196-берене. Суракка чакыруунун тартиби
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 25-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 октября 2026 года № 148
1. Күбө, жабырлануучу, ошондой эле эркиндикте жүргөн шектүү же болбосо айыпталуучу суракка чакыруу кагазын жөнөтүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилүүчү чакыруу кагазы менен чакырылат. Анда ким жана кандай сапатта, кимге жана кайсыл дарекке чакырылып жаткандыгы; суракка келүү убактысы (күнү, сааты), адвокатты чакыруу укугу, ошондой эле жүйөлүү себептерсиз келбей коюунун кесепеттери көрсөтүлүүгө тийиш.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу чакыруу кагазын жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, чакыруу кагазы тиешелүү чакыруу кагазы жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, кабарлоо кол койдуруп алуу менен тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоосу бар тапшырык кат аркылуу жиберилүүчү чакыруу кагазы менен жүзөгө ашырылат. Чакырылуучу жок болгон учурда, ага өткөрүп берүү үчүн чакыруу кагазы анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине колун койдуруп алуу менен тапшырылат. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. (КР 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Суракка чакырылуучу адам дайындалган мөөнөттө келүүгө же келбей калган себептери жөнүндө тергөөчүгө алдын ала билдирүүгө милдеттүү. Суракка чакырылган адам жүйөлүү себептерсиз келбеген учурда, мажбурлап алып келиниши мүмкүн.
4. Камакта кармалган адамдар камакта кармоочу жайдын администрациясы аркылуу суракка чакырылат.
5. Баланы күбө же жабырлануучу катары чакыруу анын ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу жүргүзүлөт.
6. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары көрсөтмө берүү үчүн аскер бөлүгүнүн командачылыгы аркылуу чакырылат. Калган аскер кызматчыларына карата суракка чакыруунун адаттагы тартиби колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
196-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-196" title="196-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>