Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
31-берене. Айып пул
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 6-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 19 мая 2025 года № 95. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 июня 2026 года № 81
1. Айып пул укук бузууну жасоого күнөөлүү жакка сот, ыйгарым укуктуу орган тарабынан салынуучу мамлекеттин кирешесине өндүрүлүүчү акчалай жаза чарасы болуп саналат.
2. Айып пулдун өлчөмү укук бузуу жасалган учурда белгиленген эсептик көрсөткүчкө карата, ушул Кодексте түздөн-түз көрсөтүлгөн айрым учурларда - монополияга каршы жөнгө салуу жана атаандаштыкты өнүктүрүү чөйрөсүндө укук бузууларды жасагандыгы үчүн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражаттын эселенген суммасы менен аныкталат
3. Өлчөмү 5 эсептик көрсөткүчтөн кем болбогон, ушул Кодекстин 318-беренесинде каралган укук бузуулар үчүн салынган айып пулдарды кошпогондо, жеке жактарга салынуучу айып пулдун эң аз өлчөмү 10 эсептик көрсөткүчтөн кем болушу мүмкүн эмес.
Өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 76, 77, 771, 149, 193, 2841, 2842, 311, 312, 313 , 314, 320-1, 3721 373, 4132, 4133 жана 446-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, жеке жактарга салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.
4. Юридикалык жактарга салынуучу айып пулдун эң аз өлчөмү 50 эсептик көрсөткүчтөн кем болушу мүмкүн эмес.
Өлчөмү 2000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 76, 77, 771, 144, 149, 2841, 2842, 311, 312, 313, 314 346, 4132 жана 4133-беренелеринде каралган, өлчөмү 10000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 309-1, 318 жана 319-1-беренелеринде каралган жана өлчөмү 1500 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 3721 жана 373-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, юридикалык жакка салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 650 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш же аныктоо тартиби ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган эселенген чоңдукта көрсөтүлүшү мүмкүн.
5. Жеке же юридикалык жактын товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражаттын суммасынан эсептелген айып пулдун эң аз өлчөмү укук бузуу табылган мезгилде түшкөн каражатынын суммасынын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмасынын биринен кем болбоого тийиш.
Айып пулдун эң көп өлчөмү жеке же юридикалык жактын укук бузуу учурунда табылган мезгилде бардык товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражатынын суммасынын ондон биринен кем болбоого тийиш.
6. Укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражатынын суммасына, же болбосо укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда кеткен чыгашаларынын суммасына карата эсептелүүчү айып пулдун өлчөмү, эгерде укук бузуучу мурдагы календарлык жылда товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу же сатып алуу боюнча ишти жүзөгө ашырбаса, укук бузуу табылган жылдан мурдагы календарлык жыл үчүн, же болбосо укук бузуу табылган күндөн мурунку календарлык жылдын бөлүгү үчүн бардык товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражаттын суммасынын жыйынды өлчөмүнүн жыйырма бешинен ашпоого тийиш.
Укук бузуучунун мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды (тарифтерди, коюлган бааларды, ставкаларын жана ушул сыяктуу) мыйзамсыз жогорулатуусунун натыйжасында товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан алынган түшкөн каражатынын суммасынан эсептелүүчү айып пулдун өлчөмү, укук бузуу жасалган жөнгө салуунун бүт мезгилинде, бирок бир жылдан ашпаган мезгилде түшкөн ашыкча каражаттын эки эселик өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
7. Ушул беренени колдонуу максатында товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражат Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин "киреше" түшүнүгүнө ылайык, ал эми товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга чыгымдар Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык документ түрүндө ырасталган чыгымдар боюнча аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-июнундагы № 45, 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 7-июлундагы № 133 , 2024-жылдын 6-декбрындагы № 195 , 2025-жылдын 27-январындагы № 30 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 19-майындагы № 95, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 , 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 249, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 ноября 2025 года № 249 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 мая 2025 года № 95 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 27 января 2025 года, № 30 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"Редакцияларды салыштыруу
Дагы 4 өзгөртүү - документтин толук текстиндеги өзгөртүүлөр тарыхында
05.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 76, 77, 771, 149, кошулду: 193, 2841, 2842, 311, 312, 313 , 314, 320-1, 3721 373, 4132, 4133 жана … , 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 249, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 кошулду: , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-31" title="31-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>