Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2024-жылдын 19-ноябры № 183
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 37-берененин 1-бөлүгүндө:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-пункттар менен толукталсын:
"11) сотко чейинки өндүрүштү баштоого жана (же) жүргүзүүгө;"; "12) кылмыш ишин козгоого;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:
"61) алгачкы текшерүү органына тергөө судьясынын токтомунун негизинде алып коюуну жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырма берүүгө;";
2) 39-берененин 2-бөлүгүндө:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) ушул Кодекстин 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган тартипте сурак жүргүзөт;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51) тергөө судьясынын токтомунун негизинде алып коюуну жүргүзүү жөнүндө тергөөчүнүн жазуу жүзүндө тапшырмасын аткарат;";
3) 152-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"152-берене. Жасалган кылмыштын фактысы боюнча алгачкы текшерүү органынын аракеттери Жасалган кылмыштын фактысы боюнча алгачкы текшерүү органы окуя болгон жерди кайтаруу, кылмыш издерин сактоо боюнча зарыл чараларды көрөт, ошондой эле кылмыш жасаган адамды табуу, уурдалган мүлктү издеп табуу, далил катарында пайдаланылышы мүмкүн болгон иш жүзүндөгү маалыматтарды аныктоо максатында изин суутпай издөө иштерин жана кечиктирилгис аракеттерди жүзөгө ашырат, ушул Кодекстин 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган тартипте сурак жүргүзөт.";
4) 153-берененин 5-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгаргандан кийин" деген сөздөр алып салынсын;
5) 170-берененин 7-бөлүгү "тергөөчү," деген сөздөн кийин "алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 90 (3644) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 17-октябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129