Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 3-ноябры № 250 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 58-берененин 6-бөлүгүндө "209-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө" деген сөздөр "209-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 88-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) кылмыш аркылуу келтирилген зыяндын ордун толтурганда;";
3) 92-беренесинин 6-бөлүгү "ошондой эле" деген сөздөрдөн кийин "алдамчылык," деген сөз менен толукталсын;
4) 209-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"209-берене. Алдамчылык
1. Алдамчылык, башкача айтканда, алдоо же ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен башка бирөөнүн мүлкүн же мүлккө болгон укугун ээлеп алуу, ошого тете келишимдик милдеттенмелерди атайылап аткарбоо менен байланышкан олуттуу эмес өлчөмдө жасалган алдамчылык, -
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ушул беренесинин 1-бөлүгүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосун:
1) олуттуу өлчөмдө;
2) адамдардын тобу тарабынан;
3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
4) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды же Интернет тармагын пайдалануу менен, -
мүлкүн конфискациялоо менен эки жылдан төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосун:
1) ири өлчөмдө;
2) эки же андан көп адамдарга карата, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосундар:
1) өзгөчө ири өлчөмдө:
2) уюшкан топ тарабынан;
3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;
4) кызматтык абалын пайдалануу менен, -
мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Менчик ээсине же башка ээлик кылуучуга келишимдик милдеттенмелерди атайылап аткарбоодон ал келтирген зыяндын ордун ыктыярдуу толтурган учурда, эгерде анын аракеттеринде башка кылмыштын белгилери болбосо, мындай адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулат.";
5) 370-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-ноябрында № 85 (3741) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 25-сентябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127