142-берене. Кылмыш иштерин бөлүп чыгуу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 19-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 26 июля 2023 года N 149
1. Тергөөчү, судья, сот кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө башка кылмыш ишин бөлүп чыгууга укуктуу:
1) турган жери белгисиз болгон же катуу оорулуу болгон айыпталуучуга карата;
2) (КР 2026-жылдын 24-июлундагы № 125 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) сот арачыларынын катышуусу менен соттон баш тарткан бир же бир нече айыпталуучуларга карата. Мында кылмыш ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүүгө мүмкүн болбосо, кылмыш иши жалпысынан сот арачыларынын катышуусу менен сот тарабынан каралат;
4) мамлекеттик сырларды коргоо менен байланышкан жабык соттук териштирүү үчүн негиздер башка айыпталуучуга тиешелүү болбосо, бирок тиешелүү болгон кээ бир айыпталуучуга карата;
5) эрезеге жеткендер менен бирге кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган балага карата.
6) алар күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзгөн учурда бир же бир нече айыпталуучуга карата;
7) эгерде айыпталуучу жосунду акыл-эси жайында эмес абалда жасагандыгы же кылмыш жасагандан кийин психикалык бузулуулар менен ооруп калгандыгы аныкталса, айыпталуучуга карата.
2. Кылмыш ишин бөлүп чыгуу тергөөчүнүн, судьянын, соттун токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт. Токтомго түп нускаларда же көчүрмөлөрдө бөлүп чыгарылуучу материалдардын тизмеги тиркелүүгө тийиш.
Документтердин түп нускалары болгон учурда алардын көчүрмөлөрү күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Эгерде иштин материалдарында түп нускалары көрсөтүлбөстөн документтердин көчүрмөлөрү гана бар болсо, мындай көчүрмөлөр күбөлөндүрүлүүгө тийиш эмес.
3. Кылмыш ишинин көлөмү чоң болгон же анын эпизоддору көп болгон учурларда кылмыш ишин бөлүп чыгууга, эгерде бул кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн ар тараптуулугуна жана объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбесе, анын ичинде кылмыш ишин тергөөнү аяктоо үчүн жол берилет.
4. Кылмыш жасаган белгисиз адамдарга карата кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүүгө тийиш. Бөлүнүп алынган кылмыш иши боюнча тергөөчү кылмышка катышкан шерикти аныктоо жөнүндө алгачкы текшерүү органына тапшырма берет.
5. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө айыпталуучу адамга карата сотто каралган кылмыш иши боюнча бөлүктө айрым адамдарга карата кылмыш ишинин мыйзамсыз кыскартылганы аныкталса, кылмыш ишинин материалдарынын ошол бөлүгү сот тарабынан бөлүнүп алынат жана прокурордун өтүнүчү боюнча ага жиберилет. Кылмыш ишинин мындай материалдарын бөлүп алуу судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт. Токтомго, аныктамага бөлүнүп алынуучу материалдардын тизмеги түп нускада жана көчүрмөлөрдө тиркелүүгө тийиш.
6. Тергөөчү кылмыш ишин бөлүү жөнүндө маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине токтоосуз киргизүүгө милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 149, 2026-жылдын 24-июлундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
142-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-142" title="142-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>