153-берене. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн тартиби жана анын натыйжалары боюнча кабыл алынуучу чечимдер
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 20-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259
1. Тергөөчү, прокурор ушул Кодекстин 148-беренесинде каралган сотко чейинки өндүрүштү баштоого себеп болгон учурдан тартып тергөөгө чейинки текшерүүнү баштоого милдеттүү, анын жүрүшүндө төмөнкүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу:
1) окуя болгон жерди кароого жана өлүктү кароого;
2) ушул Кодекстин 196-203-беренелеринин талаптарын сактоо менен күбө катары суракка алууга;
21) тараптар өз алдынча элдешкен учурларды кошпогондо, аларды медиациялык маалыматтык жолугушууга жөнөтүүгө;
3) экспертизаларды жүргүзүүнү дайындоого;
4) ушул Кодекстин 236-беренесинде каралган тартиптен тышкары, салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү алууга ;
5) документтерди жана буюмдарды талап кылууга;
6) изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө аткарылышы милдеттүү болгон жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды алгачкы текшерүү органына берүүгө.
2. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжалары боюнча тергөөчү, прокурор төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) кылмыш ишин козгоо жөнүндө;
2) кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө.
3. Кылмыш ишин козгоо же аны козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим, сотко чейинки өндүрүштүн башталышына карата себеп катталган учурдан тартып токтоосуз, бирок 10 суткадан кечиктирилбестен кабыл алынууга тийиш.
Көрсөтүлгөн мөөнөттө чечим кабыл алууга мүмкүн болбогон учурда, бул мөөнөт тергөөчүнүн жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча төмөнкү жагдайлардын бири болгондо прокурор тарабынан 20 суткага чейин узартылышы мүмкүн:
3) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда.
1) аларды жүргүзүү үчүн узак убакытты талап кылган экспертизаларды, кызматтык териштирүүлөрдү, документалдуу ревизияларды дайындаганда;
2) алыскы жерлерде жүргөн же чакыруулар боюнча келүүдөн качкан күбөлөрдү суракка алуу зарылдыгы.
4. Кылмыш ишин козгоо жөнүндө же аны козгоодон баш тартуу тууралуу арыз же кылмыш жөнүндө билдирүү келип түшкөн адамга билдирилет. Анын өтүнүчү боюнча тиешелүү токтомдун көчүрмөсү берилет.
5. Эгерде алынган арызда, билдирүүдө укук бузуу жөнүндө маалымат болсо, тергөөчү, прокурор материалдардын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте же дисциплинардык тартипте кароого жиберүүгө милдеттүү.
Эгерде арыздарды же билдирүүлөрдү кароо башка органдардын карамагына таандык болсо, тергөөчү, прокурор арызды караштуулугу боюнча кароо үчүн жиберет.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 183, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, мамлекеттик жана расмий тилдеги айырмачылыктар бар
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
153-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 ноября 2024 года № 183 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор…Постановление · 09.11.2007 · № 543 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
- 148-берене. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн тартиби жана анын натыйжалары боюнча кабыл алынуучу чечимдер
- 196-берене
- 197-берене
- 198-берене
- 199-берене
- 200-берене
- 201-берене
- 202-берене
- 203-берене
- 236-берене
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-153" title="153-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>