142-1-берене. Кылмыш ишинен материалдарды өзүнчө өндүрүшкө бөлүп чыгуу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 19-глава
1. Кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө же иш сотто каралып жаткан учурда башка адам тарабынан жасалган, тергелип жаткан иш боюнча айыпталуучуга жүктөлгөн кылмышка байланышпаган жаңы кылмыш жөнүндө белгилүү болгон учурда, тергөөчү, судья, сот кылмыш ишинен сотко чейинки өндүрүштү баштоо, ошондой эле белгилүү болгон кылмыш боюнча кылмыш ишин козгоо жана тергөө жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды ушул Кодекстин 148-151-беренелеринде каралган тартипте бөлүп чыгарат.
2. Кылмыш ишинен материалдарды бөлүп чыгуу тергөөчүнүн, судьянын, соттун токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт. Токтомго түп нускаларда же көчүрмөлөрдө бөлүп чыгарылуучу материалдардын тизмеги тиркелүүгө тийиш.
Документтердин түп нускалары болгон учурда алардын көчүрмөлөрү күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Эгерде иштин материалдарында түп нускалары көрсөтүлбөстөн документтердин көчүрмөлөрү гана бар болсо, мындай көчүрмөлөр күбөлөндүрүлүүгө тийиш эмес.
3. Тергөөчү кылмыш ишинен материалдарды бөлүп чыгуу жөнүндө маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине токтоосуз киргизүүгө милдеттүү.
(КР 2026-жылдын 24-июлундагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
142-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-142-1" title="142-1-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>