Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
141-берене. Кылмыш иштерин бириктирүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 19-глава
1. Бир же бир нече кылмыш жасоого катышууда бир нече адамды айыптоо боюнча иштер, бир адамды бир нече кылмыш жасады деп айыптоо боюнча иштер, ошондой эле мындай кылмыштарды алдын ала билип туруп жашырууну айыптоо боюнча иштер бир ишке бириктирилиши мүмкүн. Кылмыш иштерин бириктирүү жөнүндө маалыматтар тергөөчү, прокурор тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине токтоосуз киргизилет.
Кылмыштардын бирдиктүү реестринде айыпталуучу адамдын башка кылмыштарды жасагандыгы жөнүндө маалыматтар болгондо, ага карата иш тергөө органы тарабынан токтоосуз бириктирилүүгө жатат.
2. Иштерди бириктирүү иштердин бири алардын өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт.
3. Бир нече иш бириктирилген иш боюнча өндүрүштүн мөөнөтү, убактысы боюнча биринчи козголгон иштин күнүнөн тартып эсептелет.
(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 26 июля 2023 года N 149 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
26.07.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бириктирүү иштердин бири алардын өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн, алынып салынды: прокурордун, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт.
3. Бир нече иш … убактысы боюнча биринчи козголгон иштин күнүнөн тартып эсептелет.
кошулду: (КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-141" title="141-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>