198-берене. Суракты жүргүзүүнүн жалпы эрежелери
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 25-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2024 года № 160
1. Сурактын алдында тергөөчү суралып жаткан адамдын инсандыгы жөнүндө маалыматтарды аныктоого тийиш. Эгерде суралып жаткан адам иш боюнча териштирүү жүргүзүлүп жаткан тилде сүйлөрү шек туудурса, ал кайсы тилде көрсөтмө берүүнү каалай тургандыгы аныкталат.
2. Суракка чакырылган адамга анын ушул Кодексте каралган укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт, ал жөнүндө протоколго белги коюлат. Күбө же жабырлануучу катарында суракка чакырылган адамдар көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же четтегендиги, ошондой эле билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө эскертилет.
3. Дудук же дүлөй күбөнү, жабырлануучуну, шектүүнү, айыпталуучуну суракка алуу сурдокотормону билген адамдын катышуусу менен ишке ашырылат. Бул адамдын суракка катышуусу протоколдо чагылдырылат. Суралып жаткан адамда психикалык же башка оор оорусу болгон учурда, сурак врачтын уруксаты менен жана анын катышуусунда жүргүзүлөт.
Эгерде сурактын жүрүшүндө көзү азиз адамга текст менен таанышуу, документтерге кол коюу же берилген фото жана видеоматериалдарды баяндап жазуу талап кылынса, көзү азиз күбөнү, жабырлануучуну, шектүүнү, айыпталуучуну суракка алуу ассистенттин катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
4. Сурак суралып жаткан адамга белгилүү болгон иштин жагдайлары жөнүндө айтып берүүнү сунуш кылуудан башталат. Эгерде суралып жаткан адам ишке такыр эле тиешеси жок жагдайлар жөнүндө айтса, ага буга көрсөтмө берилет.
5. Эркин аңгемелешүүдөн кийин суралып жаткан адамга көрсөтмөлөрдү тактоого жана толуктоого багытталган суроолор берилиши мүмкүн. Ошондой эле эркин аңгемелешүүдөн кийин суралып жаткан адам өзүнүн көрсөтмөсүн өз колу менен жазып берүүгө укуктуу. Суралып жаткан адам көрсөтмөсүн өз колу менен жазып, ага кол койгондон кийин тергөөчү толуктоочу жана тактоочу суроолорду берет. Багыттама суроолорду берүүгө тыюу салынат.
6. Ар кандай берилүүчү суроолор тергөө этикасынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. Суроолор так, түшүнүктүү, кыска болууга тийиш, тергөөчүнүн ырастоолорун жана баалоолорун камтууга тийиш эмес. Суракка алууда күч колдонуу, кыйноо, коркутуу же башка мыйзамсыз таасир көрсөтүү чараларын колдонуу мыйзам менен белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.
7. Эгерде көрсөтмөлөр эстеп калууга кыйын болгон цифралык маалыматтар же башка маалыматтар менен байланыштуу болсо, суралып жаткан адам документтерди жана жазууларды пайдаланууга укуктуу, алар суралып жаткан адамдын өтүнүчү же макулдугу боюнча протоколго тиркелиши мүмкүн.
8. Эгерде сурактын жүрүшүндө суралып жаткан адамга буюм далилдери жана документтер көрсөтүлүп, башка тергөө аракеттеринин протоколдору айтылып жана башка тергөө аракеттеринин аудио жана (же) видеожазууларынын материалдары коюлууга, анда суракка алуунун протоколунда бул жөнүндө тиешелүү жазуу түшүрүлөт. Мында протоколдо суралып жаткан адамдын көрсөтмөлөрү, коюлган далилдер, жарыя кылынган протоколдор, тергөө аракеттеринде коюлган аудио жана (же) видеожазуулар боюнча маалыматтар чагылдырылат.
9. Суракта мыйзамды бузуу менен алынган далилдерди көрсөтүүгө жол берилбейт.
10. Адам мыйзамда тикелей тыюу салынган жүйөлөр боюнча же аны, жакын туугандарын, жубайын кылмыш жасоого шектенүү, айыптоо үчүн негиз болушу мүмкүн болгон, ошондой эле атайын тергөө аракеттерин жүргүзгөн адамдарга жана сотко чейинки өндүрүш органдары менен жашыруун кызматташып жатат деген адамдарга карата жагдайлар боюнча суроого жооп бербөөгө укуктуу.
11. Бир эле кылмыш иши боюнча чакырылуучу адамдар өз-өзүнчө суракка алынат, тергөөчү алар ар бири менен өзүнчө сурак жүргүзгөнгө чейин өз ара пикир алышпоосу үчүн чара колдонот.
12. Дипломатиялык кол тийбестик укугуна ээ болгон адамдар алардын өтүнүчү же алардын макулдугу боюнча гана суракка алынат.
13. Зарыл болгон учурларда кошумча же кайталап суракка алуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кошумча суракка алуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- суракка алуунун узактыгы суракка алынган адамдын иштин ага белгилүү болгон бардык жагдайлары жөнүндө көрсөтмө бериши үчүн жетишсиз болуп калса;
- суракка алынган адам иштин жагдайлары боюнча мурда берген көрсөтмөлөрүн толуктоону каалагандыгын билдирсе;
- иштин жагдайлары боюнча ал мурда берген көрсөтмөлөрүн тактоонун же толуктоонун зарылдыгы келип чыкса.
Кайталап суракка алуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- мурда суракка алынган адамга карата иш үчүн олуттуу жаңы маселелер келип чыкса;
- суракка алынган адам мурда берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүүнү каалагандыгын билдирсе;
- биринчи суракка алууда көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тарткан учурда, шектүүнүн, айыпталуучунун өзүнүн өтүнүчү боюнча.
14. Сурак үзгүлтүккө учураганда, протоколдо анын себеби чагылдырылат, ал суралып жаткан адамдын, ага катышкан адамдардын жана тергөөчүнүн коюлган колдору менен күбөлөндүрүлөт.
(КР 2024-жылдын 5-августундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
198-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 5 августа 2024 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"Редакцияларды салыштыруу
05.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…сурак врачтын уруксаты менен жана анын катышуусунда жүргүзүлөт. кошулду: Эгерде сурактын жүрүшүндө көзү азиз адамга текст менен таанышуу, документтерге кол коюу же берилген фото жана видеоматериалдарды баяндап жазуу талап кылынса, көзү азиз күбөнү, жабырлануучуну, шектүүнү, айыпталуучуну суракка алуу ассистенттин катышуусу менен жүзөгө ашырылат. 4. Сурак суралып жаткан адамга белгилүү болгон иштин жагдайлары … адамдардын жана тергөөчүнүн коюлган колдору менен күбөлөндүрүлөт. кошулду: (КР 2024-жылдын 5-августундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-198" title="198-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>