан топ тарабынан;
3) кылмыштуу коомдоштук курамында жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен, беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган кылмышты биринчи жолу жасаган, кылмыштардын бетин ачууга же бөгөт коюуга, аларды жасаган адамдардын бетин ачууга көмөк көрсөткөн адам, эгерде анын аракетинде башка кылмыштын курамы жок болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Ушул беренеде электрондук төлөм каражаттары деп адамга акча каражаттарын башкарууга мүмкүндүк берген инструменттер (банктык эсеп, банктык төлөм картасы, электрондук капчык, интернет банкинг, акча каражаттарын башкарууга мүмкүндүк берген мобилдик тиркеме) түшүнүлөт.”. (Кыргыз Республикасы 2025-жылдын 18-июлундагы № 15 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2091-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-2091" title="2091-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>