459-берене. Балага карата ишти өзүнчө өндүрүшкө бөлүү
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 54-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259
Чоңдор менен кошо кылмыш жасоого катышкан балага карата иш ушул Кодекстин 142-беренесинде белгиленген тартипте өзүнчө өндүрүшкө бөлүнөт. Эгерде ишти өзүнчө өндүрүшкө бөлүү мүмкүн болбосо, чоңдор менен кошо бир иш боюнча жоопкерчиликке тартылган балага ушул главанын эрежелери колдонулат. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу болжолдонуп жаткан иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүүгө тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
459-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-459" title="459-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>